Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Медакадемиядагы мыйзамсыздыктар ырасталды


Упайы жетпеген абитуриенттерди Медакадемияга жана Кыргыз-орус славян университетине кабыл алган фактылар аныкталган.
Упайы жетпеген абитуриенттерди Медакадемияга жана Кыргыз-орус славян университетине кабыл алган фактылар аныкталган.

Башкы прокуратура Медициналык академиядагы одоно мыйзам бузууларды оңдоо жана жоопкер кызмат адамдарына чара көрүү боюнча өкмөткө сунуштама киргизди.

Буга чейин “Азаттык” баллы жетпеген абитуриенттерди Медакадемияга мыйзамсыз кабыл алуу фактыларына байланыштуу ири коррупциялык схеманы иликтеп чыккан.

Андан соң Билим берүү министрлиги комиссия түзүп, окуу жайдагы олдоксон фактыларды тастыктаган. Мына ошондон соң президент Алмазбек Атамбаев муну жеке көзөмөлүнө алып, жагдайды териштирип, чара көрүүнү өкмөткө жана Башкы прокуратурага тапшырган болчу.

Прокуратура үн ката баштады

Башкы прокуратура Билим берүү министрлиги менен Медициналык академия жетекчилигинин баллы жетпеген абитуриенттерди окуу жайга кабыл алуудагы одоно мыйзам бузууларын ырастаган корутунду чыгарды. Анда 2012-жылы Билим берүү министрлигинин катынын негизинде баллы жетпеген 25 абитуриентти бекитилген пландан ашыкча жана сынактан тышкары Медакадемияга кабыл алган фактылар тастыкталган.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов бул мыйзам бузууларды оңдоо жана жооптуу кызмат адамдарына чара көрүү боюнча өкмөткө сунуш киргизилгенин белгиледи:

- Биз бул ишти териштирип, сунуштама жазып, өкмөткө киргизгенбиз. Бул боюнча биз эми катуу турабыз. Прокурордук көзөмөлдүн негизинде биз абалды тартипке салууну өкмөттөн дагы талап кылабыз. Мына ошонун негизинде аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү керек. Себеби ал жакта башаламан болуп жатпайбы. Жоболорун оңдоп чыгып, бир сыйра тактоо зарыл. Тиешелүү кызмат адамдарын тартип иретинде катуу жоопко тарткыла деп жатабыз.

Жонуна камчы тийбеген жоопкерсиздик

Бирок Медакадемиядагы коррупциялык мыйзамсыздыктарга чара көрүүнү талап кылып келген “Апрель баатырлары” коомдук уюму башкы көзөмөл органдын бул корутундусуна ичи чыккан жок.

Мында 2011-жылы баллы төмөн 38 абитуриентти келишимдик негизде окууга кабыл алып, ал аз келгенсип, алардын арасынан айрымдарын 15 күндөн соң бюджетке которгон одоно фактылар көңүл сыртында калганы айтылды. Анткени бул боюнча 2012-жылы кылмыш иши козголуп, бирок белгисиз себептер менен ал кайра жабылып калган.

“Апрель баатырлары” коомдук уюмунун өкүлү Таалайбек Айдаров мында кимдир бирөөнү кылмыш жоопкерчилигинен калкалоо аракети болду деп айыптады:

- Биз президентке кайрылган арызда көрсөтүлгөн кылмыш фактыларынын удаалаштыгы тартиби менен каралган эмес. Ал жерде эң эле орчундуу мыйзам бузуулар катталган 2011-жылдагы Медакадемияга кабыл алуудагы фактылар көрсөтүлбөптүр. Бирок биз мына ошондо эң ири төбө чачты тик тургузган фактылар болгонун документалдык фактылар менен көргөзүп берип, ошого укуктук баа берүүнү талап кылган болчубуз. Бул жөн эле көз боёмочулук. Мисалы, "2011-жылы апрель, май жана июнь окуяларында кайтыш болгон адамдардын балдары жеңилдик менен окууга кабыл алынат" деген өкмөттүн токтому бузулган. Жабырлануучулардын биринин дагы уулу же кызы мына ошол тизмеде бар экенин бизге далилдеп бере алышкан жок. Ошон үчүн 2011-жылды атайын карабай жатышат. Бул жерде дагы деле келишип алышып, бирөөлөрдү кылмыш жоопкерчилигинен калкалап калуу өнөкөтү кайталанып жатат.

