Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Ала-Бука: аскер бөлүктөгү тиреш иликтенүүдө


Ала-Букадагы аскердик шаарчанын ачылышы. 2013-жыл, 28-март.
Ала-Букадагы аскердик шаарчанын ачылышы. 2013-жыл, 28-март.

Жалал-Абад аскер прокуратурасы Ала-Букадагы аскер бөлүктүн айрым кызматкерлери жаңы дайындалган командирге баш ийбей жатканы боюнча фактыны териштирип жатат.

Андан сырткары командирдин унаасынын талкаланышы боюнча да иликтөө башталды. 10-сентябрда контракттык негизде кызмат өтөгөн 80дей адам ишке чыкпай койгону маалым болду. Бул окуя боюнча Башкы Штаб дагы да комиссия түздү.

Жергиликтүү милициянын маалыматы боюнча, Ала-Букадагы Куралдуу күчтөргө караштуу №30670 аскер бөлүктүн командиринин үйүнө кирип, унаасын талкалаган окуя 7-сентябрдан 8не караган түнү болгон. Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин оперативдүү иштер боюнча орун басары Баатыр Култаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бул факт боюнча эки адам көрсөтмө берди. Командирге кол көтөрүү болду деген маалымат такталбаганын айтты:

- Бир топ балдар дарбазадан ашып түшүп, унаасын талкалап, эшигин тепкилеп туруп качып кетишкен. Бул боюнча материалдарды биз аскер прокуратурасына бердик. Командир сабалган эмес. Андай факт бизде жок. Биздин тергөөчүлөр эки баланы суракка алышты. Биз болгон материалдарды прокуратурага бердик.

Бул окуядан кийин 10-сентябрда контракттык негизде кызмат өтөгөн 80дей адам ишке чыкпай койгону дайын болду. Расмий тарап тактай элек маалыматка караганда, мындан бир ай мурун дайындалган командирге талапты катуу койгону үчүн жана башка себептерден улам кол алдындагылар каршы болуп баш ийбей жатат.

“Азаттык” сөз болуп жаткан аскер бөлүктүн командири Мурат Мамбетовдун өзү менен байланышты. Ал баш ийбөө фактысын төгүндөдү:

- Ал кызматкерлер кайра эле жумушка чыккан. Бардыгы келген. Кызмат өтөө уланууда. Бул жерде баш ийбей чыкпай коюшкан эмес. Менин унаамды талкалаган боюнча кармалгандарды чыгарып бергиле деген талап болгон. Алар чыккандан кийин жумушка чыгышты. Азыр бул боюнча прокуратура иштеп жатат.

Бул окуяны Генералдык штаб да иликтеп жатат. Штабдын өкүлү Эрнис Элеманов аскердик турмушка тиешеси жок чыр деп ынандырууда:

- Азыр териштирүү жүрүп комиссия иштеп жатат. Бул аскердик турмушка тиешеси жок эле окуя. Жергиликтүүлөр командирдин унаасынын айнегин талкалап коюптур. Жарандык-укуктук жактан териштириле турган жагдай.

Жалал-Абаддагы аскер прокурору Сагындык Мукашев окуяны жеринен иликтөө башталганын “Азаттыкка” тастыктады:

- Эгер аскер кызматкерлери Мамбетовдун үйүнө кирип унаасын талкалаган факт аныктала турган болсо, ишти мага өткөрүп бериши керек. Азырынча мага материалдар келе элек. Аскер бөлүк кайтаруудагы объект да. Бул жакка куралсыз адамдар келип, болгондо да командирдин үйүнө кол салып атышат. Эгер сырттан кол салуу болсо кандай болот. Ушундай маселелер бар. Мунун баары катуу каралат. Биз мунун баарын текшеребиз.

Аталган аскер бөлүккө былтыр жазында президент Алмазбек Атамбаев барган. Анда курулушу 2011-жылы башталган, 250 кишиге ылайыкташтырылган аскер шаарчасы расмий ачылган эле.

XS
SM
MD
LG