Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:35

Арабдарда кыргыз экономикасына кызыгуу күч


Өкмөттүн жыйыны. 31-октябрь, 2014-жыл.
Өкмөттүн жыйыны. 31-октябрь, 2014-жыл.

Араб өлкөлөрүнүн бир катар өнүктүрүү фонддорунан түзүлгөн Араб координациялык тобу Кыргызстанга 1 млрд. 130 млн. долларлык инвестиция салууга кызыкдар экени Бишкекте өткөн жолугушууда айтылды.

Онго жакын Араб өлкөсүнүн өнүктүрүү фонддоруна кыргыз өкмөтү энергетика, жол-байланыш, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана айыл чарбасына байланыштуу 23 долбоорду каржылоону сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматкери Мелис Эржигитов “Азаттыкка” билдирди.

- Араб өлкөлөрүнүн өнүктүрүү фонддору менен кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү жолугушту. Кыргыз өкмөтү аталган фонддорго жана Ислам өнүктүрүү банкына 23 долбоорду каржылоону сунуштады. Стратегиялык долбоорлордун жалпы суммасы 1 млрд. 130 млн. доллар.

Арабдар “Манаска” жүк ташуучу борбор курушу мүмкүн...

Сауд Арабиясы, Бириккен Араб эмираттары, Кувейт, Катар сыяктуу өлкөлөрдүн өнүктүрүү фонддору “Манас” аба майданына жүк ташуучу борбор курууга, өлкөнүн ички жолдорун оңдоого, ооруканаларды курууга жана энергетика тармагындагы долбоорлорду каржылоого кызыкдар экенин билдиришти.

Экономика министри Темир Сариев Араб өлкөлөрүнүн калкынын көбү мусулман Кыргызстанга болгон кызыгуусу чоң экенин белгиледи:

- Биз менен болгон карым-катыштары жакшы. Тилекке каршы буга чейин Ислам банкы менен иштешип, фонддор менен мамиле түзбөй келгенбиз. Мына бүгүнкү отурумда көптөгөн сунуштарды бердик. Алар бизге Орто Азиядагы өнүгүп келаткан өлкө катары карашат. Арабдар биз менен тыгыз алака түзүүгө кызыкдар, анткени бизде мусулмандар басымдуу.

Сариев кошумчалагандай, Араб өлкөлөрү стратегиялык долбоорлорду жеңилдетилген насыялардын жана гранттык каражаттардын эсебинен каржылайт. Өнүктүрүү фонддору кыргыз өкмөтүнүн сунушуна эки айдан алты айга чейинки убакыт ичинде жооп кайтарат.

Араб инвестициясын Кыргызстанга тартуу үчүн алгач өлкөдө туруктуулук болушу кажет. Мындай пикирин мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров ортого салды. Ал арабдардын Кыргызстанга болгон кызыгуусун мындайча чечмеледи:

- Тилекке каршы соңку жылдары Араб өлкөлөрүндө тынчтык болбой, акчалар ал жактан кача баштады. Ошондуктан араб инвесторлору акчаларын ишенимдүү жерлерге коюшту максат кылып, Кыргызстанга келип отурат. Биз болгону аларды туура пайдаланып калышыбыз керек. Буга чейин ар кандай банктардын акчаларын жолго, таза сууга деп эле коротуп келгенбиз. Инвестициядан элге түз пайда тийгендей болушу зарыл.

Жеке инвестиция неге тартылбайт?

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Актилек Түнкатаров арабдардын акчасы инфраструктурага эмес, иш орундарын көбөйтүүгө жумшалса, алда канча натыйжалуу болмок деген пикирде:

- Жеке инвестициялар тартылса жакшы болмок. Аталган курулуштар бүтүшү мүмкүн, бирок андан эч кандай салык түшпөйт. Ушу кезге чейин эле ар кандай каржы уюмдардан насыя, грант алып келебиз. Бирок пайда анча болгон жок. Ошондуктан кайсы инвестор болбосун иш орундарын түзүүгө, ишкана курууга тартканыбыз оң.

Араб координациялык тобунун алгачкы отуруму Бишкекте 2009-жылы өткөн. Араб өнүктүрүү фонддору менен кыргыз өкмөтүнүн жолугушуусу 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин алгач ирет өттү. Буга чейин Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 115 млн. долларга жакын жардам алган. Өлкөдөгү мечиттердин көбү араб ишкерлеринин акчасына курулуп келет. Адистердин баамында, соңку мезгилдерде Орусия, Кытай сыяктуу ири державалардын араб өлкөлөрү менен болгон экономикалык кызматташтыгы артууда.

XS
SM
MD
LG