Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:21

Амангелдиев: Салык саясаты боюнча түшүнбөстүк болууда


Министр Амангелдиев: Кымбатчылыкка каршы чара көрүүдөбүз
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:31 0:00

Министр Амангелдиев: Кымбатчылыкка каршы чара көрүүдөбүз

Кыргызстан Батыштын санкцияларына туш болбош үчүн бардык аракетти көрөт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

Ал учурда жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясат, бааны кармоо аракети, ишкерлердин нааразылыгы боюнча суроолорго жооп берди

"Евробиримдик тобокелчиликтер тууралуу айтты"

-Данияр мырза, алгач кепти учурда талкууланып, орчундуу болуп жаткан темадан баштайлы. Ушул аптада Бишкекте Евробиримдиктин сакциялар боюнча атайын өкүлү Девид О’Салливан келип, соңку мезгилде Евробиримдик өлкөлөрүнөн Кыргызстанга товар ташуу 300%га өскөндүгүн билдирди. Ал бул товарлардын кайда сатылып жаткандыгына кызыгып, Орусияга сатылып жаткан жокпу деп эскерткендей болду. Мындай өсүштүн себеби эмнеде жана Кыргыз өкмөтүнүн түшүндүрмөсү кандай?

- Туура, О’Салливан экинчи жолку санкциялардын алкагында көрүлгөн чаралар текке кеткен жокпу, санкцияларда тыюу салынган товарлар үчүнчү мамлекеттер аркылуу (Орусияга – ред.) кирип жаткан жокпу деген маселе менен келген. Кечээ биз чогуу жыйналыш өткөрдүк. Каржы министрлигинин, бажынын кызматкерлери, салык кызматынын өкүлдөрү ошол жыйынга катышты. Андан тышкары, О’Салливан менен бирдикте Евробиримдиктин элчиси, каржы каражаттарына жана товар жүгүртүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча Еврокомиссиянын адиси да чогуу келишкен. Алар бир топ суроолорду беришип, тобокелчиликтер тууралуу да айтып өтүштү. Негизинен биздин соода-сатыгыбыз согушка чейин эле, 2021-жылдан баштап кыйла өсө баштады.

Өзүңүздөр билгендей, фискалдык реформанын алкагында, коомчулукта көп талкууну жараткан кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН), электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ) деген пайда болду. Ушулардын негизинде биз көмүскө экономиканы ачыктап, 2026-27-жылдары аны (көмүскө экономиканы – ред.) 20% чейин кыскартабыз деген максатыбыз бар. Анткени мурда миллиарддаган акча каражаты гана келип, "Дордой" жана "Кара-Суу" базарлары реэкспорттун алкагында жашап келгени баарыга белгилүү. Ошол товарлар буга чейин көмүскөдө жүгүртүлүп, эсепке алынчу эмес. Азыр баары эсепке алынып, экспорттук-импорттук иш-чаралардын баары электрондук соода жүгүртүү (электрондук эсеп-фактура) аркылуу ишке ашат.

- Демек, товарларды көмүскөдөн чыгаруунун натыйжасында соода-сатыктын көрсөткүчү кескин өскөн деп айтсак болобу?

- Ооба. Көбүнчө ошонун натыйжасында болду. Бирок экспорттун көбөйгөндүгүн да моюнга алышыбыз керек. Булар негизинен элдин керек-жарак товарлары. Биз ТСБК (Тарифтер жана соода боюнча башкы келишим), Дүйнөлүк соода уюмунун эрежеси боюнча мамлекет өзүнүн коопсуздугу үчүн кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизе турган болсо, эмне себептен чектөө киргизип жаткандыгы, кандай кокунуч бар экендиги жөнүндө сөзсүз түшүнүк да бериш керектигин айттык. Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнө биз өз статистикабызды силерге бергенге даярбыз, бирок силер да ошол тизмени бизге беришиңер керек деп, өз талабыбызды койдук.

Башкача айтканда, кайсы товарлар кыйыр санкцияга туш болуп жатканы, ал эми кайсы товарлар тек турмуш-тиричилик товарлары катары келип жатканы тууралуу сурадык. Биз бул чыр-чатактын айынан өз экономикабызга зыян келтирип албашыбыз керек. Себеби, биз бир гана Орусия менен соода-сатык жүргүзбөйбүз, бир катар Европа өлкөлөрү менен да соода жүгүртүүбүз өсүп жатат. Аталган санкциялардын натыйжасында айрым европалык мамлекеттер менен соода-сатыгыбыз 300%га гана эмес, 38 миң пайызга өскөн учурлар бар. Анткени, биз транзиттик өлкө болгондуктан, ал мамлекеттер кээ бир товарларды бизден ташыганга мажбур болушууда. Биз азыр ушул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоонун үстүндө иштеп жатабыз.

- Бирок, быйыл февраль айында Европадагы Өнүктүрүү жана кайра куруу банкынын экономисттери Кыргызстан, Казакстан, Армения өңдүү өлкөлөргө Европадан импорттолгон товарлардын арасында санкцияга туш болгон же болбосо ошондой товарларга окшош кош керектиктеги товарлар да бар экендигин айтышкан. Кыргызстан аркылуу Батыштын санкциясына туш болгон товарлар Орусияга кеткен жок деп Кыргыз өкмөтү кепилдик бере алабы?

- Кепилдик бере албайбыз. Кечээ да бул маселени талкууладык. Мисалы, Европада, Кореяда, Жапонияда чыгарылган кир жуугуч машинелердин тизмеси бар. Ал эми Кытайдан чыгарыла турган андай машинелердин тизмеси жок. Андай боло турган болсо, кир жуугуч машинелер такыр кирбесин деп тыюу салуу зарыл. Же болбосо компьютерлердин түрлөрүнө жараша санкция киргизиш керек да. Компьютерлердин баары кирбесин деген сөз болбош керек. Бул жерде атаандаштык жүрүп жатат: бир мамлекет өз чектөөлөрүн киргизе турган болсо, экинчи мамлекет пайда көргөнгө умтулат.

- Товарлар Орусияга кетпеш үчүн, дегеле Батыштын санкцияларына илинбеш үчүн кандай аракеттерди көрүү абзел?

- Бул маселени биз түшүндүрүп бердик. Анткени жанагы кош керектиктеги өнүмдөр турмуш-тиричиликте да, аскер өнөр жайында да колдонулат. Бул тууралуу бизде мыйзам бар. Ал мыйзам аябай катуу иштейт жана жанагы товарлар боюнча биздин мамлекеттик тизме эл аралык тизмеге дал келет. Биз ошонун негизинде көзөмөл жүргүзөбүз. Аталган товарларды бир жакка чыгаруу же экспорттук тастыктамасын толтуруунун өзүнүн ачык-айкын жол-жобосу бар. Аны Батыш өлкөлөрү да жана башка ошол келишимге кирген баардык өнөктөштөрүбүз көрүп турат. Бул жөнүндө кам санабаса да болот. Биздин тизменин дал келе тургандыгын Евробиримдиктин өкүлдөрүнө айтып, түшүндүрүп бердик.

- Кыргызстан өз импорт-экспортун баардык эрежелерди сактоо менен жүргүзүп жатат деп айта алабызбы?

- Албетте.

"Салык саясаты боюнча түшүнбөстүк болууда"

Бишкектеги нааразылык акциясы. 10-март, 2023-жыл.
Бишкектеги нааразылык акциясы. 10-март, 2023-жыл.

- Бирок ошол эле учурда өкмөттүн салык реформасы, салык саясаты кайсы бир деңгээлде ишкерлер арасында айрым нааразылыктарды же түшүнбөстүктөрдү жаратууда. Ошол эле көзөмөл кассалык аппараттарды колдонуу сыяктуу. Буга чейин бир нече жолу нааразылык акциялары болуп өттү. Өкмөт кандай чечимдерди кабыл алды жана бул жаатта эмне өзгөрүүлөр болот?

- Ырас, түшүнбөстүк көбүрөөк болуп жатат. 2022-жылдын башынан баштап жаңы салык кодекси ишке кирген. Ушул кодеске карата нааразычылыктар болгон. Жаңы салык мыйзамдарын киргизбей туруп, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу негизги максаттардын бири болуп эсептелет. Жаңы салык кодексинин мүдөөсү – административдик чараларды колдонуп, товар жүгүртүүнү ачыкка чыгаруу, салык төлөөнүн маданиятын калыптандыруу.

Биз өткөн кылымдын токсонунчу жылдардан бери жапайы экономикада жашап, салык төлөө реформасы да ошондой ыңгайда жүрүп келген. Бир да мамлекетте патент деген түшүнүк же тутум жок. Биз патент тутумун киргизип, башынан эле анын чектөөсүн да кошо киргизгенбиз. Жүгүртүүңдө 8 миллионго чейин болсо, сен патент менен соода кылганга укуктуу болчусуң. Бирок ошол убакта патент менен кошо ККМди да кошо киргизүү керек эле. Анткени 8 миллионун далилдеп бериш керек болчу.

Азыркы учурда ККМ бул жаңылык эмес, кандайдыр бир жаңы эрежелерди киргизүү эмес. Тескерисинче, Жогорку Кеңеште кабыл алынган жаңы Салык кодекси мурдагы чендерди (ставкаларды) азайтты. Орточо бизнеси бар ишкерлерибизди колдоо максатында жаңы төрт режим кабыл алынды. Экспорт-импорттук иш-чараларды же жана айтып жаткан биздин транзиттик мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш үчүн "Дордой" жана "Кара-Суу" базарлары үчүн өзүнчө режим, андан тышкары майда дүң соода-сатык менен алектенгендер үчүн 100 миллионго чейин 0,1%, жалпы режимде соода-сатык менен алектенгендер үчүн 2% же 0,5% режим аныкталды. Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүлөргө өзүнчө режим, креативдүү экономикага өзүнчө режим аныкталды.

- Нааразылык акцияларга чыккан чакан бизнестеги ишкерлер менен сүйлөшкөнүбүздө өкмөт товар киргенден баштап сатканга чейин бир нече жолу салык алууга кызыкдар болуп жатат. А бул жалпы бизнеске бут тосуп, эптеп жан багып жаткан жарандар үчүн оор жүк болууда деп айтышкан эле. Алар айтып жаткандай, Кыргызстандын аймагына кирген товардан бир нече жолу салык алуу аракети жокпу?

- Негизи андай нерсе жок. Бирок салык төлөө маданиятында бир товар менен канча ишмердүүлүк кыла турган болсо, ошончо салык төлөш керек деген принцип эч бир мамлекетте бузулбайт. Өзүбүздүн өлкөнү ала турган болсок, биринчи салык бажыдан эле төлөнүп баштайт. Анткени кошумча нарк салыгы (КНС) бар. Товар киргенден кийин эле КНС төлөнөт. Экинчисинде, товар дүң соода менен сатылганда төлөнүшү керек, бирок азырынча мунун механизми жок. Чөлкөмдүн ичинде биздин логистикалык компаниялар бир нече ишкерлердин товарларын бириктирип алып келип жатышат. Бириккен товарларды Кыргызстандын аймагында кайра ээлерине таратып берүү – бул сатуу болуп эсептелет. Ошондуктан биздин ишкерлерге кошумча жүк болбосун деп, же болбосо кошумча нарк салыгын кошкондо ашыкча кыматтап кетпесин деп, эркин чөлкөмдүн ичинде аталган товарларды өткөрүп бергенге мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Ошондо мурдагы салык төлөгөндөй эле, эки иш-аракеттен эки жолу салык төлөшөт.

"Кымбатчылыкка каршы чара көрүп жатабыз"

- Кымбатчылык жөнүндө кеп кылып калбадыңызбы. Дүйнө бүгүн олку-солку болууда, негизи пандемиядан бери эле дүйнөлүк экономикада ар кандай процесстер жүрүүдө. Инфляциянын жогорулагандыгын көрүп жатабыз. Базардагы бааны жарандардын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө жараша кармап туруу боюнча өкмөт бир нече чараларды көргөндүгүн айткан эле. Анын алкагында каатчылыкка каршы план иштелип чыккан болчу, базардагы бааны туруктуу сактоо үчүн бүгүнкү күндө кандай чаралар көрүлүүдө.

- Эң негизгиси бул – фискалдык иш-чара. Жарандар үчүн ашкере зарыл болгон тогуз азык-түлүк бар. Социалдык себет деп коёюуз, ошонун нугунда аталган товарлардын баары тең кошумча нарк салыгынан бошотулган. Майга, унга, кум шекерге болгон баа кескин көтөрүлүп, азыр кайра түшүп жатканын байкап жатабыз. Бул биринчи маселе. Экинчи маселе – азык-түлүктөрдү өзүбүздө өндүрүү. Мисалы, кум шекерди толук жете тургандай өндүрүү үчүн шарттар түзүлөт. Мындан тышкары, унду ташып келүүдөн тартып андан жасалган азыктарды ички рынокко сатканга чейин кошумча салыктардан бошотулат. Ар бир өнүмдөн алынуучу 18% салык, кошумча нарк салыгы, саткандан, пайдадан алынуучу салык - ушулардын бүт баары жоюлган. Мындан башка, биздин мал багып жаткан фермерлердин ташып келип жаткан жемин да салыктан бошоттук. Биз үчүн социалдык жактан маанилүү болгон товарларды сыртка чыгарбоо үчүн чектөөлөрдү киргиздик. Бул дагы баалардын туруктуу болушуна өбөлгө түзөт.

"Жылына миң машине чогултчу завод курулат"

- Экономика кескин секирик жасаш үчүн кызмат көрсөтүү жана реэкспорттон тышкары өнөр жайды жолго коюу маанилүү экендигин айтып келип жатабыз. Жакын арада дал ушул жаатта башка өлкөлөр менен ири өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу пландалып жаткандыгы айтылды. Мен көбүнесе Өзбекстан тууралуу сурагым келип жатат. Буга чейин Өзбекстандын президенти Шафкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын алкагында, андан кийин өкмөттүн жетекчилеринин Өзбекстанга болгон сапарынын алкагында Кыргызстандын аймагында, тагыраагы, Чүй облусунда автомобил чогултуучу завод жакын арада ишке киргизилери айтылды. Бул чын эле ишке ашабы жана ал эмне болгон завод жана дарамети кандай? Ушул тууралуу маалымат бере кетсеңиз.

- Жаңы салык кодексинин нугунда машине чогултуу жа машине өндүрүү тармагы толугу менен салыктан бошотулат. Андан тышкары, жаңы инвестиция салып, өндүрүш баштан жаткандар беш жылга чейин салыктан бошотулат. Өндүрүштүн экинчи баскычында да инвестиция сала турган болсо, дагы беш жылга салыктан бошотулат. Бул жаңы салык кодексинин нугунда ишке ашырылат. Эгерде инвестор эртең келип бир нерсе кура турган болсо, беш жыл тез эле өтүп кетет, биздин кийинки салык төлөөчү базабыз кеңее берет. Биринчиден, мунун баары инвесторлорду тартуу жана коргоо принциптеринде каралган. Экинчиден, Каржы министрлиги кепилдик берип жатат. Ошонун алкагында Өзбекстандан аталган заводду алып келүүнүн бүт механизмдери ишке кирет.

