Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Камчы Көлбаев эркиндикке чыгабы?


Кылмыш дүйнөсүнүн анабашыларынын бири Камчы Көлбаев эркиндикке чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Бишкек шаардык соту жакында Биринчи Май райондук соту чыгарган Көлбаевдин беш жарым жылдык жаза мөөнөтүн үч жылга кыскартты. Анын жаза мөөнөтүнүн кыскарышына жабырлануучунун арызын артына кайтарып алганы себеп болгон.

Коомчулукта Камчы Көлбаевге карата жеңилдиктерди бийлик менен криминалдын тымызын келишиминин жыйынтыгы катары мүнөздөгөндөр бар.

Жабырлануучу менен соттун “айкөлдүгү”

“Мыйзамдагы ууру” атыккан кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрүнүн бири Камчы Көлбаевди беш жарым жылга эркинен ажыратуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун өкүмү Бишкек шаардык сотунда апелляциялык негизде каралды. Сот Көлбаевге коюлган акча талап кылууга байланыштуу бир беренени жокко чыгаруу менен ага берилген беш жарым жылдык жаза мөөнөтүн үч жылга кыскартты.

Бишкек шаардык сотунун маалымат катчысы Марат Адылов буга жабырлануучу тарап арызын кайтарып алганы негиз болгонун белгиледи:

- 24-декабрда өткөн Бишкек шаардык сотунун коллегиясында
Биринчи Май райондук сотунун 18-октябрдагы өкүмү өзгөртүлдү. Ага ылайык эми жаза чарасы беш жарым жылдан үч жылга түштү. Анткени бул боюнча жабырлануучу тарап Көлбаевге дооматы жоктугун айтып, арызын кайтарып алган. Ага карата эки кылмыш иши калган болчу. Ошонун бири жабырлануучунун талабы менен кыскартылды.


Көлбаевдин соту, 18-апрель, 2013-жыл
Көлбаевдин соту, 18-апрель, 2013-жыл
Камчы Көлбаев былтыр 8-декабрда Дубайдан келип, өз ыктыяры менен колго түшүп берген болчу. Ага Кылмыш-жаза кодексинин жети беренеси боюнча (адам уурдоо, кол салуу, карактоо, уюшкан кылмыш тобун түзүү жана бийлик өкүлүнө күч көрсөтүү сыяктуу кылмыш белгилери боюнча) айып коюлган. Бирок кийин жабырлануучулар менен күбөлөр тергөөдө Көлбаевге каршы берген көрсөтмөлөрүнөн сотто баш тартышкан. Ошондуктан ага коюлган жети берененин бешөө мурда эле кыскартылган болчу.

Көлбаевдин жаза мөөнөтү былтыр декабрь айынан баштап эсептелип, тергөө абагынын ар бир күнү эки күнгө барабар болгондуктан азыр анын абактан чыгышына аз гана убакыт калган.

Турганбаев: Көлбаев бошотулса, кайра камалат

Коопсуздук боюнча эксперт, чекист Талант Раззаков муну менен Көлбаевди эркиндикке чыгаруу боюнча тымызын келишим бар экени байкалып калды деп эсептейт:

- Мына ушундай жол менен эркиндикке чыгып кетүүгө жагдай түзүлүп калган экен. Азыр эки жарым жылы кыскартылып, тергөө абагында өткөргөн күндөрү эреже боюнча эки күнгө эсептелгенде анын эркиндикке чыгууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Бул иш криминал менен бийликтин байланышынын жыйынтыгы экени көрүнүп калды. Алар бири-бири менен тил табышып алып, көмүскө бир келишимге келгени сезилип турат. Мына ошол беш жарым жылдык жаза мөөнөтүн дагы кыскартып жиберген болсо, анда биздин милиция балдар Көлбаевди такыр эле бошотуп туруп, “сизди туура эмес камаганбыз” деп андан кечирим сурашы керек.

Камчы Көлбаев “ашыналар айлампасы” деген аталыштагы Евразиялык уюшкан кылмыш топторунун синдикатына кире турганы жарыяланган. Ошондой эле АКШ президенти Барак Обама Көлбаевди ири наркобарондордун тизмесине кошкон. 2011-жылы Кыргызстанда уюшкан кылмыш топторуна каршы күрөш жарыяланып, алардын үч жүзгө жакын мүчөлөрү камакка алынган болчу. Бирок алардын көпчүлүгү кийин соттон бошоп кеткен.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаев Камчы Көлбаев эркиндикке чыгып, анын тобу кайра жандана баштаса, ага карата чара көрүлө турганын айтты:

- Бул иштердин өзөгү азыр бизден көз каранды эмес. Демек соттор мына ошондой өкүм болсо туура болот деген го. Бирок мен шаардагы ички иштер башкармалыгын жетектегендиктен Көлбаев бошоп кеткенден кийин кайрадан кылмышка аралашканы байкалса, сөзсүз ага иш козголот.

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобу Кыргызстандагы эң ири криминалдык топ катары таанылган. 2008-жылы Москвада Көлбаевге “Мыйзамдагы ууру” таажысы кийгизилген. 2010-жылы парламенттик шайлоодон кийин Көлбаев Дубайда жашырынып жүргөн болчу.

XS
SM
MD
LG