Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:55

Жаңы конуштар шайлоого көңүлкошпу?


Бишкектеги жаңы конуштардын бириндеги балдар.
Бишкектеги жаңы конуштардын бириндеги балдар.

Бишкекти курчаган жаңы конуштардын тургундары бул шайлоого солгун катышканы байкоочуларды таң калтырды.

Бишкектин түштүк-батышындагы Арча-Бешик жаңы конушундагы 93-мектептин директору Гүлжамал Мадамилова кечээ өткөн шайлоого жарандар күткөндөн кыйла аз келгенине таң калууда.

- Биздин мектепте эки шайлоокана бар болчу: 1038 жана 1039. Бирөөсүндө эки миңге жакын шайлоочу бар, экинчисинде эки миңден ашык шайлоочу бар эле. Бирок Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоодо добуш бергендердин саны аз болду – 1038де шайлоочулардын саны 484 болду, ал эми 1039да болсо 700гө жакын болду. Бизде ар бирөөсүндө эки миңдей шайлоочу бар эле, бирок аз келди деп эсептейм.

Арча-Бешиктин тургуну Гүлзат Токтогожоева бул шайлоого жаңы конушта кайдыгерлик жана негизинен ишеним аз болду деп эсептейт:

- Бул шайлоого анча деле кызыккан жокмун. Өзүм деле түшүнгөн жокмун эмнеге экенин. Бирок биз мурунку шайлоолордон ким акчаны көп чачса, ошол эле партия өтөт, таза шайлоо жок деп калбадыкпы. Кечээ шайлоого барсам баягы эшикте тизилип турган эл жок. Аябай жымжырт. Бопбош. Үч кабина туруптур, иреттер жок...

Гүлзат мурун партиялар менен саясатчылар элдин жанын койбой үгүттөп жүрүшсө, мында андай көрүнүш болбогонун да кошумчалады.

“Таза шайлоо” ассоциациясынын байкоочулары конуштардын көбүндө добуш бергендер саны 30-40 пайыздан ашпаганын белгилешти. Бир чети тургундардын бир бөлүгү тизмеде жок болсо, экинчиден, көп тургундардын алигиче каттоосу жок.

Социология илимдеринин кандидаты Бакыт Амир жаңы конуштардагылар бир чети өздөрүн дагы эле Бишкек шаарынын тургуну катары сезбегени үчүн, экинчи жактан партиялар үгүт иштеринде басымды шаардын ички тургундарына жасаган үчүн ушундай жыйынтык чыкты деген ойдо:

- Мындай сандар элдин пассивдүүлүгүнөн эмес, элдин ишеними кеткен үчүн болуп жатат. Партиялар Бишкекте мурунтан эле жашап келгендерге басым кылып жатышты. Бирок бул убактылуу көрүнүш деп эсептейм. Кийин жаңы конуштагылар каттоодон өтүп, документтерин иреттеп алышса, кийинки шайлоону жаңы конуштун тургундары чечиши мүмкүн.

Амир Бишкек шаарынын ички мигранттарынын каттоо маселеси чечилип, бийликтегилер жаңы конуштарга бирдей көңүл буруп, инфраструктурасын оңдосо, кийинки шайлоолордо бул көрүнүш өзгөрөрүн кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Бишкек шаарында 350 миңдей шайлоочу катталган. Бейрасмий маалымат боюнча, борбор калаада бир миллиондон ашык адам жашайт. Алардын көбү – аймактардан келген ички мигранттар.

XS
SM
MD
LG