Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Эркин элим Эгем корго тумоодон...


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акындар вирус жөнүндө, дарыгерлердин каармандыгы, мугалимдердин кадыры туурасында ырларды жаза баштады.

Кыргызстанда бүгүнкү кырдаал баркталбай калган кесип ээлеринин баркын билгизди. Акындардын тумоо капшабын чыгылдырган ырларына токтолобуз.

Таажывирус! Каптап сен каяктандыр...

таппай арга – бүт-бардык тарап калбыр...

Аңгек жасап мезгилди бойлото сен,

адамдарды чыгарбай камап салдың!

Ээн, бош – мечит, театр, вокзал, мектеп,

эшсиз, доошсуз, ооматсыз жашап эптеп...

Бул саптар Анкарада жашап жаткан Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин ааламды каптаган апаат тууралуу жазган “Таажывирус ташпиши” деген көлөмдүү ырынан үзүндү.

Бир-биринен адамдар окчун туруп,

бири-бирин былчыйта жатат тепсеп...

Таажывирус! Далайдын сырын ачтың,

тамтырагын чыгардың тыңыраактын.

Кымындан да кичине болуп туруп,

Кытайды илип бутуңа – тыпыраттың...

Сандар – деңиз... жээгинен арбын ашып,

шаңдууларды барасың шалдыратып.

Култегин кымындай эле бир вирус Американын көзүн жалдыратып, Италияны чачтан алганын, жалпы дүйнөнү дүрбөлөңгө салып, "бети жоктук иштерди жасадың деп" адамзатка бет кап кийгизип салганын айтып, аалам-айды кезип ойдологон адам баласы бүгүн бир кемеде экенин сезип, кир самынга корголоп турат деп жыйынтыктайт.

Башка акындар да коомчулукту бул илдетти жеңүүгө чакырган бир нече ырларды жарыялап жатышат. Алардын арасында азыркы кырдаал кайсы кесип ээлери даңктоого арзый турганын жазгандары да бар.

Акын Улукбек Омокеев дарыгерлерди бүгүнкү күндүн жоокери деп сыпаттады:

Аттандыңар аркага качпаш үчүн,

Элдин үмүт-тилегин акташ үчүн.

Гиппократтын антына бекем туруп,

Улукмандын кадырын сакташ үчүн.

Жанын оозго тиштеген анык эрлер,

Жалын-оттун ичинде дарыгерлер.

Үзүлбөсүн жиби деп чыдамынын

Үмүт менен карашат азыр элдер.

Бүгүн эрдик жасоочу убагыңар.

Бүтүн дүйнө силерге дуба кылар.

Ак халат - соот, туулга - чепчигиңер,

Ийне, дары - колдогу куралыңар.

Улукбек акындын ырынын кийинки саптарында кыргыз дарыгерлери кыйын учурда миң түйшүк тартып, илдет жаткан буктурмада жаткан оорулууну бошотобуз деп өздөрү барымтада калып, оору жуктуруп жатышканын баяндайт.

Дарыгерлердей эле эмгеги бааланбай, мамлекет тарабынан колдонбой келген кесип ээлеринин арасында мугалимдер да бар экенин жазгандар бар. Окуучулар үйүндө мугалимдерин көрүүгө зар болуп жатса, мугалимдер да окуучуларын сагынганын акын-окутуучу Майрам Сарыбаева минтип жазды.

Телефон сүйлөп балдарга,

Жылмайып тиктейт сүрөтүм.

Жалындуу өтчү сабагым,

Кайдасың 45 мүнөтүм?

Алмашпайт жандуу сабакка,

Сөзүмдүн айтсам ырасын.

Суроо -жооп, күлкү, шаңы бар,

Кайдасың парта классым?

Отурам көздөн өткөрүп,

Элестеп ордуң баарыңдын.

Жоодур көз тентек балдардын,

Жоругун эстеп сагындым...

Акын Жедигер Саалай "Карантиниң болбосо экен карантүн!" деген ырында кыргыз акындарынын азыркы кырдаал тууралуу ырлары чын дилинен эл-жерим, Ата журт деп чыгып жатканын айтууда:

Бул тумоону бир да өлкө жеңе элек,

“Таажы дарттын” таап толук дабасын.

Эрдиги бар, эссиз, энөө эл элек,

Кантер экен?! Ойлойм кыргыз баласын!

Эч бир жоого жеңилбеген тизелеп,

Эркин элим Эгем корго тумоодон!

“Ээн жердин көкбөрүсү” биз элек,

Эми эсен өтсөк экен сыноодон!

Социалдык тармактарда коронавирус темасын ыр менен тамашага салып жаткан акындар, жамакчылар да бар. "РухЭш" сайтында вирус темасына байланышкан аңгемелер да жарыяланууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG