Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:08

Милиция базардагы балдардан да акча өөнөйбү?


Базарда иштеген балдар. (Архивдеги сүрөт)
Базарда иштеген балдар. (Архивдеги сүрөт)

Милиция Дордой базарында иштеген тестиерлерди акча өндүрүү максатында кармап жатканы тууралуу маалыматтар чыгууда.

Укук коргоочулардын эсебинде, Борбор Азиядагы эң ири Дордой базарында жүздөгөн өспүрүм иштейт. Соода-сатык, араба айдоо менен кошо алар желим бөтөлкө, баштыктарды жана кагаз кутуларды чогултуп, үй-бүлөсүнө акча таап келишет.

Акыркы эки жылда Дордойдо иш кылган тестиерлер менен тыгыз иштеп жаткан «Доор эли» коомдук бирикмесинин маалыматы боюнча, базардагы милиция кызматкерлери иштеген өспүрүмдөрдү кез-кез убактылуу камакка алып, бошотуу үчүн алардын ата-энелеринен акча өндүрүүдө.

Сөз бирикменин жетекчиси Гүлжамал Султаналиевада:

- Милиционерлер иштеп жаткан балдарды кармап алып, анан алардын ата-энелери келип акчага чыгарып алышат экен. Ошол чыгарып алган акча 250 сомдон 1500 сомго чейин барат. Бирок андан да чоң суммага чыгарып жаткандар бар. Биз бул көйгөйдү аныкташ үчүн бир нече балдарды угуп, ата-энелерден тастыктап алгандан кийин гана маалыматты чыгардык.

Убактылуу камакка алынгандардын бири – он үч жашар Максат. Базарга улагалаш жаңы конуштардын биринде турган бул мектеп окуучусу милиция кызматкерлеринен коркуп, ысмын өзгөртүүнү суранды.

- Пакет терип жаткан жерден эки милиция келип алып кетишти. Эчтеке дебей эле, унчукпай алып барып, бир аз отургузуп, анан убактылуу кармоого алып кетти. Алып барып пол жуудуртту, эшик шыпыртты, суу ташытты.

Өспүрүм Максат убактылуу абакта эки күн жатыптыр. Аны бошотуу үчүн апасы милиция кызматкерлери сураган 500 сомду кармалган күнү бере албай, документтердин көчүрмөсүн берип, үчүнчү күнү гана бошото алган.

- Акча төлөйт деген себептен акчам жок бара албадым. Ошол жакта жатты. Анан келгенден кийин үйдө бир жумача жатты, дене табы көтөрүлүп. Анан кичине дары-пары берип жатып айыкты.

Дагы бир эне Канзада Карамазованын айтымында, бул күн сайын болуп жаткан иш, анткени милиция кызматкерлери ушундай жол менен кошумча акча жасашат. Улуу баласын чыгаруу үчүн акыркы эки жүз сомун бергенин бул айым да белгиледи.

- Эми болору болуптур, базарга чыгарбайм. Биринчи эле күнү чыккан десем да болбой койду. Анан кошуна келин: «Буларга акча берсең чыгарат, акча бермейинче чыгарышпайт» деди. Анан колумда болгон 200 сом бар болчу, жол киреме. 100 сом берсем дагы кыйыктанабы деп 200 сом бердим. Бошотуп бериңизчи, сизден суранам десем, «Экинчи жөнөтпөйбүз, чыгарбайбыз деген кагаз жаз» дешкенинен макул дедим. Арыз жазып бердим. Эми бул милициянын күнүмдүк "олжосу" да...

Ал эми Дордой базарындагы милиция бекетиндеги тергөөчү жогоруда айтылган коррупциялык схема тууралуу биринчи жолу укканып айтып, алакан жайды:

- Менде андай маалымат жок. Сенден биринчи жолу угуп атам. Аны ИДНшиктер (өспүрүмдөр менен иштеген милиция) менен сүйлөш.

Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр иштери боюнча инспекциясы маалымат берүүдөн баш тартып, бизди Бишкек ички иштер башкармалыгына жолдоду.

"Доор эли" бирикмесинин жетекчиси Гүлжамал Султаналиева болсо буга чейин инспекциянын өкүлдөрү менен жолугушканы менен майнап чыкпаганын кошумчалады:

- Бир тергөөчү менен сүйлөшүп, бардык маалыматтарды бергенмин. Жанакы баланы энеси менен ээрчитип барганмын, бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жооп жок.

Ошол эле учурда Бишкек ШИИБинин басма сөз катчысы Нүргүл Нусупова расмий түрдө арыз түшсө тиешелүү кызматкерлерге чара көрүлөөрүн айтат:

- Бизге белгисиз. Белгилүү болсо жетекчибиз ал кызматкерлерге чара көрмөк. Ар бир факт жоопсуз калбайт. Эгер чын эле ошондой факт болсо, ал кызматкерлерге сөзсүз түрдө чара көрүлөт.

Бирок Султаналиеванын айтымында, ички иштер министрлигине жана ага тиешелүү органдарга бул фактылар маалым.

- Биздин укук коргоо органдары бул жөнүндө эң жакшы билет. Билбейт деп айтууга болбойт, эң жакшы билишет, бирок ошол нерсеге көз жумушат да...

Гүлбайра Ажымуратованын баласын милиция кызматкерлери буга чейин бир нече жолу алып кетип, убактылуу абактан чыгаруу азабын бир топ жолу башынан кечирген. Ал соңку рейдден баласын араң алып калууга үлгүргөн.

Он үч жаштагы Максат сүрөт да тартат. Мурда жалаң табиятты, тоолорду тартса эми эки күн убактылуу абакта кармалып чыккандан бери милиция кызматкерлери да каармандарына айланганын айтат:

- Окуйбуз десек болбой алып кетип калышат. Көп балдарды алып кетет Дордойдон. Дагы кармап кетет экен деп коркуп качабыз. Ошондон кийин жумушка таптакыр чыкпай калгам, анан кийинчерек милициялар кетти экен деп, кийин кайра чыккам. Азыр иштейм. Милиционерлерди көргөндө качып кетебиз.

Бул маселе менен алектенип жаткан "Доор эли" коомдук бирикмесинин башчысы Гүлжамал Султаналиеванын айтымында, Борбор Азиядагы миллиондогон акчалар айланып жаткан бул чоң базардагы мындай балдардын тагдыры дагы далай жыл көңүл борборунда болот деп эсептейт.

- Дордой бүгүн-эртең жабылып калбайт. Бул базар бир топ элдин сообуна да калат жана бир-топ элдин убалына кала турган болуп турат да. Мунун арасында биз жок дегенде өзгөчө ушул балдарга көңүл бурушубуз керек.

Ошентип базарда иштеген балдардын тагдыры азырынча ушул уюмду гана тынчсыздандырып тургандай...

XS
SM
MD
LG