Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Чокморовдун дүбүртү басылбайт


Сүймөнкул Чокморов киного тартылуу учурунда.
Сүймөнкул Чокморов киного тартылуу учурунда.

Таланттуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовго арналган кинокербен өлкөнү кыдыра баштады. Таластан башталган иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында өтөт.

Советтик кинонун жылдызы Сүймөнкул Чокморов көзү тирүү болсо, быйыл 80 жашка чыкмак. Анын алкагында башталган кинокербен республиканын ар бир айылына барууну көздөйт.

Актёрдун чыгармачылыгын даңазалаган кинокербенде режиссер Болот Шамшиевдин “Караш-караш” жана Төлөмүш Океевдин “Улан” баштаган бир нече тасмалары көрсөтүлөт.

Мамлекеттик кино департаменттин өкүлү Жолдошбек Кыргызбаев кинокербен тууралуу мындай маалымат берди.

"21-июнда Талас шаарында башталды. Ал жерге Чокморовдун эки-үч тасмасын алып бардык. Алгач киночулардын семинары өттү. Анын алкагында кинокербенди ачтык. Ал жерде тасмалар 1-июлга чейин көрсөтүлүп, андан ары Жалал-Абадга, Жалал-Абаддан Ошко, Баткенге, Нарынга, Ысык-Көлгө, Чүйгө уланып жүрүп отуруп, 9-ноябрда Бишкектеги Кино үйүндө жыйынтыкталат”.

Жолдошевдин айтымында, тасмалар элеттиктердин суроо-талабына ылайык тандалып алынды. Алардын арасында "Жамийла", "Караш-караш окуясы", "Жетинчи ок" ж.б. бар. Актер тууралуу кенен маалымат берүү үчүн анын чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу тартылган даректүү тасма да көрсөтүлөт.

Коомчулукта Сүймөнкул Чокморовдун атын түбөлүккө калтыруу, анын артында калган маданий мурастарды келечек муунга жеткирүү иши татыктуу жүрбөй жатканы тууралуу бир топ сындар айтылып келет.

Алардын ичинде актердун айкелин орнотуу боюнча демилгелер да кайра-кайра айтылганы менен ар кандай себептерден улам ишке аша элек.

Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун директору Сагынбек Абдрахманов быйыл актердун 80 жылдык мааракесине карата эки шаарга эки айкели коюлганы жатканын маалымдады.

80 жылдыкка карата эки айкелди тургузганга даярдап жатабыз. Биринин конкурсу өткөн. "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанына эстелик койбодук беле. Анын ордуна башканы койгону жатабыз. Ал боюнча Азамат Абдырахмановдун эскизи утуп чыккан. Буюрса ошону коёбуз. Ош шаарына болсо Сүймөнкул Чокморовдун ат минип турган эстелиги орнотулат. Айкел азыр даяр. Бир жарым жыл болду. Оштун мэри жер маселесин чечпей жатат. Аянтты чечип берсе эле айкелди коёбуз”.

Сүймөнкул Чокморовдун Бишкектеги эстелиги.
Сүймөнкул Чокморовдун Бишкектеги эстелиги.

2017-жылы Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине тургузулган айкел Сүймөнкул Чокморовго окшошпой калганы үчүн Маданият министрлигинин көркөм кеңеши аны алмаштыруу чечимин чыгарган.

Кинематографисттер бирикмесинин төрагасы Таалай Кулмендеев Сүймөнкул Чокморов кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан, улуттук маданиятка өзгөчө салым кошкон инсан болгонун белгилеп, анын мааракесин кинокербен, айкел орнотуу менен эле жыйынтыктап коюу аздык кылат деди.

Мага ошол кинокербендин форматы, маңызы эскидей сезилет. Сүймөнкул деген ким? Сүймөнкул деген кыргыздын өңү, жүзү деп жүрбөйбүзбү. Андай болгон соң ага жараша мамиле жасаш керек да. Болбосо акыркы күндөрү биз Чокморовго катардагы жүз актердун бири сыяктуу эле мамиле жасап келебиз. Ошол себептүү мага актердун мааракесин утурлаган иш-чаралар эптеп эле өтүп жаткандай таасир калтырат”.


Кулмендеев учурда жер-жерлерде болгону элүүгө жакын кинотеатр иштеп жатканын, Чокморов кинокербени актерду жакындан билген, аны тасмага тарткан, бирге роль жараткан кино ишмерлери менен толукталып, жандуу жолугушуулар өтсө таасирдүү болмок деген пикирде.

Мамлекеттик кино департаментинин өкүлү Жолдошбек Кыргызбаев кинокербен Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнүнө карата 9-ноябрда жыйынтыкталарын, ошол күнү актердун 80 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленерин билдирди.

Кыргыз киносунун тарыхында “Эң мыкты эркек актёр” наамын төрт жолу алган жалгыз актёр жана даңазалуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы Чүй өрөөнүндөгү Чоң-Таш айылында туулган.

1992-жылы оорудан улам каза болгон. Сүймөнкул Чокморовдун 400дөй живопись эмгектери жана 20 кинодо тартылган эң мыкты образдары маданий мурас катары калган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG