Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:08

Кадыралиевге нааразылар БУУга арызданмай болду


Пан Ги Мунга кайрылуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

Пан Ги Мунга кайрылуу

Мурдагы прокуратура кызматкери Канжар Кадыралиевдин үстүнөн арыздангандардын бири БУУ жетекчиси Пан Ги Мунга даттанууга аракет кылды.

Кадыралиевге Оштогу ашканасын тарттырып жибердим деген Мирлан Жолдошевдин үй-бүлөсү кыргыз бийликтери арыз-муңду укпагандыктан ушундай жолго барганын айтышууда.

Пан Ги Мундун келишин утурлай, чиедей балдары менен кошо пикетке чыккан Замира Сатыбалдиева Канжар Кадыралиевге мүлкүн тарттырып жиберген деген ишкер Мирлан Жолдошевдин жубайы. Ал арыз-муңун Кыргызстандын бийликтери укпагандан улам Бириккен улуттар уюмунун баш катчысына кайрылууну көздөп келиптир:

- Ош шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан “Улан” аттуу кафебизди Канжар Кадыралиевдерге ижарага берген болчубуз. Бир жылдан кийин 2014-жылы ал ашканабызды өзүнө жаздырып, менчиктештирип алганын билдик. Антип-минтип ызы-чуу болуп атып, аларыбызга көзүбүз жетпегенден кийин Канжардан бир жер участогун алганбыз. Анан ал жерге үй салып, чатырын жаап бүтүп, эми киребиз дегенде Кадыралиев аны да бизден тартып алды. Ошондон бери арызданып барбаган жерибиз, кайрылбаган кишибиз калбады. Бирок Канжарга эч кимдин алы жетпейт экен. Кыргызстанда адам укугу сакталбагандан кийин БУУнун жетекчиси көңүл бурса, чечилип калабы деген үмүт. Кадыралиев менин балдарымдын ырыскысын тартып алган, эми кайра кайтарып берсин.

Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Замира Сатыбалдиеванын айтымында, азыр анын күйөөсү Мирлан Жолдошевдин үстүнөн издөө жарыяланган. Ал муну “уурусу күч болсо, ээсин доого жыгат” ыкмасы катары сүрөттөдү:

- Канжар Кадыралиевдин үстүнөн арыз жазып, аны сотко берип жүрсөк, тааныштары күчтүү экен, кайра бизди камата турган болуп калды окшойт. Канжардын агасы Орунбек Кадыралиев кайдагы бир адамдарды таап, Мирландын үстүнөн арыз жаздырыптыр. Канжарды камай албаган милиция бир күн ичинде эле менин күйөөмө издөө жарыялап жиберди. Кантип ушундай болсун эми? Койлорду жеген карышкыр эркиндикте жүрсө, койго издөө жарыялашабы? Ушул да акыйкаттыкпы?

Замира Сатыбалдиева учурда сегиз баласы менен, же үйдөн жок, же кафеден жок көчөдө калган. Алардын укугун коргоп жүргөн Өндүрүш Токтонасыров да бул көйгөйдү БУУнун баш катчысына жеткирүү аракетин кылууда:

- Баш катчы Пан Ги Мунга Кыргызстанда адам укуктары тепселенип, криминалдар башкарып атканын, колунан келгени минтип бей-бечаралардын үй-жайын, ашканасын тартып алып жатканын айтмакпыз. Бирок бизди ага кезиктирген жок. Канжар Кадыралиевдин камалбай жатышы - биздин өлкөдө жөнөкөй адамдардын укугу корголбой калганынын айкын далили. Аны Жогорку Сот камакка алынсын деп чечим чыгарса, милиция ооруканада жатат деп коргоп койду. Чынында Кадыралиев Ошто кайра өзүнүн үстүнөн арыз жазган адамдарды коркутуп жүрөт.

Пан Ги Мун
Пан Ги Мун

Нааразылыкка чыккандардын Ак үйгө келген БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуу максаты ишке ашкан жок. Баш катчы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, андан кийин атайын конференцияга кирип кетти.

