Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:39

Азия чемпионатындагы балбандардын жеңиши


19-майдан бери Ташкентте эркин жана грек-рим күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Эркин күрөштөн кыргызстандык эки балбан коло байгелүү болду.

20-майда эркин күрөштөн кыргызстандык эки балбан Азия чемпионатынын коло байгесин уткан. 21-майда күрөшкөн балбан кыз да Азия чемпионатында үчүнчү орун үчүн күрөшкөнү турат.

Ташкент шаарында эркектер арасында эркин күрөштөн Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Мында кыргызстандык жети балбан мөрөй талашууга чыгып, күч сынашты.

Алгач 66 кг. салмакта кыргызстандык Иннокентий Иннокентьев жарым финалга чейин жетип, иран, корей жана жапондук атаандаштарын жеңип, коло байгелүү болду.

84 кг. салмакта өлкө намысын коргогон Айбек Усупов биринчи таймашууда монгол Порджханд Худербулгуну утуп алды. Бирок Айбек жарым финалда казак балбаны Канат Бердиевге алдырып койду. Натыйжада коло байге Айбек Усуповго буйруду.

Оор салмактагы кыргызстандык жаш балбан Айал Лазаров болсо биринчи беттешүүдө эле кытайлык Хей Юсахадейге алдырып коюп, чейрек финалга да чыккан жок.

Өлкөнүн Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаевдин айтымында, Ташкенттеги Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар үмүттү актап, 3 коло медаль жеңип алышты.

- Кыргызстандык мыкты балбандарды Азия чемпионатына атайын катыштырган жокпуз. Бул ирет жаш балбандарды сынап көрүү үчүн Ташкентке экинчи катардагы жигиттер барышты. Иннокентий Иннокентьев менен Айбек Усупов мыкты даярдыгын көрсөтө алды. Илгиз Жакыпбеков менен Айаал Лазарев колунда турган коло медалды уттуруп жиберди.

Кыргызстандык балбандар жоон ортодо жүрүп, биз күткөндөй алтын байгеге жетпей калышты. Эми Азиядагы каталыктарды карап, күзүндө Түркияда өтө турган дүйнө чемпионатына мыкты даярдык көрүүбүз керек.


Мурдагы жылдары эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугун кыргызстандык Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков уткан. Кыргыз балбандарынан Нурбек Изабеков, Руслан Мажинов жана Болот Өмүракунов Азия чемпионаттарында күмүш байгелүү болушкан.

Өлкөнүн Күрөш федерациясынын президенти Бейшен Абилдаевдин айтымында, Кыргызстандын намысын Азиянын эки жолку чемпиону, Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев баштаган балбандар коргоп жатышат.

- Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын тандалган балбандар: Арсен Эралиев (55 кг), Азиз Бейшалиев (60 кг), Атай Койчукулов (66 кг), Канат Бегалиев (74 кг), Азат Бейшебеков (84 кг), Азамат Эркинбаев (96 кг) жана Мурат Рамонов (120 кг) коргоп, күч сынашып жатат.

Кыздардан үмүт чоң

20-майдан тарта кыз-келиндер арасында эркин күрөштөн Азия чемпионатынын таймашуулары болууда. Мында кыргызстандык алты балбан кыз мөрөй талашууга чыгып, күч сынашып жатышат.

Өлкөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Байгазы Кенжебаевдин пикиринде, эркин күрөш боюнча балбан кыздардан да үмүт кылып, байгелүү орундарга ээ болушат деген ишенич бар.

- Кыздардан былтыр Азия биринчилигинде коло байгелүү болгон Махриницо Норматова да ийгиликке жетип калышы мүмкүн деген божомол туура чыкты. Ал жеңил салмакта быйыл да үчүнчү орун үчүн күрөшкөнү жатат. Яна Панова да жеңишке жетип калуусу ыктымал. Калган кыздар жаш болгондуктан тажрыйба топтоп келип, 2-3 жылда жетилип, чеберчилиги жогорулап калат.

21-майда кыргызстандык 3 кыз балбан да Ташкентте таймашка чыгууда. Алар Айсулуу Тыныбекова, Нестан Кыязова жана Яна Панова Азия чемпионатында мөрөй алууга аракет кылып жатат.

Кыргызстандык кыз-келиндерден жалгыз Яна Панова мурдагы Азия чемпионаттарында бир нече ирет күмүш жана коло медаль тагынган.

Быйылкы дүйнө чемпионаты сентябрь айында Түркиянын Стамбул шаарында болмокчу. Бул дүйнөлүк таймашууда мөрөй алгандарга Лондон олимпиадасына жолдомо берилет. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү мыкты балбандар катуу даярдык көрүшүүдө.
XS
SM
MD
LG