Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:58

Туугандын азары болсо да, безери болбойт


Тойдон бир көрүнүш
Тойдон бир көрүнүш
Жакында үйлөндүм. Баары келишти. Жөн келишкен жок, кызмат кылганы келишти. Бири эт бөлөт, экинчиси киши тосот. Жашыраактары столго отурушкан жок. Булар 2-3 ата өткөн туугандарым эле.

Ата Журт жамаатын сөзгө чакырганда бир айыл болуп чыгышты. Талаа-түздө жүргөнү телефон чалып куттукташты. Толкунданып, көзүмө жаш алып турдум. Каны бир, тилеги бир, жүрөгү бир туугандарым бар экенине Жаратканга шүгүр дедим. Бала кездеги туугандарыма боор батырышып, тааныган мезгилди эстеп отурдум.

Чоң атам дүйнөдөн өткөнүнө сегиз жыл болгондо Кадимки Тургунбай Эргешов: “Буйга менен бүтүн турат Жер шары”, - деп жазган Кара-Кулжа районунун Буйга кыштагындагы чоң атамдын мурдагы олутуна үй салып, короо күтүү үчүн бир ат, бир эшек улоо менен эки уй, бир торпокту айдап алып атам-апам, эки иним болуп барып түштүк. Үйлөрүнүн далысы тийишкен, айдоо жери башка болгон менен короосу бирге туугандарым жадырап күтүп алышты.

Бир абамдын эч ким жашабаган үйүнө кирдик да там салууга кириштик. Бири жыгачын көтөрө келет, экинчиси таш чагышат, үчүнчүсү ат менен ылай тебелетет, жеңелер атала-жармасын, айранын апкелет, чоң апалар чай ууртап акылын айтат.

Тээ Омоке бабамын аталаштарынын небере-чеберелеринен бери келип кол кабыш этишет. Үй бүтө элек жатып энчи атап жатышты. Балдары бош калса эле апалар "ой, тур, жөнө, абаңа жардам бер", - деп биз жакка кубалайт.

Мен болсо (анда 6-класста элем) тим эле аларды жардам берүүгө милдеткер сезип алыпмын. Болбосо 3-4 ата өткөн туугандар саламдашкан эле тууган болуп калышат го. Эң кызыгы карын ачканда түз эле биринин үйүнө кирип бармай. Тумбочкасын ачып, нан-каймагын алып, эч кимден сурабай курсакты тойгуза бересиң.

Жаңы барганда Каки абамын үйүнө барып тыкылдатсам, абам "эй, атаң оозун урайын Шаминин (чоң атам) аңкоо баласы, бул жер сенин Чалмаң (Буйгага чейики айыл) беле, түз эле кирип келбейсиңби, чөлдүктөргө окшобой. Бул үй сенин да үйүң", - деп аябай урушкан.

Баса, буларда менин, же биздин үй дешпейт экен. Өйдөкү үй, ылдыйкы үй дешет. Биз салган үй ортоңку үй аталып калды. Баары аралаш, азан-казан. Балдары чокуша кетет. Тим эле катташпай калчудай урушат да, жарым саат өтпөй бири-бирине жардам берип, кызматын кылып жүргөнүн көрөсүң.

Чоң атамдан кичүүсү Турганбай абамын үйү жол боюнда. Келатып эле ошол жакка киребиз. Биз эле эмес, элдин баары ошол жерде. Үч жыл жашап дасторкон жыйылганын көргөн жокмун. Кийин барып калсам деле ошол бойдон. Ыраматылык Ниязбү чоң апам "илмийип эле кыздардай болосуң, тамакты көп-көп жесең. Эркек бала кантип ушунча тамак жесин", - деп каймагын, чөбөгөсүн, талканын, деги эле бар тапканын оозубузга сала берчү. Эх, элеттик энелер! Бардык балдарды өз балдарындай көрүшөт. Аял бир мурдун чүйрүсө, үйүңө конок түгүл бир тууганың да келбей калат эмеспи. А “ылдыйкы үйдөн” адам үзүлбөйт. Көрсө чоң апам кыйкырып урушканы менен ичи кенен асыл адам болгон экен.

Асылдыгы ушул да, Каки абамдын (чоң атамдын кичүү иниси) бардык балдары Турганбай абамды “ата” деп, өз атасын “ава” деп чоңоюшту. Азыр да ата дешет. Анткени Каки абам союз учурунда дүкөнчү болуп, үйдө аз болчу экен. Баары аралашып эле “ылдыйкы үйдө” жашачу тура.

Атамдын бир туугандары да айтып калат, барып эле Ниязбү чоң апамды тебелеп, бир-эки ай жашап калчубуз деп. Жакында Турганбай абамдын небереси айылдык кеңешке депутат болуп улак берди. Менин иним беш жылдан бери бара элек эле, аны жибердик. Тим эле туугандарды айтып түгөтө албайт. Абамдын беш жаштагы небереси "Кыял аке (иним), кел менин тайымды миниңиз, чоңуйаак ат суяп келем азый. Сиз деген меймансыз да. Капачылык жокпу анан",-деп камкордук көрүптүр. Ушул кенедей балача тууганчыл эмес экенмин деп арданып келди. Элеттин тарбиясы да.

Мага туугандык биримдикти, жамандык-жакшылыгын тең бөлүшкөн асылдыкты, тууган үчүн туура жатпай, тик туруп кызмат кылыш керектигин 2-3 ата өтүп бараткан ушул туугандарым үйрөтүштү. Айтып, деп үйрөтүшкөн жок. Жасап, жашап үйрөтүштү. Ошентип үч жыл аралыгында туугандарымды, тууганчылыкты таанып, кайра Чалма айылына көчүп келдик. Чоң атамдын жети баласынын ичинен туугандарга эң көп катташканы биз. Анткени биз гана айылда жашадык. Калгандары талаа-түздө.

Азыр Ошко көчүп келе бергенбиз. Тууганчылыгын атамдын эң кичине иниси эми баштап жатат. Биз болсо капкачантан бери ысык тууганбыз.

Улукбек Омокеев

Ош шаары

XS
SM
MD
LG