Ал эми мурдагы прокуратура кызматкери Канжар Кадыралиевдин карындашы, Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева анын бир тууганынын дарегине жааган бул айыптоолордун баары жалган экенин айтып чыкты:

- Пан Ги Мун келген убакта ушундай болуп чыкканы жакшы болду. Себеби бизге, менин иниме жалган жалаа жаап атышканын, ЖМКдан туура эмес маалымат берилип жатканын, анан бул аракеттерди кимдир бирөөлөр бизге каршы атайлап уюштуруп жатканын БУУнун баш катчысы билип, толук маалымат алат эле. Анткени азыр тергөө жүрүшүндө Канжарга коюлуп жаткан айыптоолор боюнча бир да далил коюлган жок. Азыр агам ден соолугунан жабыркап, оор абалда жатат. Мага баарынан анын ден соолугу маанилүү.

Кадыралиева ошондой эле анын агасын айыптоого укук коргоочулардын да кошулуп жатканы күлкү келерлик экенин айтты:

- Демократия жолунда баратабыз деп жаткан бүгүнкү мезгилде Өндүрүш Токтонасыровго окшогон кишилер керек. Бирок Өндүрүш агабыз бул жолу аябай чоң жаңылып калыптыр. Же аны алдап коюшса ишенип алган, же жалданма укук коргоочу болуп иштеп атат. Бул аябай күлкүлүү. Анткени иштин баарына сот гана чекит коёт, акыркы чечимди сот гана чыгарат.

Сактан Келдибаевдин жакындары маалымат жыйыны учурунда
Сактан Келдибаевдин жакындары маалымат жыйыны учурунда

Канжар Кадыралиевдин тегерегиндеги окуяны коомчулук куршабдык ишкер Сактан Келдибаевдин атасы 2014-жылдын 30-августунда түндө алардын үйүнө беткапчан куралдуу төрт адам кирип келип, 10 миң АКШ долларын жана эки уюлдук телефонун тартып алганын айтып, арыз жазгандан улам билген. Жабырланган Келдибаевдер беткапчан адамдарды Канжар Кадыралиевдин кылмыштуу тобу деп сыпатташкан.

Кийинчерээк Канжар Кадыралиевдин үстүнөн дагы эки адам арыз жазган. Алардын бири Өзгөндүн Жалпак-Таш айылынын тургуну Ширинкан Токтоболотова 2013-жылы эки жылкы жоготконун, кийин алар Канжар Кадыралиевдин үйүнөн табылганын, аны алып кетебиз деген уулу жана күйөөсү ур-токмокко алынганын айтып даттанган.

Токтоболотова буга чейин райондук милицияга бир нече жолу арыз жазып, андан майнап чыкпай келатканын айткан эле. Ал эми экинчи арыз ээси Куршаб айылынын тургуну Балтабай Жээнбеков Канжар Кадыралиев бир нече баш коюн тартып алып, өзүн ур-токмокко алганын жазды.

Кийинчерээк оштук ишкер Мирлан Жолдошев анын ашканасын да Кадыралиев тартып алганын айтып чыгып, милицияга арыз жазган.

Азыр агам ден соолугунан жабыркап, оор абалда жатат. Мага баарынан анын ден соолугу маанилүү.
Ыргал Кадыралиева

Бир топ арыздардан улам Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы ээлеген кызматынан бошоткон. Кадыралиев беш айга жакын качып жүрүп, март айында прокуратурага өз эрки менен келген эле.

Жогорку Сотто эки-үч жолу кароодон кийин мурдагы прокурор №1 тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган. 22-майда болсо сот ошол эле чечимин күчүндө калтырып, Кадыралиевди камакка алууну буйруган. Бирок ал ооруканада дарыланып жатканына байланыштуу кайтарууга алынган.

Ички иштер министрлиги айыпталуучу учурда ооруканада экенин, чыккан соң камакка алынарын билдирген. Арыздануучулар болсо Канжар Кадыралиев ооруканада эмес, Ошто саунасында иштеп жүргөнүн айтышууда.

Канжар Кадыралиевдин соту 22-июнда каралат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG