Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

Өкмөт ЕАЭБ көйгөйүн Беларуста көтөрдү


Беларустун, Кыргызстандын, Орусиянын өкмөт башчылары жана Казакстандын вице-премьер-министри. Гродно, 8-сентябрь, 2015-жыл
Беларустун, Кыргызстандын, Орусиянын өкмөт башчылары жана Казакстандын вице-премьер-министри. Гродно, 8-сентябрь, 2015-жыл

Премьер-министр Темир Сариев Беларустун Гродно шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынына катышып кайтты.

Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына Орусия, Беларус, Армения жана Кыргызстандын өкмөт башчылары, Казакстандын биринчи вице-премьер-министри катышты. Жыйында ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өнөр жай саясатын координациялоо, макроэкономикалык жана каржылык туруктуулукту камсыз кылуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү, чет мамлекеттер жана Европа кеңеши сыяктуу эл аралык уюмдар менен мамилени өнүктүрүү маселелери талкууланып, бир катар келишимдерге кол коюлду.

Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Виктор Христенко жыйында жетишилген келишимдер тууралуу буларды айтты.

- Бул экспортту колдоого жана бажы тарифтерин өзгөртүүгө өбөлгө болот. Бул интеграцияны тереңдетүү үчүн маанилүү документ. Мындан сырткары интеллектуалдык менчикти коргоодо өз ара кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык келишим да кабыл алынды.

Премьер-министр Темир Сариев иш сапарынын алкагында Беларустун жана Орусиянын өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, мындан аркы кызматашууну талкуулады.

Коңшулар жериген эт-сүт, кодуланган ишкерлер

Сариев премьер-министрлердин жыйынында казак-кыргыз чегинде ары-бери каттоодогу кыйынчылыктарды баса белгилеп, уюмга кирген өлкөлөрдү Кыргызстанга карата дискриминация кылбоого чакырды.

Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

- Бүгүнкү күндө товарларды Кыргызстандан ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө ташууда бир катар көйгөйлөр бар. Албетте, бул техникалык маселелер, бирок биз өнөктөштөрүбүздүн көңүлүн Кыргызстандын жарандарына жана товарларына дискриминациялык мамиле кылбоого жана мындайга жол бербөө үчүн чара көрүүнү суранабыз. Кыргызстандын жарандары, ишкерлери интеграциянын бардык оң жактарын сезиши керек.

Өкмөт баштысы, мындан тышкары, өнөктөштөрүнөн 1-октябрга чейин кыргыз-казак өткөрмө бекетиндеги ветеринардык көзөмөлдү алып салууну, Кыргызстандын эт, сүт азыктарына тарифтик квота бекитүүнү өтүндү.

Казакстан бир нече жыл мурда ветеринардык талапка жооп бербейт деген негизде Кыргызстандан эт жана сүт азыктарын алып кирүүгө толугу менен тыюу салып койгон.

Жаш ишкерлер бирикмесинин аткаруучу директору Руслан Акматбек Кыргызстан улуттук кызыкчылык үчүн Казакстан сыяктуу эле коңшу өлкөнүн эт, сүт азыктарына да тыюу салуу керек деген пикирде.

- Казакстан биздин эт, сүтүбүздү киргизбейт. Ошол эле учурда алардын азыктары бизге ээн-эркин эле кирип жатат. Ишкерлер эмне үчүн өкмөт биздин кызыкчылыктарды коргобойт деген суроону көптөн бери узатып, жооп ала албай келет. Биз ЕАЭБ ичинде улуттук кызыкчылыкка дал келбеген маселе болсо, ачык айтуудан тартынбашыбыз керек. Бардык көйгөйдү сүйлөшүү жолу менен чечсе болот да.

Өкмөттүн ыкшоолугу элди кыйнады

Мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров Кыргызстан ЕАЭБге даярдаксыз киргенин эске салып, уюмга кошулгандан кийинки көйгөйлөрдү чечүүдө өкмөт шалаакылык кылып жатат деп сындады. Анын айтымында, мал жандыктарды идентификациялоо мыйзамы кабыл алынмайынча коңшулар эт-сүт үчүн эшик ачпайт.

Казакстан биздин эт, сүтүбүздү киргизбейт. Ошол эле учурда алардын азыктары бизге ээн-эркин эле кирип жатат. Ишкерлер эмне үчүн өкмөт биздин кызыкчылыктарды коргобойт деген суроону көптөн бери узатып, жооп ала албай келет.
Руслан Акматбек

- Евразиялык мейкиндикти элдин баары бейиш деп ойлогон. Менимче, чоңдор да ошентип элестетип алышса керек. ЕАЭБде атаандаштык чоң, ким ыкчам аракет кылса ошол жеңет. Биздикилер болсо жолугушуулар менен гана чектелип жатат. Малдын идентификация мыйзамын бүтүрбөсөк, казактар да, орустар да эт-сүтүбүздү албайт.

Айрым эксперттер ЕАЭБдин курамындагы Казакстан өздөрүнүн улуттук кызыкчылыгын коргоп, Кыргызстанга кыр көрсөтүп келатканын айтып келишет. Буга кошулбаган Жапаров эки өлкөнүн мамилеси мурдагыдан жакшырганын, ортодогу көйгөйлөр тиешелүү кызматтардын кенебестигинен орун алып жатат деген ойдо.

Кыргызстан ЕАЭБге толук мүчө болгон 12-августтан тарта казак-кыргыз чегиндеги бажы көзөмөлү алынып, жарандардын ары-бери каттоосу жана товар алмашуу эркин жүрөрү айтылган. Бирок кыргыз ишкерлери Казакстан чек арада текшерүүнү мурдагыдан да күчөтүп, товарлардын өтүшү оорлогонун айтып келишет. Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны ноябрда Ереванда өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG