Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:00

Парламент Токбаеванын маалыматын укту


Жогорку соттун имараты.
Жогорку соттун имараты.

Жогорку Кеңеш 6-июнда Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын былтыр сот тармагында болгон иштер тууралуу маалыматын укту.

Анда Сот тандоо кеңеши, соттордун иши, чыгарган өкүмдөрү, Жогорку соттун ичиндеги алешемдиктер тууралуу маселе көтөрүлдү.

Айнаш Токбаеванын бул кызматтагы үч жылдык мөөнөтү быйыл аяктайт. Анын тушунда коомчулукта сот адилеттигине, коррупцияга байланыштуу нааразылык күчөдү. Өткөн жылдын этегинде Жогорку соттун төрайымы Сөз эркиндигин коргоо комитетинин "сотторду чөнтөккө салып бергени үчүн" деген какшык сыйлыгына да татыган.

Парламенттин жыйынында Айнаш Токбаева көлөмдүү баяндама жасады. Анда бир катар иш-чараларды санап өттү. Маселен, коррупция менен күрөш үчүн жыйын өткөрүлгөнүн маалымдады жана муну реалдуу иш-чара деп атады:

Айнаш Токбаева.
Айнаш Токбаева.

- Коррупцияга каршы аракеттенүүнү формалдуу түрдө жүргүзбөстөн, бул багытта реалдуу иш-чараларды алып барып, элдин ишенимин арттыруу максатында жаңы форматта тегерек стол өткөрүп, 2018-2020-жылдарга сот тутумундагы коррупцияга каршы күрөш боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгып, бекитилди.

Анткен менен Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков сотторго коомчулукта ишеним азайганын айтып чыкты:

- Актуалдуу отчет бересиздерби, ашуудан отчет бересиздерби, алты сааттык отчет бересиздерби - бүгүнкү күндө элдин сот бийлигине болгон ишеними эң төмөнкү чегине жеткен. Бул карапайым калктын, президент Сооронбай Жээнбековдун сот бийлигине болгон пикири. Муну тана да, чана да албайсыңар. Өзүңөрдүн өкүмүңөрдү өзгөртө аласыңар, бирок карапайым калктын силерге болгон пикирин өзгөртө албасыңар. Кайсы бир ишти кароого жөнөтө аласыңар, бирок элдин ишенимин кайра кароого жөнөтө албайсыңар.

Депутат Жанар Акаев Сот тандоо кеңеши тууралуу сөз кылды. Андан сырткары, Жогорку соттун судьясы Арзыбек Акыевдин уулу Каныбек Акыев Айнаш Токбаеванын кеңешчиси экенине токтолуп, бул жагдайдын моралдык жагына кызыкты:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Маселен, бизди он миң шайлоочу шайласа, сотторду Манас аттуу жигит эле шайлап коюшу мүмкүн. Мына, 2010-жылы ыңкылаптан кийин "Сот тандоо кеңеши түзүлдү, сот реформасын жасайбыз" деген аракеттер болду. Бирок эки-үч кишинин айынан бул ишке ашкан жок. Бул өзүн актаган жок. Биз Сот тандоо кеңешин кайрадан түзүп, башкача механизмдерди иштеп чыкпасак болбойт. Соттор бир да буйрукту аткарбай турган деңгээлге жеткиришибиз керек. Айнаш Абдымановна, Акыевдердин атасы - Жогорку соттун судьясы, баласы - сиздин кеңешчиңиз. Ушул туурабы, моралдык жагы кандай болот? Сиздин кеңешчиңиз бардык сотторго бирдей мамиле кылышы керек да? Эгерде атасы Жогорку соттун судьясы болуп отурса, анда кандай болот? Убагында Курманбек Бакиев: "Балдарымдын баары акылдуу болсо эмне кылайын? Булар деле иштейт да, дагы эмне кылышым керек?" дегенге окшоп калбаса эле болду.

Айнаш Токбаева ата-бала Акыевдердин Жогорку сотто иштеп жатканы тууралуу мындайча түшүндүрмө берди:

Жогорку сотто ата-бала иштеп жатканы мнен экөө тең судья эмес. Бири-бирине түздөн-түз баш ийбейт.

- Судьянын ыйгарым укугу - сот адилеттигин жүзөгө ашыруу. Ал эми кеңешчи Акыев сот адилеттигин жүзөгө ашырууга кийлигишпейт. Уюштуруу иштери боюнча төраганын кеңешчиси. Жогорку сотто ата-бала иштеп жатканы менен экөө тең судья эмес. Бири-бирине түздөн-түз баш ийбейт. Ошондуктан кызыкчылыктар кагылышы жок.

Жогорку Кеңеш өткөн айдын этегинде Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн беш талапкердин үчөөнү - Ирина Воронцованы, Айдарбек Алымкуловду жана Дамира Орозованы өткөрбөй койгон. "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов алардын мурдагы кызматында иштеп жатышынын моралдык жагына кызыкты. Ошондой эле соттордун декларациясы боюнча маселеге көңүл бурду:

Акылбек Жамангулов.
Акылбек Жамангулов.

- Бишкек шаарынын төрайымы Воронцовага канча нааразылык айтылды эле? Ошол өтпөй калган үч судья кайра барып өз ордунда иштеп жатат. Кайра ишин улантканга алардын моралдык укугу барбы? Декларация карасаңыздар, бир да миллионер судья жок. Бирок судьялардын жашоо-турмушу миллионерлердикинен айырмасы жок. Бала-бакырасынын, күйөөсүнүн же аялынын унааларын карагылачы? Мен Сот тандоо кеңешин кайрадан карап чыгышыбыз керек деп сунуш кылат элем. Ал жерде убагында тийиштүү саясий чечим менен кирип калган мүчөлөрү бар.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Умбетали Кыдыралиев Айнаш Токбаеванын соттолгон саясатчылар тууралуу пикирин сурады.

- Биздин кесиптешибиз, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, мурдагы кесиптешибиз Бектур Асанов "саясий куугунтуктун негизинде камалган" деген сөздөр коомчулукта айтылып жатат. Сиз Жогорку соттун төрайымы катары оюңузду айтыңызчы?

Бирок спикер Дастан Жумабеков бул суроого жооп берүү мыйзамга каршы келерин айтып, Айнаш Токбаеваны жооп бердиртпей тыйып койду:

Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

- Умбетали Токторалиевич, айта албайт го. Болбойт. Мыйзам да жол бербейт. Мыйзамда так каралган. Муну айта албайт.

Кыргызстанда 2016-2017-жылдары сотко 22,5 миңден ашуун кылмыш иши жөнөтүлгөн. Анын тогуз миңге жакыны же 40 пайызы сотто кыскартылган же токтотулган. Соңку он жылда судьяларга байланыштуу 100гө чукул кылмыш иши козголгон. Алардын жарымы тергөөдө кылмыш жоопкерчилигинен бошоп кеткен. Ал эми 46 кылмыш иши сотко жетип, 23 факт боюнча айыпталуучу кылмыш жоопкерчилигинен бошогон. Судьяларга козголгон кылмыш иштердин сегиз пайызында гана айыпталуучу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG