Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Кризис жаңы жылдык кечелерди кыскартты


Жаңы жыл майрамындагы аяз аталар парады. 31-декабрь, 2013-жыл
Жаңы жыл майрамындагы аяз аталар парады. 31-декабрь, 2013-жыл

Жаңы жылды тосууга утурлай өткөрүлүүчү жамааттык кечелерди ишкана же мекеменин бюджетинен өткөрүү быйыл бир кыйла азайды. Жаңы жылдык корпоративдерге бейчеки чыгым коротуудан алыс болууга 19-декабрда өкмөт башчы Темир Сариев да чакырды.

Мунун ордуна айрым ишканалар кызматкерлерине жаңы жылдык кеченин жарым акысын өз чөнтөгүнөн чыгарууну сунуштаса, айрымдары таптакыр эле жаңы жылдык жамааттык кечеден баш тартып, каалаган кызматкерлер өз алдынча чогулуп, жаңы жылдык кече өткөрсө болорун билдиришкен.

Майрамдагың келеби, чөнтөгүңөн чыгар...

Эмгек жамаатына жаңы жылдык кече өткөрүп берүү үчүн 1,5 млн. сомго электрондук тендер өткөрүп, көпчүлүк элдин нааразы пикирине кабылган “Манас” эл аралык аэропорту биринчилерден болуп жаңы жылдык жамааттык кече өткөрүүдөн баш тартканын билдирип чыкты. Ага улай бир катар банктар, “Газпром нефть Азия” компаниясы да быйыл мекеменин эсебинен жамаатына жаңы жылдык кече өткөрүп берүүдөн баш тартканын билдиришти.

Ал эми бир катар мамлекеттик мекемелер жаңы жылдык кече үчүн атайын каражат каралбай турганын айтышууда. Мисалы, Каржы министрлигинде жаңы жылдык жамааттык кече үчүн министрликтин бюджетинде атайын каражат мурда деле каралчу эмес. Каалаган кызматкерлер өздөрүнүн чөнтөгүнөн төлөп, жаңы жылдык кечелерди уюштуруп келатышканын министрликтин басма сөз катчысы Назар Малаев “Азаттыкка” билдирди:

- Биздин министрликте майрам өткөрүү үчүн атайын каражат каралган эмес. Жаңы жылдык майрамды жамаат менен белгилөө кызматкерлердин эркине коюлган. Каалоочулар өз чөнтөгүнөн каржылап, чогулуп, майрамдап жүрүшөт. Ал эми жаңы жылда биздин министрликте иштеген кызматкерлердин балдарына берилүүчү белекке кесиптик кошуундагы фонддун акчасынан сарпталат.

Жаңы жылдык белектерди жана бумдарды саткан жер. Бишкек
Жаңы жылдык белектерди жана бумдарды саткан жер. Бишкек

Дээрлик ар бир ишкана-мекемелерде кесиптик кошуун бар. Айрым мекемелер жаңы жылдык майрамды белгилөөгө мына ушул кесиптик кошуундардын фондундагы каражаттан да сарптап жатышканы белгилүү болду. Улуттук банктын кызматкерлери майрамды жыл сайын өздөрүнүн чөнтөгүнөн жана кесиптик кошуундагы каражаттын эсебинен майрамдашат дейт Улуттук банктын маалымат катчысы Софья Балакина:

- Бизде дайыма жамааттык кечелер кызматкерлердин каражатына өткөрүлөт. Кандайдыр бир бөлүгү кесиптик кошуундун фондундагы каражаттан төлөнөт. Сиздер билгендей, бул фонддогу каражат да кайра эле кызматкерлердин акчасы. Бул жылы да бизде жаңы жылдык жамааттык кече ушундай эле жол менен өткөрүлөт.

Ала-Тоо аянтындагы балаты. Бишкек шаары
Ала-Тоо аянтындагы балаты. Бишкек шаары

Софья Балакина кошумчалагандай, майрамда кызматкерлердин балдарына берилүүчү белектер да кесиптик кошуундун фондунан каржыланат. Бирок Улуттук банктын басма сөз катчысы жаңы жылдык жамааттык кеченин бюджети тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Кризис кафе-ресторандарга жана... тамадаларга да жетти

Жаңы жылды жамаат менен тосуп майрамдоо мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл кыйла азайганын кафе-ресторан жана башка эс алуу жайлары да бекемдешүүдө. Алардын ичинен жамааттык кече өткөрүүгө сунуштар баасы кымбат кафе-ресторандарга мурунку жылдарга салыштырмалуу азайган. Ал эми кардарларына арзаныраак бааларды сунуштаган эс алуучу жайларда жаңы жылдык жамааттык кече өткөрүүнү каалагандар былтыркыга салыштырмалуу, тескерисинче, бир аз көбөйгөн. Мисалы, “Империя пиццы” кафесинде жаңы жылдык кеченин баасы 500 сомдон башталат. Ал эми борбор калаадагы “Падишах” деп аталган кафе-ресторандар тармагы быйыл антикризистик акция жарыялады. Аталган тармактын башкаруучусу Бермет Төлөгөнованын “Азаттыкка” билдирген маалыматына ынансак, көңүл ачуу жайларында жаңы жылдык кече акысы бир киши үчүн 1000 сом турат:

- Бул акчанын ичинде беш түрдүү салат, эки тамагы жана оюн-зооктору бар. Булардан тышкары алкоголсуз суусундук да бар. “Силерде эмне кризис жокпу?” деп айрым кесиптештерибиз менден сурап атышат. Кризис бар, бирок биз кызматыбыз элге жеткиликтүү болсун деп иштеп атабыз. “Бааларыбыз мындай” деп отура берсек, анда бизге деле, кардарларыбызга деле пайда жок. Ошондуктан атайын акция жарыялап, иштеп атабыз. Майрам алдында бизде музыка түнү менен иштейт, ырчы, бийчилер келип ырдап беришет. Өнөрүн кымбат баалаган таанымал ырчыларды биз чакыра албадык, анткени, алардын келгени бюджетти кымбаттатып жиберет. Ошондуктан биз учурдагы абалдан өзүбүзгө да, кардарларга да пайдалуу болгудай кылып чыгуунун жолдорун издеп жатабыз. Акысы кымбат ресторандарда абал оор эле.

Жаңы жылды жамааттар адатта кафе-ресторандарда, тойканаларды белгилейт
Жаңы жылды жамааттар адатта кафе-ресторандарда, тойканаларды белгилейт

Бермет айымдын айтуусунда, быйылкы жылы кызматкерлерине жаңы жылдык кече уюштуруп берүүдөн мамлекеттик ишканалар гана эмес, ири жеке ишканалар да баш тартышууда:

- Чоң курулуш компаниясы жыл сайын өзүнүн эсебинен кызматкерлерине майрам уюштуруп жүрчү. Быйыл кризиске байланыштуу андан баш тартты. Компаниянын жетекчиси быйыл жамааттык кечеге сарпталуучу каражатты кызматкерлерине акчалай берүүнү туура көрүптүр. Ири ишканалар баш тартып атышат, бирок чакан, кызматкерлери аз мекемелерден бизге көп эле сунуштар түшүп, биздин кафе-ресторандарыбызда майрамдашмак болгондор арбын.

Адатта кафе-ресторан жана башка көңүл ачуучу мекемелерде жамааттык кеченин бюджети ар бир киши үчүн эсептелет. Мисалы, бүгүнкү күнү жаңы жылдык кеченин бюджети Бишкекте орто эсеп менен ар бир киши үчүн 500 сомдон 5000 сомго чейин чыгууда. Бул негизинен көңүл ачуу мекемелеринин кардарларынын капчыгына жараша, ошол эле учурда кече өткөрүлүүчү күнгө да байланыштуу. Мисалы, 31-декабрь үчүн жамааттык кечелерди өткөрүүгө сунуштар аз болгону менен, жеке адамдар үчүн баалар 5000 сомдон 500 АКШ долларына чейин эсептелет.

Кардарларына 2015-жылды чогуу тосууну сунуштаган эс алуучу жайлардын ичинде “Төө-Ашуу”, “Нооруз”, “Каприз” сыяктуу лыжа базалары, Ысык-Көл жээгиндеги “Аврора”, “Каприз”, “Карвен” сыяктуу курорт-пансионаттар да бар.

Жаматтардын майрамдык кечелерин уюштуруп, өткөрүп жүргөн оюн-зоок мекемелери да быйыл кайрылгандар жылдагыдан бир топ кыскарганын айтышууда. Той, кече, банкеттерди уюштуруп-өткөрүүчү “Азем” борборунун жетекчиси Эрнис Кулназаров быйыл буйрутмалар дээрлик 50-60% азайганын айтат:

- Былтыр көп болгон. Биздин алып баруучулар, ырчы-бийчилерибиз жетишпей калган. Былтыр декабрдын беш-алтысынан баштап эле жаңы жылдык кечелерди уюштуруу менен алек болсок, быйыл, ар бир алып баруучу, ырчы-бийчилерге ашып барса эки-үчтөн гана кече туура келип жатат. Быйыл бизге бир да мамлекеттик мекеме-ишканалардан суроо-буйрутма түшкөн жок.

“Мегаком” кызматкерлери менен кардарларын куттуктайт

Жаңы жылдык корпоративдерге бейчеки чыгым коротуудан алыс болууну өкмөт башчы Темир Сариев да ишемби күнкү өкмөттүк жыйында сунуштаган. Ал эмгек жамааттарында жаңы жылды тосуу салт болуп калгандыктан, аларга тыюу салуу мүмкүн эместигин айтып, бирок мындай кечелер артыкбаш чыгымдардан оолак болуп, андагы кызматкерлердин жеке каражатынын эсебинен гана өткөрүлүшү зарылдыгын кошумчалаган.

"Мегакомдун" калкты тейлеген борбору
"Мегакомдун" калкты тейлеген борбору

Бирок жамаат менен майрамды белгилөөгө мурдатан камынып, ал үчүн атайын тендер өткөргөн мекемелердин айрымдары андан баш тартпасын да билдирип жатышат.

Алсак, “Мегаком” бренди менен иштеген “Альфа телеком” компаниясы ишкананын эсебинен жаңы жылдык кечеден баш тартпайт. “Мегакомдун” башкы директору Азат Базаркулов “Азаттыкка” билдиргендей, алар буга чейин бекиткен иш-пландарына байланыштуу майрамды жамаат менен белгилейт:

- Анткени, биз эки ай мурун белектерге заказ берип, майрам өткөрүү боюнча тендер жарыялаганбыз. Эми андан баш тартсак, айыппул төлөөгө туура келет. Ошондой эле бизде миң киши иштейт. Алардын көпчүлүгү 25-35 жаштагы жаштар. Биз алар үчүн жыл сайын жылына бир жолу жаңы жылдык кече уюштуруп беребиз. Алар бул майрамды жыл бою күтүшөт. Мен деле бардык кызматкерлерим менен жаңы жылдык кечеде гана көрүшө алам.

“Мегаком” жаңы жылды майрамдоого 2 млн. 900 миң сом бөлгөн. Мунун ичинде ишкананын кызматкерлеринен тышкары, корпоративдик кардарларына белек берип куттуктоо да бар дейт Базаркулов:

- Электрондук сатып алууларга тендер жарыялаганда көрдүңүздөр, майрамдоого бөлүнгөн каражат биздин кызматкерлер үчүн гана сарпталбайт. Азыр байланыш рыногунда атаандаштык күч. Уюлдук операторлор корпоративдик кардарлар үчүн бар мүмкүнчүлүгүн сарпташат. Биз да ошондой кардарларыбызды майрамы менен куттуктайбыз. Белектер беребиз. Буга бөлүнчү акча да ошол 2 млн. 900 миң сомдун ичинде.

Жаңы жылдык буюмдарды сатуу кызыган кез. Бишкек шаары
Жаңы жылдык буюмдарды сатуу кызыган кез. Бишкек шаары

Базаркуловдун айтуусунда, "Мегаком" майрамга бөлүнгөн акчанын 1 миллионго жакынын кардарлар үчүн белекке, калганын кызматкерлерге жумшайт. Бул акча 1300 кызматкерге 1538 сомдон айланат.

Мамлекеттик сатып алуулар атайын сайтка ачык жарыялана баштагандан бери бюджеттен акча алган уюмдардын майрамдык кечелеринин бюджети да ачыктала баштады. Буга эң ириде көңүл бурган коомчулук алгач “Манас” аэропортунун кызматкерлери үчүн жаңы жылдык кече уюштурууга 1,5 млн. сом бөлүнгөнүнө нааразылык билдирип чыгышкан. "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан "Азаттыкка" билдиришкендей, мекеменин эки миңге чукул кызматкери бар. Айрым байкоочулар коомчулуктун мына ушундай басымынан улам гана жамааттык майрамдоо кечелери кыскара баштаганын белгилешүүдө. Ошол эле учурда буга сырттагы кризис, сомдун кунунун төмөндөөсү себеп деген пикирлер да бар.

Мындан бир нече жыл мурда мамлекеттик “Кыргызтелеком” ишканасынын жамаатынын жаңы жылды майрамдоодогу тасмасы интернетке чыгып кеткен эле. Анда фараондун образындагы ишкананын жетекчисин кулдардын кийимин кийген кызматкерлери замбилге салып көтөрүп жүрүшкөнү коомчулукта бир далай кызуу талкууларды жараткан.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG