Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:26

"Мир" телекомпаниясынын имараты талашка түштү


Мамлекеттер аралык "Мир" телерадиокомпаниясынын Кыргызстандагы кеңсеси Бишкектин борборунда жайгашкан
Мамлекеттер аралык "Мир" телерадиокомпаниясынын Кыргызстандагы кеңсеси Бишкектин борборунда жайгашкан

"Мир" телеканалынын Бишкектеги өкүлчүлүгү Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ага тиешелүү үч бөлмөнү мыйзамсыз бузуп, имаратка залака келтирди деп Фондго доомат артып жатат.

"Мир" эл аралык телеканалы бузулган бөлмөлөр үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддон компенсация доолап жана имарат дубалын бекемдөөнү талап кылууда. Бул чатакта өкмөт телеканал тарапты жактап, “мыйзамсыз кадамдар” үчүн мамфондго чара көрүүнү суранып жатат.

Телеканалдын Бишкек кеңсесинин башчысы Динара Сүймалиеванын баамында, чиновниктер имаратты атайылап авариялык абалга жеткирип, "Мир" телеканалын көчүргөн соң, бул майлуу-сүттүү жерге ээлик кылгысы келип жатат.

- "Мир" телеканалы түзүлгөндө бул имаратты өкмөт Кыргызстандын атынан салым катары берген. "Мир" – бул тогуз өлкө тең ээ болгон эл аралык канал болгондуктан, Бишкектеги имарат жалгыз гана Кыргызстандыкы эмес, жалпы баарыбыздыкы жана баарыбыз башкарабыз. Мамлекеттик мүлк боюнча фонд токтомунда имарат "Мир" телеканалына колдонууга берилет деп жазып, анан астында имараттын ээси мамлекет деп койгон. Бул туура эмес. Ал өзүнүн токтомун кайра жазып чыгыш керек. А мамфонд болсо ошого асылып алып талашып жатат.

Динара Сүймалиева талаштуу имараттын жанында
Динара Сүймалиева талаштуу имараттын жанында
Бирок Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Мир" телеканалы боюнча келишим боюнча каралган имаратына тийишпегенин, болгону ашыкча алган 16 чарчы метрди бузууга буйрук бергенин айтууда.

Бул талаштуу имарат Бишкектин чок ортосунда – Совет менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан. Имараттын сол тарабы "Мир" телеканалына, оң тарабы менчикке берилген. Былтыр оң тарабынын ээси өзүнө таандык бөлүгүн бузган. Ага улай Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Мир" телеканалына таандык делген үч бөлмөнү "мамлекетке караштуу жана авариялык абалда" деп декабрда буздурган. Буга каршы "Мир" телеканалы ар кандай бийлик бутактарына кайрылып, акыры бузуу иштери жарым жылга токтотулган. Июнда кайра уланып, азыр имараттын оң ыптасынын ордуна көп кабаттуу үй салынууда.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун юридикалык башкармалыгын жетектеген Болот Мукашев алар өзүнө караштуу гана бөлмөлөрдү бузганын жана "Мир" телеканалынын имаратына тийишпегенин билдирди.

- Бул бөлмөлөр "Мирге" берилген 612 чарчы метрден тышкары кыймылсыз мүлк болчу. Аларга телеканал кызматкерлери сол тарабынан кире алышчу эмес, бери чыгып оң тарабынан гана киришчү. Ошол үчүн алар котормо агенттигине ижарага беришчү, бирок мамлекетке салык төлөчү эмес.

Болот Мукашев жакын арада телеканалдын имаратынын чети кошумча дубал менен бекемделерин эскерте кетти.

​2013-жылдын январь айында бул чатакты Башкы прокуратура териштирип, келишим боюнча "Мир" телекомпаниясына берилген мүлктүн баары ага гана таандык, мамлекеттик фонд мыйзамды бузган үчүн "Мир" телеканалына компенсация төлөп, органдын өзүнө чара көрүлүш керек деген катты өкмөткө жиберген.

Бирок ал көрсөтмө дагы эле аткарыла элек, дейт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан Алманбет Абдраманов:

- Кыргызстанда "Мир" телекомпаниясына колдонууга берилген бардык мүлктүн ээси жалгыз гана "Мир" деп саналат жана Кыргызстанда иштеп жаткан күнгө чейин аларды башкарууга укуктуу. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мыйзамсыз түрдө телеканалга таандык бөлмөнү бузуп, ишканага залака келтирген. Бул боюнча өкмөт чара көрүш керек болчу, бирок Башкы прокуратуранын чечимин өкмөт дагы эле карай элек.

Бул маселе боюнча өкмөт аралык комиссия түзүлүп, апта соңуна чейин караларын өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Нурзада Токтогулова билдирди. "Мир" телеканалынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Динара Сүймалиева телеканал эл аралык болгондуктан бул маселени сот аркылуу чечүү мүмкүн эместигин айтты.

"Мир" телекомпаниясы 1992-жылы КМШга кирген 9 өлкө арасында түзүлгөн. 9 өлкө каржылаган канал мурунку совет өлкөлөрүндөгү окуяларды өздөрүнөн сырткары спутник аркылуу дүйнөгө көрсөтөт. "Мир" телеканалынын өкүлчүлүгү Кыргызстанда 1997-жылы ачылган. Теледен сырткары 2005-жылдан бери Бишкекте радиосу да жаңырып келет.

XS
SM
MD
LG