Узакка толгонгон өкмөттүн чечими

Бул маселени иликтеп чара көрүү президенттин көзөмөлүнөн алына элек. Буга чейин өкмөттөн Медакадемиядагы мыйзам бузууларды териштирүү жагы вице-премьер-министр Дамира Ниязалиевага тапшырылган. Бирок арадан бир нече ай убакыт өткөнүнө карабастан өкмөт бул маселе боюнча чечим кабыл ала элек.

Дамира Ниязалиева Башкы прокуратуранын сунуштамасы менен тааныша электигин айтып, бирок ага чейинки эле топтолгон материалдардын негизинде тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароону өкмөт башчысына сунуштаганын белгиледи:

- Мурдагы өкмөт башчысына мен өзүмдүн сунушумду киргизгем. Бирок ал кызматтан кетип калбадыбы. Азыр бул маселе жаңы премьер-министрдин кароосунда. Бул иш менде кармалып турган жери жок. Башкы прокуратуранын сунуштамасы мага келе элек. Иш сапарынан кайтып барганда ал сунуштаманы суратам. Азырынча менин колума тие элек. Бирок мен тиешелүү материалдарды буга чейин эле чогултуп, премьер-министрге киргизгем.

Чечим кабыл алуунун чеги жок жоболоңу

Башкы көзөмөл органдын корутундусунда парламент депутаттарынын баллы төмөн абитуриенттерди сынактан тышкары кабыл алуу боюнча кайрылуусуна басым жасаган. Бирок ал каттар Билим берүү министрлигинин электрондук документ жүгүртүү системасында каттоодон өткөн эмес. Каттардын негизинде Билим берүү министрлиги тизме түзүп, аларды окуу жайга кабыл алууну Медакадемияга сунуштаган.

Билим берүү министрлигинин жогорку кесиптик билим берүү башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Абдыманап Жолдошов мамлекеттик гранттык комиссиянын чечимдерин аткаруу же андан баш тартуу боюнча акыркы чечимди окуу жайдын ректору кабыл аларын белгиледи:

- Биз кызматтык абалыбыз боюнча министрдин жазылган катына макулдук берүүгө милдеттүүбүз. Анан эми анын мыйзамдуулугун айтып отургудай, биз көз каранды эмес бир бейөкмөт уюму эмеспиз да. Биз мамлекеттик мекеме болгон үчүн мына ошол гранттык комиссиянын чечиминин негизинде чыгарылган буйрукка макулдук бергенбиз. Биз аны моюнубузга алабыз. Бирок акыркы чечимди кандай болгон күндө дагы окуу жайдын ректору чыгарат.

Башкы көзөмөл органы одоно мыйзам бузууларды оңдоо жана Билим берүү министрлиги менен Медакадемиянын жетекчилигине чара көрүү боюнча өкмөткө сунуштамасын 27-апрелде киргизген. Бирок ошондон бери сунуштама өкмөттүн тиешелүү бөлүмдөрүндө катылып жатып, маалымат ушул күнгө чейин ачыкка чыккан эмес.

Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Чолпон Сулайманова Башкы прокуратурадан Медакадемия боюнча сунуштама келгенин тастыктап, учурда мыйзамсыз окууга кабыл алуу боюнча тиешелүү кызмат адамдарынын жаза чараларын дайындоо жагы Билим берүү министрлиги менен макулдашылып жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG