Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:06

Өмүралиев: Азчылыкка шарттар жетиштүү түзүлгөн


Кубанычбек Өмүралиев
Кубанычбек Өмүралиев

“Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” коомдук бирикмесинин аткаруучу жетекчиси, көз карандысыз серепчи Кубанычбек Өмүралиев “Азаттыкка” маек курду.

Өмүралиев Кыргызстанда азчылыкты түзгөн улуттарга түзүлгөн шарт-жагдайлар тууралуу ой бөлүштү.

- Кыргызстандагы азчылыкты түзгөн улуттар өлкөдө өздөрүн чоочун сезип жатышат деген пикирлер бар. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

- Түз эле айтайын, бул үчүн кооптоно турган эч кандай жагдай жок. Былтыркы июнь коогалаңынан кийин эле аз-маз жергиликтүү фактылар болушу мүмкүн. Бирок Кыргызстанда шарттар түзүлгөн эмес деп эсептөөгө негиз жок. Муну ким айтса да маселени саясатташтырып жатат деп ойлойм.

- Азчылыкты түзгөндөргө Кыргызстанда түзүлгөн шарттар жетиштүүбү?

- Эң жетиштүү. Мисалы, тил маселеси. Мурдагы советтик мамлекеттердин ичинен орус тили расмий тил катары бизде гана бар. Мамлекеттик тил деп кыргыз тили эсептелсе, расмий тил орус тили. Мындай биздин кошуналарда, андан башка славян мамлекеттеринде да, анын ичинде Украинада да жок.

Экинчи маселе, Баш мыйзамда Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын 15 пайызы, же болбосо жыйырманын тегерегиндеги депутат сөзсүз түрдө башка улуттан болот деп жазылып турат. Мындай башка кайсы өлкөдө бар? Мына жакын арадагы өлкөлөрдөн 15 эмес 1 пайыз да таппайсың.

Үчүнчүдөн, тегеректи карасак жогорку окуу жайлары болобу, же жарнактар болобу кайсы тилде гана жок. Жарнактар кыргыз тилинде балким азыраак да болушу мүмкүн.

- Анда эмне үчүн азчылыкты түзгөн улуттар негизги калк менен интеграция боло албай жатат?

- Бул бир күндө болуп кетчү нерсе эмес. Тарыхка кылчайсак, Советтер Союзунун мезгилинде, өзгөчө 60-жылдардан кийинки убактарда көбүнчө бизде орус тили алдыга коюлуп, Советтер Союзунда башка идеологиялар ушул нукка бурулган. Шаар жерлеринде, мисалы Бишкекти алсак, 90% мектептер орус тилинде болуп кеткен.

Эми акыркы жыйырма жылда, эгемендикти алгандан кийин кыргыз тили боюнча аракетти "эртең баштайбыз, эми баштайбыз, каражат керек" деп жүрүп ушул убакка келдик.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG