Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:25

Жаңы өкмөткө кимдер келди?


Кыргызстанда Жаңы жылдын алдында ишке киришкен өкмөт коалициялык негизде куралган биринчи өкмөт болуп калды.

Баш мыйзамда каралгандай, президент Роза Отунбаева өлкөнүн жогорку колбашчысы катары коргоо министрин жана улуттук коопсуздук кызматынын төрагасын гана өзү чечип, өзү дайындады. Техникалык өкмөттүн курамында иштеген коргоо министри Кудайбердиев Абибилла жана улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев ордуларында калды.

Жаңы өкмөттүн калган мүчөлөрүн парламентик башкаруучу коалицияга бириккен СДПК, “Республика” жана “Ата-Журт” партиялары биргелешип курады.

Экономикалык блокко жана күч министрликтерине негизинен СДПК менен “Республиканын” өкүлдөрү дайындалды. Вице-премьер-министр Атаханов Шамил, Ош жана Жалал-Абад шаарларына калыбына келтирүү боюнча мамкомитеттин төрагасы министр Жантөрө Сатыбалдиев, каржы министри Чоробек Имашев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, ички иштер министри Зарылбек Рысалиев, транспорт жана коммуникация министри Эркин Исаков, билим берүү жана илим министри Канат Садыков, жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов СДПКнын сунушу боюнча дайындалды.

Экономиканы тескөө министри Учкунбек Ташбаев, жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов, энергетика министри Аскарбек Шадиев, мамлекеттик мүлк министри Нурдин Илебаев, элди социалдык коргоо министри Дүйшөнали Мамасалиев, айыл чарба министри Төрөгул Беков “Республика” фракциясы тандаган жетекчилер болуп саналат.

Социалдык тармакка негизинен “Ата-Журт” партиясы сунуштаган адамдар дайындалды.
Бул тармакты караган вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов, өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиев, саламаттык сактоо министри Сабыр Жумабеков, маданият жана маалымат министри Шакиев Нурланбек, эмгекке жайгаштыруу жана миграция министри Алмазбек Абытов, юстиция министри Мухамеджанов Абылай, суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Зияддин Жамалдинов дал ушул “Ата-Журт” фракциясы тарабынан тандалды.

Жаңы өкмөт мүчөлөрүн жетекчилик кызматта мурдакы бийликтин тушунда иштегендер, апрель окуясынан кийин келгендер жана жаңы тандалган адамдар деп үчкө бөлүп талдаса болот.

Экс-президент К. Бакиевдин тушунда жетекчилик кызматтарда отургандардын эң таанымалы - Өмүрбек Бабанов. Ал биринчи вице-премьер кызматында мурда Игорь Чудиновдун өкмөтүндө да отурган.

Экономиканы тескөө министри Учкунбек Ташбаев 33 жашта, Өнүгүү жана инвестициялар боюнча борбордук агенттиктин төрагасы Максим Бакиевдин орун басары болуп үч ай иштеген. Ага чейин өкмөттүн экономика, соода жана ишкерлик бөлүмүн жетектеген, президент администрациясынын экономика бөлүмүндө эксперт болгон, Каржы министрлигинде эмгектенген.

Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов “Ак Жол” фракциясында депутат болгон, аз убакытка маданият министри болуп иштеген. Аскарбек Шадиев “Ак Жолдун” депутаты, Баткен облусунун губернатору болгон.

Маданият министри кызматына отурган Нурланбек Шакиев К. Бакиевдин басма сөз катчысы, ЭлТР телекомпаниясында баш директор болуп жүргөн. "Мурдагы режимдин камчысын чапкан адамдар кайра өкмөткө толуп алды" деген эл ичиндеги нааразылык эң оболу биз атап кеткен адамдардын дарегине тиешелүү. Нурланбек Шакиев шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” менен аттанган, аны министрлик кызматка “Ата Журт” партиясы көрсөттү.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, ички иштер министри Зарылбек Рысалиев, коргоо министри Абибилла Кудайбердиев, каржы министри Чоробек Имашев, транспорт жана коммуникация министри Эркин Исаков, билим берүү жана илим министри Канат Садыков апрель окуясынан кийин келгендер жана алар жетекчилик кызматта өзүн жеткиликтүү көрсөтө элек деп айтса болот.

Ал эми калган министрлер дээрлик эл-журтка али таанымал боло элек адамдар. Вице-премьер-министр Шамил Атаханов ийгиликтүү ишкер катары аты чыгып келген, шайлоо маалында СПДКнын командасында негизги жүктү көтөргөндөрдүн бири.

Мамлекеттик мүлк министри Нурдин Илебаев экономика илимдеринин кандидаты, макроэкономика боюнча адис, министр болгонго чейин Улуттук банкта эксперт, “Кыргызстан” банкынын директорлор кеңешинин төрагасы болгон, премьер-министрдин аппаратында, Каржы министрлигинде да иштеген.

Айыл чарба министри Төрөгул Беков ишкерликти өнүктүрүү боюнча өкмөт алдындагы комиссияда, инвестициялык компанияда жетекчи кызматтарда жүргөн, Президент администрациясында экономикалык эксперт болуп иштеген.

Эксперттер коалициялык өкмөт саясий компромисстик келишимдин натыйжасында куралды, ошондуктан дал ошол коалициялык принцип өкмөттүн натыйжалуу иштеп кетишине жолтоо болот деп белгилеп жатышат. Саясат таануучу Уран Ботобековдун баамында коалициялык өкмөттүн иши өгүз өлбөсүн, араба сынбасын деңгээлинен ашпайт.

Азыр өлкөдө нааразылыктар токтой элек, жаз алды менен митинг акциялар кайра жанданышы ыктымал экени көп айтылууда. Ошондуктан мындай шартта эл өтө саясатташып турган учурда саясий лидерлердин партиялык кызыкчылыктары же амбициялары алдыга чыкса, бул өкмөт бат эле тарап кетиши да мүмкүн. Бирок экинчи жагынан ошол тарап кетүү коркунучунан улам бул өкмөт бир команда болуп иштөөгө умтулат болуш керек, дейт “Кыргыз туусу” гезитинин баяндамачысы Мырзакат Тыналиев.

Жаңы жылдын алдында ишке киришкен коалициялык өкмөт жалаң эркектерден жана жана бир улуттан турган өкмөт болуп калды. Дал ушул жагы анын кемчилиги жана өксүгү катары сынга алынууда.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев азыр саясий акыйлашууга убакыт жоктугун белгилеп, өкмөт курамында иштиктүү адистер топтолгонун, өлкөнү өчөйгөн абалдан сууруп чыгууга алардын акылы жана чама-чаркы жетишет деп калкты ишендирүүдө.

XS
SM
MD
LG