Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:26

"Азыркынын Дүйшөнү" Нью-Йоркто күмүш медаль утту


Математика мугалими Кеңешбек Шоруков
Математика мугалими Кеңешбек Шоруков

"Азаттык" радиосунун "Азыркынын Дүйшөнү" тасмасы Нью-Йорк фестивалынын мыкты телеберүүлөр сынагынын күмүш медалын жеңди.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын журналисттеринин эки документалдык тасмасы - “Аны Татьяна деп аташкан” деген “Азаттыктын” орус кызматынын документалдык фильми жана “Азаттыктын” кыргыз кызматынын "Азыркынын Дүйшөнү" тасмасы Нью-Йорк фестивалынын мыкты телеберүүлөр сынагынын күмүш медалын жеңди. Сыйлык тапшыруу аземи 25-апрелде Лас Вегас шаарында өттү.

Жолдун катаалдыгына карабай 10 чакырым алыстагы мектепке ат минип барып, балдарга билим берген Түп районунун Долон айылынын тургуну, математика мугалими Кеңешбек Шоруковдун педагогдук жолун чагылдырган тасманы "Азаттыктын" журналисттери Уланбек Эгизбаев менен Улан Асаналиев тарткан.

2016-жылдын октябрь айында фильмдин каарманы Кеңешбек Шоруков “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими” наамын алган. Мындан тышкары КМШнын билим берүүсүнүн отличниги болгон.

Азыркынын Дүйшөнү
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:08:43 0:00

Эл аралык сынактын кыска тизмесине “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын кызматтары даярдаган беш тасма кирген. Алардын ичинде казак кызматынын кабарчысы Санат Урналиевдин Батыш Казакстандагы Березовка айылындагы мектеп окуучуларынын табышмактуу жагдайда ууланганы боюнча “Ууланган чындык” деген журналисттик иликтөөсү бар. Мындан тышкары молдован кызматынын жаштардын массалык түрдө башка өлкөгө агылуусун баяндаган “Муундар эмиграциясы” жана орус кызматынын Норвегиянын Шпицберген аралындагы абакта жазасын өтөп, көмүр казгандар тууралуу тартылган "Жылбаган саат: Орусиянын Норвегиядагы колониясы" видео баяны кирген.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын президенти Томас Кент мындай сыйлыктардын ыйгарылышын “визуалдык форматтагы күчүбүздүн таанылуусу” деп баалап, “биздин журналисттердин өз каармандары жана ошол жерлер менен терең байланышын, кызыктуу окуяларды көрө билүү менен баяндап берүү жөндөмүн күбөлөйт” деп айтты.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысы Нью-Йорк фестивалынын сыйлыктарын экинчи ирет алып отурат. 2016-жылы сириялык жубайлардын Европага качып барган окуясы тууралуу тартылган ​"Убайымга салган бал айы" документалдык тасма​сы фестивалдын күмүш жана коло медалдарын алган.

Нью-Йорк мыкты телеберүүлөр менен фильмдер фестивалына 2017-жылы 50дөн ашуун өлкө катышты. Фестивалдын сыйлыгы биринчи жолу 1957-жылы тапшырылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG