Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Маданияттуу эл кедей болбойт


Жакында бекитилген 2012-жылдын бюджетинен маданият тармагына 700 млн. чамалуу сом бөлүндү. Эгер мыйзамга таянсак, маданиятка бюджеттин үч пайызына чейин өлчөмдө каражат бөлүнөт деп көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, азыркы бөлүнгөн каражат бюджеттин бир пайызына да жетпейт. Андай болсо төмөнкү пайызды да көрсөтүп коюшса болмок. Бюджетти бычып жатканда маданияттын таламын талашкан депутаттар да болду. Маселен, депутат Эгемберди Эрматов агабыз аябай чыркырап, финансы министринен жок эле дегенде 1 млрд. 200 млн. сом бөлөлү деп суранып жатты, бирок андан майнап чыкпады.

Тарыхты карасак, маданияты бийик элдер бай жашайт. Демек, бул тармак коё турат деп жыл сайын акча аяй берсек, кедейчилигибиз ого бетер артат. Мынаке, мамлекет башчысы “Бизге жеткен ата салтын, мурасын, ыйык сактап урпактарга берели” дегендей ураан таштап жатат, эгер азыркыдай жүрүшүбуз улана берсе, албетте, урпактарга уят болорубуз анык. Экинчиден, Кыргызстанды байырлаган башка улуттардын да тилин, маданиятын, салтын жандандыралы деп улуу элдин учуна, кыска элдин кыйырына жар салып жибердик. Бул максат аткарылаары да арсар. Маданияттан тыйынды үнөмдөбөй эле койсок жакшы болмок.

Эми туризм жөнүндө айта кетсем, аны маданият министрлигине кошуп, бир чети туура кылдык деп эсептеймин. Себеби туристтер келген эл-жердин салтына, үрп-адатына, маданиятына жана тарыхый мурастарына кызыгат эмеспи. Демек, сырттан келген саякатчыларды тейлөөдө, алардын программаларын түзүүдө сөзсүз түрдө маданият кызматкерлери иш алып барганы орундуу болот. Мындан ары туристтик келишимдерди жана программаларды түзүп, аларды башка мамлекеттерде реклама жасоодо кыргызстандык тарыхчылардын, маданият мекемелеринин жана ишмерлеринин ролу кескин өсөт.

Эми туризмдин бюджетин эсептейли. Туризм маданият министрлигине кошулгандан кийин жок эле дегенде ошол бюджетке 25% кошулуш керек эле, тилекке каршы 7 млн. сом гана бөлүнгөн. Мынча каражат менен туризмди жандантам, көтөрөм деп үмүт этиш да кыйын. Албетте, казына жарды, таңкыс болуп жатат, бирок туризм бат эле өз кайтарымын берет эле. Бир жайда эле Ысык-Көлдөн, Сары-Челек, Арсланбап, дагы башкаларынан кыйла киреше түшмөк.

Менин билишимче, экономиканы да, бизнести да маданияттуу, билимдүү адамдар көтөрөт. Кара күчтүн заманы өткөнү качан?

Мамашарип ЧОТОНОВ, экономика илимдеринин кандидаты
XS
SM
MD
LG