Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Асылбеков: Быйыл сырттан буудай албайбыз


Кыргызстанда быйыл буудайдын түшүмү жакшы болгону айтылууда.
Кыргызстанда быйыл буудайдын түшүмү жакшы болгону айтылууда.

Быйылкы түшүм мол болгондуктан, өкмөт ички керектөө үчүн буудайды дыйкандардан сатып алууну чечти. Учурда жүрүп жаткан оруп-жыюу өнөктүгү тууралуу Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысы Жумабек Асылбеков кеп салат.

"Азаттык": Жумабек мырза, учурда Кыргызстанда оруп-жыюу өнөктүгү жүрүп жатат. Быйылкы түшүм кандай болчудай?

Асылбеков: Быйыл түшүм былтыркыга салыштырмалуу жакшы. Ички керектөөнү толугу менен камсыздайбыз деп ойлоп жатабыз. 800 миң тоннага жакын буудай алабыз деп болжолдогон элек, бир гектардан 8 центнер алып жатабыз. Былтыр кургакчылыктан улам түшүм начар болуп, 540 миң тоннаны гана түзгөн.

"Азаттык": Адатта, Кыргызстан ички керектөөнү камсыз кылуу үчүн Казакстандан, Орусиядан эгин сатып алчу эле. Гуманитардык жардам түрүндө да берилип жүрдү. Быйыл буудай сатып алуу каралганбы?

Асылбеков: Жогоруда айткандай, былтыр түшүм начар болгондуктан, азык-түлүк коопсуздугун сактоо максатында Казакстандан 20 миң тонна, Орусиядан 40 миң тонна буудай сатып алганбыз. Быйыл андай каралган жок. Тескерисинче, өзүбүздүн дыйкандардын ашыкча буудайларын мамлекеттин кампасына сатып алууну пландап жатабыз. Ага ылайык, 20 миң тоннаны мамлекеттик материалдык резерв үчүн, 25 миң тоннаны Кара-Балтадагы спирт заводуна жана 5 миң тоннаны “Агропродкорпорацияга” сатып алабыз. Жалпысынан дыйкандардын 50 миң тоннага жакын буудайын алабыз.

"Азаттык": Анын баасы бычылдыбы?

Асылбеков: Буудай баасын өкмөт алдындагы Монополияга каршы агенттик аныктап берди. Ага ылайык, 1 килограммын 13 сомго бааладык. Бирок дыйкандардын жапон гранты сыяктуу насыяларга карызы бар болсо, аны жаап алсын деп 15 сомдон алуудабыз.

"Азаттык": Казакстандан буудай албайбыз деп сиз өкмөттү айтып жатасыз да. Жеке тегирмен, ун комбинаттарычы?

Асылбеков: Туура, мен мамлекетти айтып жатам. Ал эми жеке тегирмени бар ишкерлер Казакстандан буудайды ала беришет. Негизи өлкөдө эгилген буудайдын илешкектиги 21-23 пайыздын тегерегинде. Ал эми жакшы ун алыш үчүн бул көрсөткүч 25 пайыз болушу керек. Ошондуктан, Казакстандын 30 пайыздык буудайлары менен аралыштырып тартып жүрүшөт. Жеке ишкерлер Казакстандан жылына 300 миң тоннадай буудай алат. Быйыл деле ушул өлчөмдө буудай алып келишет деген божомол бар.

"Азаттык": Сиз айтып жаткан түшүм өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун толугу менен сактоого шарт түзө алабы?

Асылбеков: Быйыл бул жаатта тартыштык болбойт. Эгер керектүү продукциялардын 80 пайыздан ашыгын өзүбүздөн камсыздай алсак, коркунуч жок деп эсептелет. Ошондуктан, дан эгиндеринин тартыштыгы быйыл болбойт деп айтсак болот.

"Азаттык": Ал эми башка айыл чарба азыктары кандай болуп жатат?

Асылбеков: Башка айыл чарба азыктарынан дээрлик бардыгы өзүбүздө бар. Жалгыз гана кант кызылчасы менен 13 пайыз эле камсыз кыла алабыз. Калганын башка өлкөлөрдөн импорттойбуз.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG