Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Апрель ыңкылабына эки жыл


2010-жылдагы Апрель жана 2002-жылы Аксыдагы кан төгүүдө курман болгондордун элесине арналган монумент Бишкекте ачылды.

Мындан туура эки жыл мурун ушул күнү экс-президент Курманбек Бакиевдин башкаруучу режимине каршы чыккан элдик толкундоодо бийликтин огунан Бишкектеги Ак үй алдында 88 адам набыт болуп, жалпысынан бир жарым миңге чукул киши жабыркаган. 500дөн ашуун киши атылган октон түрдүү жараат алып, ооруканага түшкөн. Кандуу окуядан берки эки жыл ичинде жарадар болгондордун жыйырмага чукулу көз жумду.

2010-жылы 7-апрелде бийликтен кулаган Курманбек Бакиев өлкөнүн түштүгүнө, андан соң Беларуска качкан. Мамлекетти башкарууну 14 кишиден турган убактылуу өкмөт колуна алган. Оппозициялык лидерлердин бири Роза Отунбаева жаңы Баш мыйзам кабыл алынганча убактылуу өкмөттү жетектеп, 2011-жылдын декабрына чейин өлкөдө президенттик кызматты аткарды.

Эки жыл мурун 6-7-апрелде Кыргызстанда жана баш калаадагы кырдаал кандай болгон? Толугу менен бул жерден угуп, көрүңүз:
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:18 0:00
Түз линк


XS
SM
MD
LG