Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:47

Музейге сарпталган миллиондор


Тарых музейинин ичиндеги бул жыгач мамынын ар бири 1137 евродон алынган.
Тарых музейинин ичиндеги бул жыгач мамынын ар бири 1137 евродон алынган.

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасы Тарых музейин жаңылоого жумшалды делген 1,5 млрд. сомдун дайынын иликтеди.

2014-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, Тарых музейин Түркиянын Кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) жаңыламак. Түрк өкмөтү музейдин ичи-тышын жаңылоого 15 млн. доллар грант бөлөрү айтылган. Бирок ТИКА ар кандай себептерден улам музейдин сыртын гана жаңылаган. Ага 4,2 млн. доллар жумшалган.

2017-жылы Кыргызстандын бюджетинен музейдин ичин жаңылоого 1,5 млрд. сом же 23 млн. доллардын тегерегинде акча бөлүнгөн. Музейдин ички жабдыктарын жаңылаган германиялык Vitrinen und Glasbau REIER компаниясына 869 млн. сом бөлүнгөн. Ал эми Тарых музейинин ички ремонтун жасаган “СМУ-3” жоопкерчилиги чектелген коомуна 700 млн. сомго жакын каражат берилген.

Немис ишканасы музейге алынган эмерек-жабдыктарды 9 миллионго жакын еврого же 650 млн. сомго баалаган. Маселен, музейдин фойеси, кассасы жана дүкөнү үчүн эмерекке 272 миң евро, гардероб үчүн 142 миң евро, кире бериш жана кафе үчүн 224 миң евро, жыйындар жана кинозал үчүн эмерекке 132 миң евро, фойе, аудитория, дааратканаларды жарыктандырууга 92 миң евро жана дизайнер кеңешчинин кызматы үчүн 394 миң евро жумшалган. Бир евро ошол учурда 75 сомдун тегерегинде болчу.

Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштеринин долбоордук сүрөтү.
Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштеринин долбоордук сүрөтү.

Немис ишканасы 60 жыгач мамынын ар бирин 1137, жүзгө жакын отургучту ар бирин 1200 жана эки жыгач атты 28 миң евродон алып келген.

Расмий документтердин хронологиясы боюнча 2017-жылдын 29-августунда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Тарых музейине керектүү жабдык-эмеректерди сатып алууга бюджеттен 869 млн. сом бөлүү боюнча буйрук чыгарган.

16-ноябрда президенттик аппараттын Этникалык жана диний саясат боюнча бөлүм башчысы Мира Карыбаева оңдоп-түзөө иштери боюнча жыйын куруп, курулуштун сапатын көзөмөлдөө боюнча Курулуш агенттигине тапшырма берген.

Эң кызыгы германиялык Vitrinen und Glasbau REIER компаниясына 869 млн. сомдук иш ким тарабынан, кандай критерий менен берилгени тууралуу бир жактуу маалымат жок.

Маданият министрлиги менен Тарых музейи немис компаниясын президенттик аппарат тандаган десе, президенттик аппарат курулуш агенттигине түртө салууда. Курулуш агенттиги болсо кайра эле Маданият министрлигине шылтоодо. Кыскасы кудум футбол оюнундай. Маданият министрлиги менен музей кызматкерлери музейди оңдоп-түзөө иштерин толугу менен президенттик аппараттан Мира Карыбаева тескегенин айтышууда. Ал эми Карыбаева болсо текст текшергенден башка акчага аралашпаганын, немистерди тааныбай турганын айтууда.

REIER компаниясы улам бир шылтоо айтып маалымат берген жок. Анткен менен алардын буга чейинки маалыматтары Карыбаеванын калпын чыгарат. Анткени интернеттеги ачык булактардан кызыктуу маалымат таптык. Компаниянын директору Уве Рейер 2017-жылдын 15-ноябрында немис басылмаларынын бирине берген маегинде ошол кездеги президенттин аял кеңешчиси Германиянын Лаута шаарына келип компания менен таанышкандан соң келишимге кол коюлганын айткан. Рейер "кеңешчи" деп Мира Карыбаеваны айткан. Карыбаева Лаутага атайын тапшырма менен эмес, башка иштер менен эле барып немис компаниясына кире чыкканын 24.kg агенттигине тастыктаган.

Буга чейин Сапар Исаков баш болуп REIER компаниясын апендинин кызындай мактап, Лувр, Эрмитаж сыяктуу дүйнөлүк музейлерди да жасаганын айтышкан. Ооба, аталган музейлерди да жасаган, бирок витриналарын гана. Рейер 30 жылдык тажрыйбасында алгач ирет витрина орнотуудан тышкары эмерек-жабдыктарды жеткирүү боюнча заказ алганын, 9 млн. евролук келишим биринчи болуп Кыргызстан менен түзүлгөнүн директордун маегинен окууга болот. Демек музейдин интерьери, дизайны, жабдыктарды орнотуу боюнча тажрыйбасы болгон эмес. Ошентсе да немис компаниясы ар бири 40 тонналык 36 фура менен Лаутадан Бишкекке эмерек-жабдык алып келген.

Музейдеги миллиондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:21 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG