Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Алтымыш жети жыл жаңырган кошок


Айылдык актив колхозчуларга согуштан келген каттарды окуп берүүдө. ​ (Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)
Айылдык актив колхозчуларга согуштан келген каттарды окуп берүүдө. ​ (Мамлекеттик тарых музейинен алынган сүрөт)

Ноокат районуна караштуу Ынтымак айылынын тургуну Салима Жадилова 2006-жылы 85 жашында дүйнө салган. Ал 1939-жылы аскерге чакырылып, андан ары согушка кетип дарексиз жоголгон Назир аттуу агасын өмүр бою күтүп жүрүп, көзү өттү. Дарексиз кеткен агасына арнап чыгарган армандуу кошогун да өмүрү өткөнчө айтып жүрдү. Салима апа 18 жашка чыкпай жатып агасынан айрылса, андан көп өтпөй ата-энесинен ажырап, согуш жылдарында томолой жетим калган экен. Салима апанын 80 жаштан ашканда да айтып жүргөн бир топ кошокторун мындан 15 жыл мурун жаздырып алган элем. Аларда бир үй-бүлөнүн эмес, алаамат согушка жакыны кеткен ар бир адамдын арманы, дегеле бүт өлкөнүн муң-зары катылгандай. Салима апанын кошокту айтуу стили сакталды.

Мен жүрөмүн сабылып,

Жүрөгүм сени сагынып,

Кечигесиң келбейсиң,

Кеттиң беле таарынып?

Караван менен мунараң,

Сүрөтүңдү сурунам,

Сүрөтүңдү бербесең,

Сураган менин убарам.

Жетимдик кыйын билгенге,

Эмне болбоң шол бол деп,

Энем таштап кетти эле.

Акеси келип багат деп,

Атам таштап кетти эле.

Кеткенинен келбеди да,

Кемиген жүрөк толбоду.

Солдаттан балам келет деп,

Элим үйгө толот деп,

Атам кетти дүйнөдөн.

Энеңдин аты эмне деп,

Журналга жазып алам деп,

Актуйгун деп ат койгон,

Энем кетти дүйнөдөн.

Кыз алган жарың Уринса,

Сендейди издеп табалбай,

Маңыроо башы маң болуп,

Алмадай башы гаң болуп,

Бул да кетти дүйнөдөн.

Балапан элең кеткенде,

Агала сакал чал болдуң,

Кайрылбаска дал болдуң.

Тууган-урук баарыбыз,

Бир көргөнгө зар болдум.

Кырчын элең кеткенде,

Кыркма сакал чал болдуң,

Кылчайбаска дал болдуң.

Тууган-урук жалпыбыз,

Бир көргөнгө зар болдум.

Айланайын шейитим,

Кайларда калды бейитиң?

Жашыл ала кекилик,

Жардан жарга секирип,

Кырчын жигит канатым,

Кайларда калды бекинип?

Кызыл ала кекилик,

Кырдан кырга секирип,

Кырчын жигит канатым,

Кайларда калды бекинип?

Аптамат мылтык асынып,

Аяктай ташка жашынып,

Жолуңда жолборс жаттыбы?

Жолуккан герман аттыбы?

Жолуккан герман атканда,

Журтуңа көзүң саттыңбы?

Көк бараң мылтык асынып,

Көнөктөй ташка жашынып,

Балапан жигит канатым,

Жолуңда жолборс жаттыбы?

Жолуккан герман аттыбы?

Жолуккан герман атканда,

Тууганга көзүң саттыңбы?

(Салима апанын кошок айтып жаткан видеосу. Ал кошокту 2000-жылы Жеңиш күнүнө утурлай айылда уюштурулган иш-чарада айткан).
Согуштагы агасын 67 жыл күткөн кыздын кошогу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

От боюнда кумганды,

Алып колуң жуудуңбу?

Элимден алыс калдым деп

Зоргодон көзүң жумдуңбу?

Кемегеде кумганды,

Алып колуң жуудуңбу?

Туугандан көрбөй калдым деп

Зоргодон күдөр үздүңбү?

Алтындан жүгөн кашкасы,

Аттиң бир жандын башкасы,

Түшалбайт экен арага,

Болалбайт экен садага.

Күмүштөн жүгөн кашкасы,

Курусун жандын башкасы.

Түшалбайт экен арага,

Болалбайт экен садага.

Жагалмай шакка конорбу,

Кудай таала жан эгем.

Бириңди бириң көрбө деп,

Буйругу шундай болорбу?

Турумтай шакка конорбу?

Жараткан жапар эгемдин,

Бир-бириңди көрбө деп,

Буйругу шундай болорбу?

Асманда жылдыз бир бекен?

Тактектен түшкөн солдаттын,

(Тактек азыркы Ынтымак айылынын эски аты)

Баарынын жаны бир бекен?

Түлкүдөй окшош болбой кал,

Тактектен түшкөн солдаттар,

Түгөйлөшүп жатпай кал.

Коендой окшош болбой кал,

Тактектен түшкөн солдаттар,

Коюндашып жатпай кал.

Арнап барган жерлериң,

Ак нават салып чай берсин,

Ак бейиштен жай берсин.

Күсөп барган жерлериң,

Гүл мейиз салып чай берсин,

Гүл бейиштен жай берсин.

Кайрылып чыккын гүл менен,

Кайырлаш болгун үр менен.

Буралып чыккын гүл менен,

Бурадар болгун үр менен.

Карасын кийбей күрмөнүн,

Кадырын сүрбөй дүйнөнүн.

Кадырын сүрөр кезиңде,

Катуусун көрдүң согуштун.

Кызылын кийбей күрмөнүн,

Кызыгын сүрбөй дүйнөнүн.

Кызыгын сүрөр кезиңде,

Кыйынын көрдүң согуштун.

Азууларын арсайтып,

Аз өлүмдү көп кылды,

Муруттарын чычайтып,

Эр өлүмүн көп кылды.

Каанасы күйсүн германдын,

Катыны өлүп кор болсун,

Эр-жигитке зар болсун.

XS
SM
MD
LG