Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Кош атуулдук: жүрөгүң ким үчүн согот?


Кыргызстанда жогорку даражалуу бир катар мамлекеттик кызматкерлер кош жарандуу болуп чыкты. Конституция мамлекеттик кызматкерлердин кош жарандуу болушуна жол бербейт. “Арай көз чарай” талкуусу ушул теманын айланасында болду.

Кыргызстанда биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кезегинде Казакстан паспортун, атуулдугун алып, андан кийин Кыргызстандын да паспортуна ээ болгон.

Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Бабанов мыйзам жолу менен Казакстан жарандыгынан чыгып, андан кийин кыргыз жарандыгын алыш керек деген пикирди айтууда. Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовдун орус жарандыгы бар экенин Башкы прокуратура тастыктады. Жалал-Абад шаарынын мэри Максат Жээнбековдун да орус жарандыгын алганы айтылууда.

Талкууга катышкандар:

Парламенттин тартип, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөш комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков, Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү палатасынын мурунку төрагасы Алмамбет Матубраимов жана чет өлкөдөн билим алган саясат таануучу Марат Жаанбаев.

“Азаттык”: Кыргызстан Конституциясынын 50-беренеси Кыргызстан жараны башка өлкөнүн жараны болушуна жол берилишин четке какпайт. Бул норма мамлекеттик кызматкерлерге таркатылбайт. Бул туурабы, Туратбек мырза?

Туратбек Мадылбеков: Мамлекеттик кызматкерлерге таркатылбайт, туура.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, мына ушундай чектөө менен Орусия, Казакстан жана башка алыс жерлерде жүрүп, ал өлкөлөрдүн жарандыгын алган таланттуу атуулдарыбыздын Кыргызстанга келишине бөгөт коюп койгон жокпузбу?

Алмамбет Матубраимов: Жок, бул жерде андай болбойт. Себеби 50-беренеде болгонго мүмкүн дейт. Ал үчүн Кыргызстандын атуулдугунан чыгыш керек, андан кийин мамлекеттин өзүнүн расмий кире турган жол, тартиби бар, ошол жердин атуулдугун ала турган нерсе.
Бабанов болобу, же Иванов болобу, кеп анда эмес, бул жерде мыйзамды сыйлоо, президент баш болуп баарыбыз мыйзамды бузбай иштесек бизде келечек болот.


Бирок биз эгемендүүлүк алгандан баштап экономикалык кыйынчылык учурда тентип кеткендердин көбүнүн эки мамлекеттин жарандыгы бар. Алар убагында бергендер, СССР тарап атканда, башаламандык болуп, ким кайсы жерде болсо ошол жердин жарандыгын алып калган. Бирок дүйнө жүзүндө кээ бир гана мамлекеттерде эки мамлекеттин жарандыгы болот деп кабыл алынган мыйзам ченемдиктер бар. Бул Орусияда, Израилде бар эле. Аны Орусия азыр жокко чыгарып салды.

Негизинен бардык эле жерде эки мамлекеттин жараны болууга укугу жок. Себеби кайсы мамлекеттин мыйзам ченеми менен жашайт ал киши? Бир жактан кылмыш кылды, экинчи жакка качып кетпеш керек. Ошондуктан дүйнө жүзүндө бир гана мамлекеттин атуулу болуш керек.

“Азаттык”: Марат мырза, жарандуулугу жок болуп калган атуулдарда Кыргызстанга келгенде кайрадан жарандуулук алыш кыйын, кызматтык өсүүлөр болбойт деген кырдаалдар барбы?

Марат Жаанбаев: Мен эл аралык тажрыйбага кайрылат элем. Мисалы, Конституция андай бөгөт койбойт. Эл аралык жарандык тууралуу конвенциясы бар, 97-жылы кабыл алынган. Ал конвенция мамлекеттер аралык жарандыкты таануу боюнча нормаларды бекитип, ошолорду тескейт.

Кош жарандуулук Кыргызстанда кайсы бир мамлекет менен болгон макулдашуунун негизинде болот. Ал эми концептуалдык жагынан караганда биз акыркы 20 жылда кыргыздар кайсы гана жакка кетип калган жокпуз, дүйнө жүзү боюнча жүрөт. Анан алар кайра Кыргызстанга кайтып келип өзү топтогон тажрыйбасын, билимин, инвестициясын өлкөнүн өнүгүшүнө салымын кошо турган болсо биз аларга такыр бөгөт койбошубуз керек.
Бабановго да айтып атабыз, сага иш козгобой эле койсун, бирок жоопкерчиликти алгын, жооп беришиң керек деп. Кулматовго да айтып атабыз.


Дүйнө жүзүнүн практикасында, эл аралык укукта 3 категория бар. Биринчи категорияга жарандуулукту катуу кармап, эгер башка мамлекеттин жарандуулугун алып, эки паспорт менен жүрсөң, сага катуу жаза көрө турган мамлекеттер бар. Алардын ичине Америка да кирет. Мен окуган Чехия да ошондой саясатты карманат.

Экинчи категорияга кирген мамлекеттер ага лоялдуу карайт. Эгерде алардын жараны башка мамлекетке барып жарандыгын алып окуп, иштеп жүрүп, кайра кайтып келип иштейм десе, ага бөгөт койбой, жөнөкөйлөтүлгөн.

Үчүнчү категорияга такыр эле либералдуу көз караштагы мамлекеттер бар, ага Швейцария менен Австралия кирет. Негизги алардын ою кош жарандуулук аркылуу инвестицияларды, адам капиталын топтоп келүү.

Мыйзам ченеми

“Азаттык”: Өмүрбек Бабановго байланыштуу учурга келсек. Айта кете турган нерсе, биз “Республика” фракциясына кайрылып, алардын өкүлүнүн катышуусун өтүнгөн элек. Бирок ал максатыбыз ишке ашпай калды. Өмүрбек Бабанов жөн эле биринчи вице-премьер-министр эмес, коалициялык өкмөттүн түзүүчүсү. Ал Кыргызстандын жараны. Ошол эле мезгилде Казакстандын жараны катары катталып турганын Өмүрбек Абдырахманов башында турган топ тастыктаганын жарыялады. Бабанов өзү да бул маселе ал үчүн дайыма татаал болуп келгенин маалымат каражаттарына билдирген. Бул учурда мыйзамды кантип сактайбыз?

Туратбек Мадылбеков: Бул биздин үч жараныбыз тең чоң чиновниктер. Биздин мыйзамда так жазылган, мамлекеттик кадр мыйзамынын 11-беренесинде чоң кызматтарга иштөөгө тыюу салынат деп. Азыркы кезде Кыргызстандын эли кыйналып турганда кош жарандуулукту беришибиз керек.

Ал эми бул үч чиновник мыйзамды сыйлаган өлкө болсо тез аранын ичинде жумуштан кетиш керек. Керек болсо тергөө иши жүргүзүлүш керек. Анткени булар алдап келип отурат. Көрүнгөн документтери алып келип атат, өздөрү торго чалынып атат. Мисалы бажынын башчысы Кулматов Орусиядан бир справка алып келип алыптыр. Биз болсо Башкы прокуратура тарабынан Орусиянын Башкы прокуратурасынан расмий кагаздардын баарын алдык.

“Азаттык”: Эмне кылыш керек? Мыйзамдарды өзгөртүү керекпи? Мамлекеттик кызматкердин да кош жарандуулугуна жол берип, же бул максатка ылайыктуу эмеспи? Мисалы Латвия жана башка жактарды алсак, ал жерлерге башка жерде төрөлгөн инсандар келип президенти болуп, кызмат өтөп атат?
Бардык эле жерде эки мамлекеттин жараны болууга укугу жок. Себеби кайсы мамлекеттин мыйзам ченеми менен жашайт ал киши?


Алмамбет Матубраимов: Алар башка жактын атуулдугунан чыгып келип, ал жердин атуулдугун алып анан иштеп атышат. Мыйзам ченемдүүлүгүн эң жогорку мамлекеттик кызматта болуп аткандарды койгондон кийин, биринчиден койгон кишилер, экинчиден арызын жазып ошого макулдук берген кишилерди да жоопко тартыш керек.

Биздин Конституциянын 3-беренесинде “бүткүл элдик шайланган Жогорку Кеңеш жана президент” деп жазылып турат. Баарыбыз парламент, бийлик деп атабыз, депутаттар токтом менен ордуна коюп коюшсун. Мыйзам ченемдүүлүгү сакталбайбы? Президенттин кандай тиешеси бар? Азыр аткаруу бийлигинин башында премьер-министр турат, ал киши кызматка коюп алып аткандан кийин ал жооп бериши керек.

Экинчи жагынан бул жерде саясий 5 партия бар. Бул жерде Жогорку Кеңеш, аткаруу бийлиги, президенттин ортосундагы тирешүү сезилип тургандай болуп жатат. Ошондуктан парламенттин убагында бардык мыйзам ченемдүүлүгүн алып койгонго, чечкенге бардык мүмкүнчүлүгүңөр бар.

Эң негизгиси президенттик шайлоонун акырына чейин алты ай калды. Ошондуктан биз азыр аткаруу бийлигин ж.б. таркатууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ошондуктан жаңы кабыл алынган Конституцияга өзүбүз чалдыгып отурабыз. Биздин Баш мыйзамыбызда ким талкуу кыла алат, ким чечмелей алат деген сөз жок. Мурун ал же Жогорку Кеңештики, же Конституциялык соттуку болчу. Азыр экөөнүкү тең жок.

Биздин Конституциялык палата болгондо деп айтып атышат. Бирок Конституцияда ал жөнүндө эч нерсе деп жазылган эмес. Чечкиндүүлүк менен бардык нерсени чечип, экономикалык кызыкчылыктын ошончолук эле керек болсо мыйзам ченемдүүлүк менен аткарып койсо болот. Дүйнө жүзүнөн келип иштей беришет. Бирок мамлекеттик кызматка башка мамлекеттин атуулу иштөөгө бизде толук тыюу салыныш керек.

“Азаттык”: Бирок парламентте бул иштин мыйзам жолунда чечилишине эч кандай жол берилген жок. Ошол эле кезде Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын да атуулдугун алгандыгы айкын болуп атпайбы?

Туратбек Мадылбеков: Союз таркагандан кийин көбү башка өлкөнүн жараны болуп катталып алган. Эми мамлекеттик жогорку кызматка келип аткандан кийин жарандыктан чыгып, бул жакка келип жарандыкты алып анан паспорт алышы керек. Азыркы кезде Конституция кабыл алынгандан кийин биз дагы бир топ мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Жакын арада биз кабыл ала баштадык. Ошол Конституциялык мыйзамдардын баарын кабыл алгандан кийин көп нерселер орду-ордуна туруп калат.

Укмаксан, көрмөксөн

“Азаттык”: Парламент ушул маселени чече албай жатат. Мисалы аларда деле кызыкдар күчтөр болуп атат. Жаштар буга кандай карайт?

Марат Жаанбаев: Бул эки кызматкердин жогорку даражадагы кызмат ордун ээлеп, башка мамлекеттин жарандыгы чыгып калгандыгы бул биздин кадрдык агенттикке окшогон мамлекеттик органдардын чабалдыгы. Мисалы мамлекеттик органдарды реформалоо, же кадрларды алуу боюнча маалыматтар так жана жакшы көзөмөлдөнбөгөнү тастыкталып жатат. Башка мамлекеттерди карасак, президенттен баштап кадрдык агенттикте бардык маалыматтар такталып, ошого чейин привентивдүү чара көрүлөт.
Бул жерде Жогорку Кеңеш, аткаруу бийлиги, президенттин ортосундагы тирешүү сезилип тургандай болуп жатат.


“Азаттык”: Өмүрбек Бабанов бир гана вице-премьер-министр эмес, азыркы турган өкмөттүн түзүүчүсү. Булар башка өлкөнүн жараны болуп мыйзам бузуп эле калабы, же биздин улуттук, мамлекеттик кызыкчылыктарга байланыштуу бир учурларда ишеним жок болуп калабы?

Алмамбет Матубраимов: Ушунчалык жогорку кызматтарга жеткенден кийин Бабанов өзүнүн партиясы менен жарышка чыкты, кол топтоду, шайлоого катышты. Ошол жерде бардык таржымалын толук жазган кезде ачыкка чыкмак. Жашырганы үчүн сөзсүз түрдө мыйзам ченеминде жооп бериш керек. Жогорку Кеңеште комиссиянын артынан комиссияны түзүп атышат. Бул жерден саясий гана баа берип коюш керек, ошону менен токтош керек.

“Азаттык”: Туратбек мырза, сиздин жетектеген тартип мыйзамдуулук комитет, парламент өзүнүн саясий баасын бере алабы?

Туратбек Мадылбеков: Ушундай нерсени жалаң эле парламентте айтпастан, баарыбыз тең айтышыбыз керек. Эмне үчүн парламентте комиссия көп болуп атат? Анткени акыркы жылдарда ушунчалык сазга батып калыптырбыз. Ошон үчүн бул жерде биздин тартип коргоо органдар жакшы иштеш керек.

Парламенттин иштей турган көп иштери бар. Бизге ушундай нерселер тоскоол болуп атат. Бирок биз элдин өкүлү болгондон кийин ушуну укмаксан, көрмөксөн кылып койбой, мунун аныгын анык деп, саясий, моралдык жактарын да карап атабыз.

Бабановго да айтып атабыз, сага иш козгобой эле койсун, бирок жоопкерчиликти алгын, жооп беришиң керек деп. Кулматовго да айтып атабыз. Карап көрсөк, акыркы күндөрү колун батырып, жеп-иче турган адамдардын баарын тең өздөрү кош жарандыкты алып алып, уурдап туруп качып кете берет экен. Ушуга мен азыр ишенип отурам.

“Азаттык”: Орусиянын жарандыгын алган адамдар Кыргызстан паспортун тапшырып, баш-оту менен өткөнүн билдирип чыгышат. Анан орус паспортун алышат. Бул жакка келгенде да проблемага туш болуп атат. Карапайым элдин маселесин чечиш үчүн кандай чара көрүшүбүз керек?
Алар кайра Кыргызстанга кайтып келип өзү топтогон тажрыйбасын, билимин, инвестициясын өлкөнүн өнүгүшүнө салымын кошо турган болсо биз аларга такыр бөгөт койбошубуз керек.


Алмамбет Матубраимов: Жогорку Кеңештин өткөн жыйынында сөз болгон, Кыргызстандын атуулуна кыргызмын деп жазылып, эгер ошону тастыктай турган документтери болсо, жөнөкөйлөштүрүлгөн атуулдукту тез аранын ичинде берүү боюнча. Ошону кабыл алып, тез аранын ичинде аракет кылса болот. Себеби бизде 98-жылга чейин шериктеш мамлекеттер ичинде башаламандык болгондо үч паспорт алганга мүмкүнчүлүк болуп калган. Ошондуктан азыр паспортту текшерүү системасы боюнча азыр такталып атат. Орусиядан бизге депортация кылып жөнөтүп атат.

“Азаттык”: Жарандыкты жөнөкөйлөштүрүү биздин четке кеткен жаштардын кайра келишине ыңгайлуу шарт түзүп береби?

Марат Жаанбаев: Албетте түзүп бериш керек. Себеби азыр биз талкуулап жаткан үч жогорку даражадагы кызматкерлердин проблемасы бул башталышы гана. Азыр чет өлкөдө кыргыздардын бешинчи мууну пайда болуп атат. Алар кайра өз ыктыяры менен өзүнүн аң-сезимине жараша, мен Кыргызстандын жаранымын деп келгенде, аларга биз эч бөгөт койбой, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришибиз керек. Мыйзамдуу түрдө эрежелер болуш керек.

Ал эми мамлекеттик кызматтарга адамдын өзүнүн тандоосу болуш керек. Эгерде сен башка мамлекеттин жараны болуп, мамлекеттик кызматты ээлегиң келсе, чет өлкөлүк жарандыгыңан баш тартышың керек. Ар бир адамдын өзүнүн абийири болуш керек, жаап-жашырбай, ачык-айкын айтыш керек, мен ушундай шартта жаран болуп калдым эле, ушуну чечип алышым керек деп.

“Азаттык”: Мыйзамдык жактан ушуну жолго коюп, мүмкүн Бабановдун деле экономикалык, ишкерлик жөндөмүн пайдалануу жагын ойлосок деген сөз болуп атат.

Туратбек Мадылбеков: Бабанов болобу, же Иванов болобу, кеп анда эмес, бул жерде мыйзамды сыйлоо, президент баш болуп баарыбыз мыйзамды бузбай иштесек бизде келечек болот. Эгерде ар бирибиз эле муну кыргызча кылып койсок, болот дей берсек болбойт. Ошон үчүн ар бир жаран мыйзамдын алдында жоопкерчиликтүү болушу керек.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG