Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

"Майдан.кж" гезитинин окурмандары митингге чыкты


Баткенде оппозициялык маанайдагы "Майдан.кж" гезитинин окурмандары "өкмөт басма сөзгө кысым жасап жатат" деген жүйө менен митингге чыгышты.

Митингдин катышуучулары өкмөт бийликке келээр алдында сөз эркиндиги тууралуу убадаларын аткарбай жатат деген пикирде.

Айрымдар ММК өкүлдөрүндө да жоопкерчилик болушу керек деген жүйөнү карманып жатышат.

Баткен облусунун борбордук маданият сарайынын астында өздөрүн гезиттин окурмандары деп тааныштырган 7-8 киши “Өкмөт, сөз эркиндигине бут тоспо”, “"Майдан.кж" гезити - элдики” деген жазуулар бар плакаттар менен бир аз туруп, андан соң тарап кетишти.

Иш-чараны уюштургандардын бири, жергиликтүү кеңештин депутаты Тыныбек Сейитов аталган гезитте өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов менен казак президентинин өкүлү Булат Утемуратовдун сүйлөшүүсүнүн стенограммасы делген сөздөр басылып чыккан саны элге тарабай калганын айтат. Сейитов муну сөз эркиндигине бут тосуу катары баалап, гезитти коргоо үчүн коомдук комитет түзүлгөнүн айтты:

- Бул гезитке куугунтук башталды. Биз, аймактагы гезиттин күйөрмандары жана окурмандары тынчсызданып жатабыз. Бул гезитти бир тобу оппозициялык маанайдагы деп жатышат. Жок, булар мамлекеттик эмес болгондуктан чындыкты элге жеткирип жатышат. Ошондуктан бул жактан жөнөкөй атуулдар, окурмандар коомдук коргоо комитетин түздүк. Бул гезит ак айтып, элге бийликтин кемичиликтерин жеткирип, маалыматты ак кагазга түшүрүп гана берүүдө. Бул пенсияга же пособияга берилип жаткан мамлекеттик гезит эмес. Мына эми акыркы убакта Баткенге аталган гезит келбей калды.

Тыныбек Сейитов митингге активисттер гана чыкканын кошумчалап, бул көйгөйгө бийликтин көңүлүн бурдуруу үчүн ушул кадамга барышканын айтты:

- Биз азыр облустук бийликке жана өкмөткө кайрылуу жасап жатабыз. Биз гезитти коргой алабыз. Бул жерден саясат чыгаруунун кереги жок. Биздин кайрылууга 400дөн ашуун киши кол койду. Бүгүнкү бийлик кызматка келээрдеги убадаларында сөз эркиндиги сакталат дегени болбой жатат. Биз коргоо комитетинин активисттери гана чыктык.

“Майдан.кж” гезитинин өткөн жумадагы санында өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов менен казак президентинин өкүлү Булат Утемуратовдун Кыргызстандагы бир топ ички маселелерин талкуулаган сүйлөшүүсүнүн стенограммасы делген сөздөр жарыяланып, гезиттин ал санын кимдир бирөөлөр дүңүнөн сатып алып жоголгону айтылган.

Аталган стенограмманы жарыялаган орусиялык электрондук булак көп өтпөй бул үчүн кечирим да сураган болчу.

Баткендеги ММК жаатындагы серепчи Саатбек Эгембердиев сөз эркиндигине байланыштуу мындай пикири менен бөлүштү:

- Жалпылап айтканда Кыргызстанда сөз эркиндиги бар десе да болот. Ошол эле учурда жок десек да болот. Бийлик кандайдыр денгээлде кысым жасайт десе да, дебесе да болот. Мисалы, кечээ “Майдан.кж” гезитиндеги материал боюнча маселе мыйзамдык негизде чечилиши керек болчу.

Баткен аймагын көпчүлүгү коомдук телерадиокомпания жана ЭлТР аркылуу маалымат алышат. Ал эми интернет колдонуучулар Баткен калкынын 4-5 пайызын гана түзөт деп айтылып жүрөт. Жергиликтүү мамлекеттик ММКлардан тышкары 2 коомдук радио жана бир мамлекеттик эмес гезит иш алып барат. Гезит окурмандары болсо өтө деле көп эмес деп айтылып келет.


Гезит окурмандары митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00
XS
SM
MD
LG