Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

Он миллион сомго эки сериал тартылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү быйыл кино тартууга 30 миллион сом бөлдү. Анын 10 миллион сомуна телесериал тартылат. Калган каражат мекенчилдик темасын чагылдырган, балдарды руханий өнүктүрүүгө жана тарбиялоого багытталган башка тасмаларга берилет.

Маданият министрлиги сериал тартуу боюнча жаңы комиссия түзүп, сценарийлердин сынагын жарыялайт.

Буга чейин медиа каражаттары өкмөт сериал тартыш үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 30 миллион сом бөлгөнүн жазган. Ал сумма бир нече тасма тартууга бөлүндү. Бул тууралуу Кинематографисттер союзунун төрагасы, режиссер Айбек Дайырбеков кеп кылды:

Айбек Дайырбеков.
Айбек Дайырбеков.

- «30 миллион сом сериалдарга бөлүндү» деген маалымат туура эмес. 30 миллион сом жалпы аудиовизуалдык өндүрүмгө бөлүндү. Менин билишимче анын ичинен 10 миллионуна сериалдар тартылат. Ал эми 20 миллион сомго балдарга арналган тасмалар же мекенчилдик темасын чагылдырган тасмалар тартылат. Факты боюнча карай турган болсок кино тууралуу мыйзам боюнча киного бюджеттин 0,01% бөлүнүшү керек эле. Жыл сайын эле кино тармагына бул сумма толук бөлүнбөй, мыйзам аткарылбай келет. Чындыгында 30 миллион сом аздык кылат. Мындан да көп бөлүнүшү керек эле.

Өкмөттүн сериал тартуу боюнча демилгеси кыргыз сериалынын эгемен Кыргызстандын тарыхында жарк деп жанып, кайра жалп этип өчкөн аянычтуу тагдырын эске салды. Кыргыз киночуларынын сериал тартууга ышкысы өткөн кылымдын 90-жылдары башталып, 2000-жылдардан кийин ал тасмалар кадыресе өз күйөрмандарын таап, бирок бул иш көп өтпөй токтоп калган.

Ошол кезде «Апамдын махабаты», «Чиркин өмүр», «Кууш жолдо», «Каражолтой» сыяктуу сериалдарды тарткан актер, режиссер Мурат Мамбетов анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Жеңишгүл Өзбекова менен бирге биз акырындап сериал тартуу боюнча тажрыйба ала баштаганбыз. 2007-2008-жылдары кыргыз сериалы кыргыздарга керек эмес дегендей кылып, «Кыргыз сериалы» студиясын жаап салды. Биздин колдон эмне келмек? Бардык иштерди жогорку жактагылар чечет турбайбы. Менин билишимче, бардык мамлекеттин өз сериалы бар. Алыскы өлкөлөрдү албай эле коёюн. Коңшу Өзбекстанды эле алып көрөлү. Кандай укмуш сериалдары бар! Алар өз сериалдары аркылуу улуттук идеологияны жайылтууда. Негизи эле өзүн сыйлаган улуттун өз сериалы болот.

Мамбетов убагында Мамлекеттик телерадио корпорациянын жетекчилиги бир камера менен болсо да аракеттенип жаткан чыгармачыл топтун «Кыргыз сериал» студиясын жаап, иш токтоп калганына өкүндү.

Адистин айтымында, Орусияда, Казакстанда жана башка өлкөлөрдө жеке менчик студияда тартылган сериалдар болсо аны телеканалдар сатып алып, элге көрсөтөт. Бул маселе Кыргызстанда азырынча жолго коюла элек. Бул өзүн өзү актабаган жанр, ошондуктан жеке менчик кино студиялар сериал тартканга кызыкпайт.

Кино адистери бир кезде кыргыз коомчулугун Бразилия жана Мексиканын телесериалдары, акыркы жылдарда корей жана түрк сериалдары каптап, өз таасирин тийгизип жатканын айтып жүрүшөт.

«Кыргызфильм» киностудиясынын жетекчиси Айбек Жангазиев өкмөттүк каржыга тартыла турган тасмаларда эң башкы үч тема – адам, үй-бүлө, мекен болушу керек экенин, эң башкысы мамлекеттик идеология камтылууга тийиш экенин билдирди.

- Сериалга он миллион сом бөлүнөт, - дейт ал. - 10-12 сериядан эки сериал тартылышы керек. Бул үчүн маданият, маалымат жана туризм министри өзүнчө көркөм кеңеш түзөт. Ал комиссия бир айдын ичинде сценарийдин сынагын жарыялайт. Ким утса биз аларга акча бөлүп беребиз.

Жангазиев сериалдарды тартуу качан башталып, качан соңуна чыгары сценарий аныкталгандан кийин гана белгилүү болорун айтты.

Коомчулукта кино тартууга мамлекеттик казынадан жыл сайын миллиондогон каражат жумшалып жатканы айтылып, бирок ал акчага кандай тасмалар жаралганы, тартылган тасмалар өздөрүн канчалык деңгээлде актаганы тууралуу маалыматтар ачык айтылбай жүргөнү тууралуу сын пикирлер айтылып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG