Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Түркияда кыргыз шайлоосу талкууланды


Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү Түркиядагы кыргызстандык мигранттар менен жолугушту. Жыйында 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоонун жараяны талкууланды.

Кыргызстандан Түркияга барган атайын жумушчу топ Анкара, Стамбул, Измир жана Анталия сыяктуу мигранттар жыш жайгашкан аймактарга барып, кыргызстандыктар менен жолугушту.

27-августтагы жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК), Стамбулдагы башкы консулдуктун жана Мамкаттоонун өкүлдөрү мигранттарга 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу жараяны тууралуу маалымат беришти.

Жумушчу топтун жетекчиси, БШКнын төрайымынын орун басары Акылбек Эшимов бул иш-чаранын негизги максатын түшүндүрдү:

«Биз алгачкы иш сапарыбызды Түркиядан баштадык. Пандемияга байланыштуу кээ бир чет өлкөлөргө бара албай калат экенбиз. Кийинки сапарыбызды Орусияда жүргүзөлү деп турабыз. Жумушчу топтун негизги максаты - шайлоого чейин консулдук каттоо, биометрикалык маалыматтар сыяктуу маселелерди чечип берүү».

Ар бир шайлоодо Кыргызстандын тиешелүү мыйзамдарына шилтеме жасалып, чет өлкөлөрдөгү жарандардан биометрикалык маалымат тапшырып, консулдук каттоого туруу талап кылынат.

Түркияга барган жумушчу топко берилген суроолордун дээрлик көпчүлүгү дал ушул консулдук каттоодогу мүчүлүштүктөр тууралуу болду.

Көп жылдан бери Стамбулда иштеп жүргөн Кундуз Мамбетова бул шаардагы башкы консулдуктун кызматкерлерине сын айтып, сунуш киргизди:

«Биз, мигранттар, буга чейин айтып эле келе жатабыз. Консулдуктун кызматкерлери кезектешип шайлоого чейин дем алыш күндөрү иштеп берсе. Анткени кыз-келиндердин баары иш күндөрү иштейт. Бир күн дем алышта эс алат. Ошол эс алуу күнүндө консулдукка каттоого туруп койсо дегенбиз. Бул маселе көп жылдардан бери чечилбей келет. Кээде ушу шайлоого карата эле каттоо кылып, кийин кайра өчүп калабы деп ойлоп калабыз».

Кыргызстандыктардын Стамбул шаарындагы жолугушуусу. Август, 2020-жыл.
Кыргызстандыктардын Стамбул шаарындагы жолугушуусу. Август, 2020-жыл.

Ал эми Стамбул шаарында эмгектенип жүргөн Акылбек буга чейин Стамбулдагы шайлоо тилкесинде добуш берип келген. Ал 4-октябрдагы шайлоо анын эң маанилүү сынагы менен бир күнгө туш келгендиктен, уюштуруучулардан Анкара шаарындагы шайлоо тилкесине кайсы жол менен которуларын сурады.

«Дал ошол 4-октябрда Түркиядагы кыргыз медиктердин кире турган сынагы бар. Ал Анкара шаарында гана өтөт. Мен, мисалы, Стамбул шаарында жашайм. Ал күнү Анкарага барып сынакка кирем. Кечинде чыгып Стамбулдагы шайлоого катышууга жетишпейм. Мен Анкарадагы элчиликке барып добуш берсемби деген ойдо кайсы жакка кайрыларымды билбей жатам. Мурун жараян жеңилирээк болчу, эми кандай чечебиз, билбей турам».

Түркиядагы кыргызстандык шайлоочулардын негизги катмарын студенттер түзөт. Жаңы окуу жылынын ачылышы менен алардын айрымдары Түркияга келе баштады. Түркиядагы Эл аралык студенттер конфедерациясынын координатору Эрлан Баянов да шайлоо боюнча жыйынга катышып, кыргызстандык студенттердин көз караштарын айтып берди:

«Студенттердин маанайы жакшы. Көбү пандемияда жана каникулда Кыргызстанга кеткен. Эми окуу жылы ачылып, акырындап учуп келе баштады. Шайлоого көз караштары жакшы деп ойлойм. Анткени консулдукта же элчиликте маселелери болсо өздөрү так, туура чечип алышат. Ал эми тизмедеги студенттердин шайлоого катышууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Катышуу жигердүү болот деп ойлойм».

Жумушчу топтун мүчөлөрү суроолорго жооп беришти.
Жумушчу топтун мүчөлөрү суроолорго жооп беришти.

«Парламенттик шайлоо боло турган күнү Түркиядагы коронавирус көрсөткүчтөрүнө ылайык өлкөнүн тийиштүү органдары карантиндик саат киргизип калса кыргызстандыктар кантип добуш берет?» деген суроого чет өлкөдө шайлоо өнөктүгүн өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү Айбек Сарыгулов жооп берди:

«Керек болсо уруксат алабыз. Стамбулдагы участок башкы консулдуктун имаратында болот. Анда комиссия мүчөлөрү өздөрү талапка ылайык иштелип чыккан тартипке жараша социалдык аралыкты, тазалыкты сакташат деп ойлойм. Шайлоо комиссиясы бекитип берген тартипке жараша окуудан өтүп, анан участок даярдалат. Ал эми консулдук буга чейин чартердик каттамдарды кандай уюштуруп келсе, ошондой тартипте күтүлбөгөн жагдайларда жергиликтүү бийликтегилер менен сүйлөшүп иш алып барат. Эгер консулдук каттоодо турган шайлоочулардын тизмеси губернаторлуктарга берилсе, эч кандай тоскоолдук болбойт деген ойдомун».

БШК шайлоочулардын алдын-ала тизмеси 26-июлдан тартып «Тизме» сайтына жарыяланганын кабарлаган. Жарандардын кайсы бир шайлоо тилкесинде добуш берүү боюнча арыздарын кабыл алуу 15 күн мурда аяктайт.

Кыргызстандын 120 мандаттуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ал эми Түркиянын миграция департаментинде 30 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия шаарларында эмгектенет жана окушат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG