Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Жемкордукту жеңүү айласы талкууда


Кыргызстанда иш ачкан инвесторлордун 70 пайыздан ашыгы мамлекеттик органдардагы коррупциядан улам өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгон.

Бул тууралуу бүгүн Бишкекте башталган “Коррупцияга каршы күрөштөгү парламентаризм ролу” аттуу эл аралык конференцияда айтылды. Талкууда өлкө жетекчилиги тарабынан мындан эки жыл мурун жарыялаган жемкордукка каршы күрөштүн жыйынтыгы жана андагы Жогорку Кеңештин салымына саресеп салынды. Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы комитетинин төрагасы Анарбек Калматовдун билдиришинче, азыркы чакырылыштагы парламент өлкөдөгү жемкордукка каршы күрөштүн мыйзамдык базасын чыңдап берди:

- Коррупцияга каршы күрөштө жакшы мыйзамдарды кабыл алуу зарыл. Ошондо гана толук кандуу күрөш жүргүзүүгө шарт түзүлөт. Биз нормативдик базаны түздүк. Муну менен катар айрым мекемелердеги коррупциялык схемаларды изилдеп, бетин ачууга жардам берип жатабыз.

Бирок депутат Каныбек Иманалиев бул күрөштө парламент өз мүмкүнчүлүгүн толугу менен колдоно албай жатат деген пикирде. Анын айтымында, парламент баш болгон бийлик органдары бирдиктүү аракет көрбөгөнү үчүн бул күрөш жыйынтыксыз болууда:

- Жогорку Кеңеш коррупцияга каршы күрөштү мындан да чечкиндүү, жигердүү жүргүзгөнгө салым кошсо болот эле. Бирок андай боло албай жатабыз. Биз эле эмес, ИИМ, УКМК, Финансылык чалгындоо кызматы сыяктуу органдардын да иши анча байкалбай жаткандай. Бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөштүн демин Башкы прокуратура эле кармап тургандай сезилет.

Ошол эле учурда Иманалиев Бүткүл дүйнөлүк банктын иликтөөлөрүнө таянып өлкөдө иш ачуудан баш тарткан инвесторлордун 70 пайыздан ашыгы дал ушул жемкордуктун айынан өлкөдөн кетүү чечимин кабыл алганын мисал келтирди.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштү президент Алмазбек Атамбаев өз мөөнөтүндөгү негизги милдеттеринин бири катары жарыялаган. Ал буга чейинки бийликтерден айырмаланып, бул илдетке каршы чыныгы күрөш жүргүзөрүн шайлоо алдында убада кылган болчу. Мындан улам президенттик кызматка киришкен соң 2012-жылдын январь айында Коргоо кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы мамлекеттик саясаттын стратегиясын кабыл алып, анда паракорчулукка каршы күрөшүү бийликтин бардык бутактарынын негизги максаты экени жарыялаган. Бирок коомчулукта бул күрөш бийликтин төмөнкү баскычтарында гана жүрүп, казынага кол салган жогорку кызмат адамдары жазасыз калганы айтылган болчу. Буга байланыштуу маселе былтыр Коргоо кеңешинде кайра каралып, бийлик күрөштүн ыкмасын өзгөртмөй болгон. Коррупцияга жол ачуучу схемалардын бетин ачуу тапшырмасы берилген.

Баш прокурор Аида Салянова бул тапшырма алкагында күрөш бийликтин эң жогорку тепкичтерине жеткенин билдирүүдө. Салянованын маалымат боюнча, акыркы эки жылда жогорку кызматтагы чиновниктерге карата 66 кылмыш иш козголгон. Анын ичинен парламент депутаттарына 12, министрлерге 5 кылмыш иши ачылган. Бирок Башкы прокурор иш козголгон депутаттарди жоопко тартууга парламент өзү уруксаат бербегенин кыйытты:

- Парламент эң алгач коррупция менен күрөшүүдө абдан керектүү мыйзамдарды кабыл алып, базаны чыңдоого аракет кылып жатат. Бирок айрым учурда жетишпеген жактары да бар. Мисалы мен бир нече жолу парламентке депутаттарга байланышкан кылмыш иш боюнча кайрылдым. Бир да өтүнүч канаатандырылган жок.


Чындыгында эле Башкы прокуратура депутаттар Исхак Пирматов, Элмурат Обдунов, Садыр Жапаровго козголгон кылмыш иштер алкагында алардын кол тийбестигин алып салуу өтүнүчү менен кайрылып, бирок парламенттен колдоо тапкан эмес.

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Ата Журт” фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошева Башкы прокурордун "коррупцияга каршы күрөш бийликтин жогорку тепкичине чыкты" дегенине ынанбайт:

- Бийлик өз тегерегиндегилерге кылмыш иш козгобойт, камакка албайт. Алмазбек Шаршенович өз жакындарына көзүн жумуп жатат. Азыр күч органдары “Ата Журт” партиясынан чыккан саясатчыларга гана каршы күрөшүп жатат. Сот тармагында, укук коргоо органдарында коррупция гүлдөп жатса кайдагы күрөш?

Мамлекеттик органдар бул күрөштө жылыш бар экенин айтканы менен Transparency International уюмунун былтыркы баяндамасында Кыргызстан 177 өлкөнүн ичинен 150-орунду ээлеп, коррупция тамырын жайган өлкөлөр катарынан орун алды.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG