Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Кыргызстан зөөкүр муунду өстүрүп жатабы?


Адистер балдарга жасалган зомбулук алардын таш боор, а тургай мыкаачы болуп чыгышына шарт түзөөрүн айтууда.

Ички иштер министрлиги жарым жылда 9 ата-энеге балдарына зомбулук көрсөткөнү үчүн «сактоо баракчасын» берген. Ал эми Балдар укугун коргоо боюнча лиганын жетекчиси Назгүл Турдубекова балдарга запкы көргөзгөн үч ата-эне соттолгонун атады. Укук коргоочу мамлекеттик органдар бул маселеге кайдыгер карайт деп кине койду.

- Эгер өкмөттүн социалдык мекемелери туура иштегенде, же мектепте иштеген психологдор менен жооптуу адистер токмоктолгон баланы коргосо, административдик же кылмыш жазага тартылган ата-энелердин саны көбөймөк. Анан бул маалымат коомчулукка бат тарап, башка ата-энелер мындайдан алыс болмок.

Ошол эле кезде Бириккен улуттар уюмунун балдар фондусу - ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы балдардын 72 пайызы ата-энеси тарабынан зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө кабылат. Алардын жарымы ур-токмоктон жабыр тартса, психикалык жактан басмырлоо, мазактоо көрүнүштөрү да аз эмес.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн балдарды коргоо боюнча координатору Венера Урбаеванын айтымында, азыр кедей да, бай да үй-бүлөлөрдө балдар запкы жеп жатышат.

- Эми себептери ар кандай: ата-энелер балдары аларды укпаганы үчүн сабаганын өздөрү мойнуна алышты. Балдар болсо алар үй жумушунун аткарбаганы, үйгө кеч келгени жана мектепте начар баа алганы үчүн токмоктолгонун айтышты.

Бирок көбүнчө колунда жок үй-бүлөлөрдө зомбулук күч алууда. Маселен укук коргоочу Назгүл Турдубекованын уюмуна балдардын укугу тебелениши боюнча 5-6 даттануу түшөт.

- Балдар үй-бүлөнүн чегинде зордук-зомбулукка кабылган учурлар көбөйүп баратат. Ата-энелер балдарын сабаганда көп учурда: «Сен биздин тилди албайсыӊ, мектепте жакшы окубайсыӊ, тамакты көп жейсиӊ» деп урушат экен...

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн адиси Венера Урбаева көпчүлүк ата-энелер билимсиз, бала тарбиялоо жолдорун өздөштүрбөгөнүн айтат:

- Зомбулук жолу менен балдарды тарбиялоо жолунан ата-энелер баш тартышы керек. Көптөрү "балам мени укпай жатса эмне кылышым керек?" - деп сурашат. Позитивдүү тарбиялоо менен чоңойтуш керек – билим аркылуу. Бул жаатта ата-энелердин билимин жогорулатуу боюнча программалар иштеш керек. Бизде бир долбоор былтыртадан баштап ишке ашырыла баштады. Акырындан ал натыйжа берүүдө.

Балдардын укугун коргогон «Доор эли» коомдук бирикмесинин башчысы Гүлжамал Султаналиева болсо таяк менен чоңойгон бала кези келгенде өзү да чоң муштум болот деп эсептейт:

- Баланын калыптанышына ошол зордук-зомбулук эӊ чоӊ ролду ойнойт да. Анан ал башкаларга карата зомбулукту көрсөтүп жатканда өзү балалык кезинде ошондой азап тартканын эстейт...

Кыскасы Султаналиеванын айтымында, Кыргызстанда өсүп келаткан муундун кара өзгөй, зөөкүр чалыш болуп чыгышына чоңдор өздөрү шарт түзүп жаткан экен. Буга байланыштуу адистер мамлекет тез арада үй-бүлө саясатын кайра кароого тийиштигин белгилешүүдө.
XS
SM
MD
LG