Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Эне тилин сүйбөгөн...


Биз, кыргыздар көп колдонгон сөз бар го, “чыгынып” деген. “Чыгынып бир баштасам болот эле”, “Бир чыгынып койсом бүтүп калат эле”, же “Качан жасайсың тигил ишти?” деп бирөө сураса, “Чыгынганда” деп коюп жүрө беребиз. Өлчөм-ченеми жок, бирок адамды кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчиликтүү кылып койгон убакыт ченеми.

Мен Интернет дүйнөсүнө аралашканына 10 жылдан ашып калган, жашоосун Интернетсиз элестетүү кыйыныраакка турган муунга кирип калдым. Айрыкча акыркы убактарда күнүмдүк турмушумдагы дээрлик баардык маалыматты Интернет булактарынан алам. Кесибим антрополог (адам таануучу) болгондуктан адамдардын жекече ой-пикирин, тажрыйбасын чагылдырган блогдор абдан жагат. Ата Мекенимден алыс жашагандыктан, мекендештеримдин блогдорун жантыгымдан жата калып окуйм. Бирок жана башта сөз кылгандай, чыгынбай жүрө берип, мен өзүм өмүрүмдө бир да жолу Интернетке макала чыгара элек экенмин.

Сөздүн кыскасы, мына азыртадан баштап, Ата-Журтум, эне тилим, маданиятым, кайын-журтум (АКШ) ж.б. тууралуу ой толгоолорум, тажрыйбаларым менен бөлүшүп, макала-блогдорду жазып турайын деп чыгынып жаткандагы кербезим.
Айтмакчы, минтип чыгынып калгандыгыма “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаевдин кечээ-мурдагы күнү жазган “Урушпай эле жашайлычы...” деген макаласы түрткү болду десем болот. Окуп алып, жүрөгүмдү өйкөгөн ойлорумду, пикир-сунуштарымды мен дагы ушинтип жазып баштайынчы, бирөө болбосо бирөө кызыгып окуп калаар, ал гана турсун балким бирөөнүн дүйнө таанымына таасири тийер деп ойлодум.

Эки күндөн бери социалдык тармактарда бийликтеги адамдардын кыргыз тилин билүү туурасында талаш-тартыштары “тренд” болуп жатат. Мен алгачкы блогумду тил тууралуу баштоо менен, ошол талаш-тартыштарга “2 тыйын” кошумчамды кошуп коёюн.

Тил маселесине келгенде эле биз бири-бирибизди “сен маңкурт, мен маңкурт” деп келекелеп, “кыргыз эли улуу эл, кыргыз тили улуу тил” деп кур көкүрөк каккылап, анан бийликтеги кыргызча эркин сүйлөй албаган он-он беш адамга асылганыбыз күчөп бара жаткандай. Албетте, талаш жок, эл башындагы адамдар мамлекеттик тилди билбөөсү абдан туура эмес, бирок ошол нерсе алардын иш-жөндөмүнө, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жасаган далалаттарына кесепетин тийгизип жатабы, менимче, маселе ошондо.

Балким азыркы учурда бийликтеги адамдардан мамлекеттик тилди билишиң керек деп талап койбой, мамлекеттик тилибизди сактоодо, өнүктүрүүдө, жайылтууда кандай иш чараларды көрүп жатасыңар деп талап койсок туура болчудай. Жашыруун эмес, азыркы убакта өлкөбүздө башка бардык өкмөттүк институттар менен катар, мамлекеттик тил институту жарытарлык иш алып барбайт. Орто мектептердеги окуучулардын жаман көргөн сабактарынын бири - кыргыз тили жана адабияты. Анткени окуу китептери аларга түшүнүксүз илимий тил менен жазылган, ал эми мугалим болсо “сын атооч, тактоочтун эрежесин жаттап келгиле, баланчанчы беттеги аңгемени дептериңерге көчүрүп келгиле, баланча жазуучунун чыгармасын окуп келип айтып бергиле” деген сыяктуу тилге болгон терең кызыгууну ойготпогон, ой жүгүртүү туудурбаган тапшырмалар менен чектелет. Орус тилдүү мектептерде андан да жаман.

Менин бир орус улутундагы кесиптешим кызынын үй тапшырмаларына жардам берүүмдү өтүнчү эле, кээде окуу китептерин карап алып ыйлагым келчү. Тилди тез жана эффективдүү үйрөнүп кетүүгө багытталган методология, стратегия деген нерселерден эч нерсе жок, жөн гана тексттердин жана грамматикалык эрежелердин жыйындысы.
Тексттер демекчи, кыргыз мектебин бүткөн мага дагы оор келген татаал тексттер. Тапшырма: окуп которуп, жөндөп келүү же асты сызылган сөздөрдү катыштырып жаңы сүйлөмдөрдү түзүү, жана башка, жана башка...

Эми бул көйгөйлөр баарыбызга тең эле айдан ачык деңизчи... Бирок негизги маселе, көпчүлүк ошол көйгөйлөрдү кантип чечебиз, оңдойбуз, мен кандай салым кошо алам деп талкуулабай, “кыргыз тилибиз куурап баратат, анткени “тиги Айтматова кыргызча сүйлөбөй койду”, “Бекешев элди жыргатпайт, кыргызча бир сөз айтпайт” деп эле бирөөнү күнөөлөп, эки экиден жаатташып, урушуп, талашмайлар... “Эне тилин сүйбөгөн, элин сүйүп жарытпайт” деп улуу сөздөрдү орундуу-орунсуз колдонуп көкүрөк койгуламай... “Кыргызча сүйлөсөм, орусча сүйлөгөн кыргыздар “мырк” деп атышат ” деп доомат койгондор... Ооба, бул маселенин баары бар, орчундуу, бирок талашып-тартышып, күнөөлүүлөрдү издеп, башка бирөөдөн бир нерсе күтпөй, ар кимибиз өзүбүздү жоопкерчиликтүү сезип, колубуздан келген аракеттерди кылып кыймылдай берсекчи?..

Балким, так ошол биз кыргызча билбейт деп жемелеп жаткан депутаттарыбыз тилибизди бүткүл мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүүнүн эффективдүү системасынын долбоорун өз моюндарына алышаттыр, эгер алардын жиндерине тийип жемелей бербесек?.. Же мен алыста жатып алып эле, өзүмчө эле кыйын болуп, мүмкүн болбогон нерсени айтып жатамбы?

Ооба, куру сүйлөп жаткан жокмун. Тигил же бул чөйрөдө кыргыз тилин үйрөтүүгө, жайылтууга жан үрөп, өкмөтүбүздөн эч нерсе сурап, күтпөстөн эле, өз демилгелери менен долбоорлорду ишке ашырып жаткан адамдардан уучубуз куру эмес.

Төмөндө мен билген иш-аракеттердин тизмесин койбосом болбос:

- Кыргыз тилин үйрөнүңүз – Эл жана маданият менен байланышта болуңуз. Бакытбек Токубек уулу

https://www.facebook.com/pages/Kyrgyz-Language-book-Admired/112957458720511

- We want Kyrgyz Language in Google Translate www.enetil.kg

- Википедия кыргыз тилинде http://ky.wikipedia.org

- Кыргыз тилине байланышкан 17 кызыктуу сайт ttp://ht.ly/1gXgyE


Баса, Борбордук Азиядагы Америка университетинин кыргыз тил кафедрасы тилди абдан таасирдүү окутат, анткени филология илимдеринин доктору Гүлнара Айтпаевнын жетекчилиги астында тил окутуунун ыкмасын иштеп чыгышып, жогорку сапаттагы окуу куралын түзүшкөн.

Бул иш аракеттин баары өкмөт өз колуна алмайынча бүткүл мамлекеттик деңгээлде ишке аша албай, белгилүү бир чөйрө менен чектелип кала берет го...


Гүлжан Кудабай-Галлагер, АКШ
XS
SM
MD
LG