Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Синтетикалык маңзаттарды колдонуу көбөйдү


Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат быйыл жүгүртүүдөгү эки тоннага жакын баңгизаттарды кармап, 800гө жакын адамды камады. Адистер болсо баңгизат базары мурункудай эле калыбында ишин улантып жатканын айтышууда. Кыргызстанда баңгизат колдонгон он миңден ашык киши каттоодо турат, бирок алардын саны алдан канча көп экенин статистика ырастоодо.

Георгий героинди он жылдан ашык колдонду. Ага чейин нашаа чегип жүрчү. Баары тамекиден башталган. Бир күнү классташынын тили менен нашааны татып көрүп, кийин ага көнүп кеткен.

Героинди университеттеги досторунан үйрөнгөн. Он жыл бою дозадан дозага чейин жашап, күн өткөрүп келди. Кыргызстанда баңгизат табуу татаал эмес.

- Маңзатты табуу жолдорунун конспирациясы күчөдү, анткени милиция кызматкерлери анча-мынча натыйжалуу иштеп калышты. Ошол эле учурда маңзаттарды жайылткандар жоголгон жок: эгер аларды бир институтта кармап калса, жайылтуу каналы башкасында иштей баштайт, же кыраакы болуп калышат. Баңгизатты саткандар көбүнчө жаштар көп чогулган жерде активдүү иштешет: клубдарда, дискотекаларда, барларда. Адегенде тегеректеги тааныштарын отургузат, анан алар өзүнүн тааныштарын отургузсун деп түртөт... Бизнесин ушинтип өнүктүрө беришет.

Георгий азыр баңги эмес. 17 жашынан 34 жашка чейин баңгизат менен алышкан каарманыбыз өнөкөттөн кутулганына бир жыл болду. Ал атайын терапиядан өтүп, азыр эми мектептерди жана университеттерди кыдырып, балдарга өзүнүн мисалы аркылуу баңгизаттардан алыс болууга чакырып жүрөт.

Баңгизатты колдонгондорду дарылоого жардам берген “Наркологиядагы альтернатива” уюмунун жетекчиси Ирина Пугачева баңгизаттарды жөнөкөй жайылтуучулардан сырткары милиция кызматкерлеринен да сатып алса боло турганын белгилей кетти.

- Бизге келген кишилерден сураганда, алар "маңзаттарын тартип коргоо органдарынан алдык" деп жооп беришет. Бардык милиционерлер бул менен алек деп айтпайм, бирок алар маңзат саткандарды кармап, алардын товарын башкаларга коркутуп сатканы белгилүү эле нерсе.

Андан сырткары бул бизнес түрмө жана убактылуу кармоочу жайларда да иштей турганын кошумчалай кетти.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда баңгизатты колдонгондордун басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт, алар кантип баңги болушканын билбей да калып атышат. Георгийдин пикиринде жаштар курбуларынын арасында өзүн мартабалуу көрсөткүсү келип, мактаныш үчүн татып көрүшөт да, азгырылып кетишет.

- Бизде көбүнчө нашаа жана героинди колдонушат, дары сыяктуу “Экстези” деген наркотик да жайылууда. Андан сырткары, азыр клубдарда Кытайдан жана Европадан келген синтетикалык маңзаттар белгилүү болууда. Бул наркотик эмес, жөн эле жеңил стимулятор, ага көнбөйсүң деп коюп, бул маңзаттарды сатып жатышат.

Мурунку баңгилердин маалыматы боюнча азыр Кыргызстандын көмүскө базарында героиндин бир грамм дозасы 1000 сомдун тегерегинде, нашааны бир жолу чегүүгө 700 сомдой керек, синтетикалык жана башка дары деп сунушталып жаткан маңзаттардын бир дозасы беш миң сомго чейин жетет. Ал эми аларды кандайдыр бир белгилүү социалдык катмар сатып алат деп айтууга болбойт. Алармандар арасында кедейи да, байы да, орточо жашаганы да бар.
XS
SM
MD
LG