Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:15

«Тоо чаңгысы менен туристтерди тартcа болот»


Вадим Караульных.
Вадим Караульных.

Каракол шаарындагы спорт мектеби тоо чаңгысына (лыжа) кызыккан өспүрүмдөрдү бекер машыгууга чакырууда. Азыр бул мектепте 150 бала машыгып жатат. Биз мектептин машыктыруучусу Вадим Караульныхты кепке тарттык.

Вадим - Каракол шаарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинде тоо чаңгысы боюнча сабак берип иштеген беш мугалимдин бири. Азыр ал чаңгыга жаңы гана туруп жаткан балдарды үйрөтүп, машыктырып жатат. Машыктыруучунун айтымында акыркы жылдары чаңгы тебүүнү каалаган өспүрүмдөр көбөйгөн.

Вадим Караульных.
Вадим Караульных.

«Бизде азыр 150дөй бала окуп, машыгып жатат, - дейт ал. - Биз жылына эки ай - июль жана август айларында гана эс алабыз. Калган убакта машыгуу өз нугунда жүрөт. Менин үч шакиртим - Кыргызстандын тоо чаңгысы боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү».

Вадим жаштайынан тоо чаңгысы менен алышып, бир канча эл аралык мелдештерге катышкан. Чебер спортчулар арасында Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону.

Азыр болсо машыктыруучу жана ошол эле учурда Каракол чаңгы базасында куткаруучу да болуп иштейт. Ушул эле базада каалоочуларга чаңгы тепкенди үйрөтөт.

«Жайкысын мен туристтерге жол көрсөтүп иштеп жүрөм, - деди маектешибиз. - Альпинизм менен да алектенем. Кышкысын болсо бул жерде балдарды машыктырып иштейм. Биз кандай кооз өлкөдө жашайбыз! Тоолорубуз керемет. Бирок ушундай тоолорубузда чаңгычылар аз болгону акылга сыйбайт. Ысык-Көл облусунда бир эмес, 10 чаңгы мектеби болушу керек эле. Ошондо гана атаандаштык күчөп, мыкты спортчулар чыкмак. Тоо чаңгысы өнүккөн жерде тоо туризми да өнүгөт. Биз азыр өзүбүздө болгон нерсенин баарын балдарга үйрөтүп, алар үчүн жаркын келечек курушубуз керек».

Сүрөт Вадим Караульныхтын «Фейсбук» баракчасынан алынды.
Сүрөт Вадим Караульныхтын «Фейсбук» баракчасынан алынды.

Вадим соцтармакта өзүнүн өзгөчө видеолору менен таанымал. «Фейсбуктагы» баракчасында бөлүшкөн видеолорунда Вадим Караколдун кооз табиятынын койнунда чаңгы тээп же чаңгы үстүндө түрдүү ыкмаларды жасап жатканын көрүүгө болот. Спортчу мындай видеолор менен Кыргызстанга туристтерди тартууга болот деп эсептейт.

«Мен өзүмдүн кеңседе отурганымды элестете албайм, - деди Вадим. - Мага дайыма кыймылда жүргөн жашоо образы жагат. Мага ушул эрмегим күч-кубат берет. Андан сырткары биздин өлкөнүн кооздугун көрсөтүү мен үчүн чоң бакыт. Жалпылап айтканда мен Кыргызстанды жарнамалап жатам. Ушундай видеолор менен туристтерди тартууга болот. Анан дагы ушул видеолорум менен адамдардын тоо чаңгысына, тоо туризмине болгон көз карашын өзгөрткүм келет. Тоо туризми Кыргызстанда өнүксө экен деп тилейм. Ошол эле видеолор менен балдарды тоо чаңгысына кызыктыргым келет».

Вадим Кыргызстанды тоо чаңгысын өнүктүрүүгө ыңгайлуу өлкө деп эсептейт. Бирок азырынча жетиштүү инфратүзүм жок экенине кейигенин жашырган жок:

«Албетте, биринчи кезекте сабыр кылыш керек. Сабыр, анан тынбай эмгек кылыш керек. Биз тоо чаңгысын өнүктүрсөк эле дүйнөгө таанылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Анткени атактуу чаңгычы чыкса, ал машыккан жерди көрүүгө дүйнө жүзү кызыгат».

Машыктыруучу Вадим келечекте Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан чемпионду тарбиялай турганына ишенерин айтып биз менен коштошту.

XS
SM
MD
LG