Өзбекстанда чыгарылган "Шевроле" унаасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстанда чыгарылган "Шевроле" унаасы. Иллюстрациялык сүрөт.

– Бул завод качан курулат?

- Буюрса, ушул жылдын тогуз айлык жыйынтыгында биринчи машинелер чогултулуп, чыга баштайт. Сентябь айында деп мерчемдеп жатабыз.

- Бул кандай негизде курулганы жатат? Ал мамлекеттик завод болобу?

- Жок, бул үч тараптуу келишим. Өзүңүз билесиз, Жалал-Абадда "Нур" заводу бар эмес беле. Ал Daewoo үлгүсүндөгү машинелерге өзүнүн штамптык темирлерин сатып турчу. Кийин (Өзбекстан менен – ред.) мамиле сууп кеткен соң ал зоводдо өндүрүлгөн нерселер кереги жок болуп калды. Ошол завод чыгарган штамптык өнүм пайдаланылат. Андан тышкары бизде "ДТ техник" деген өкүлчүлүк бар. Ал менен "Шевроленин" экөөнүн ортосунда келишим бар. Бул эң негизги дистрибьюторлордун бири. Ошол келишимдин нугунда заводдун ишинин биринчи баскычы башталат. Негизи завод үч баскычта ишке киргизилет. Алгач 500, андан кийин 1000, аягында 1500 киши иштей турган жумуш орундары түзүлөт.

- Жылына канча автоунаа чогултулат?

- Миң автоунаага чейин өндүрүлүп чыгарылат деген ойдобуз.

- Кайсы маркадагы автоунаалар өндүрүлөт.

- Биринчи баскычта "Шевроле Кобальт", "Шевроле Равон" деген машинелер чыгарылат.

Инвестордун өткөнү эмес, инвестициясы маанилүү

- Сиз инвесторлор тууралуу да сөз кылып калбадыңызбы. Кыргызстандын эгемен тарыхында инвесторлорду чакыруу же инвестиция тартуу боюнча дайыма сөз болуп келет. Ар түрдүү, оң жана терс тажрыйбалар да болду. Кыргызстандын кадыр-баркы үчүн инвесторлордун басып өткөн жолу, кайсы бир чуулгандуу иштерге аралашпагандыгы да маанилүү эмеспи. Учурда келип жаткан инвесторлор аталган талаптарга канчалык даражада жооп берет?

- Кандай инвестор болбосун акча каражатын биздин экономикага салып, биздин мыйзамдарды сыйлап иштей турган болсо, анын өткөнүнө көңүл бурбаш керек. Башкача айтканда, биз койгон шарттарды аткарып, каражатын бул жакка алып келген инвесторлорду биз колдоп турушубуз зарыл. Биздин негизги максат - инвестициялык климатты жакшыртуу. Адатта биз инвесторго биздин жаратылышыбыз кооз, элибиз сонун деген куру сөздөн башка эч кандай кепилдик бербейбиз. Негизи инвесторго кепилдик керек, туруктуулук керек. Ошол бизнестин нугунда кишилердин сатып алуу жөндөмүн арттырышыбыз зарыл. Биз ушундай шарттарды түзүүгө тийишпиз. Ошондуктан азыр эң биринчи кадам – өзүбүздүн экономикага инвестордун көзү менен кароо. Бул жерге, салынган имаратына, алып келген инвестициясына, жүргүзгөн ишмердигине кепилдик берүү дегенди билдирет. Ушулардын баары эске алынып, реформа ушул жаатта жүрүп жатат.

Ушул максатта жер кодексине өзгөртүүлөр киризилип жатат, мындан тышкары, салык кодексине өзгөртүүлөр киргиздик. Инвестицияларды коргоо мыйзамына да өзгөртүүлөрдү киргиздик. Андан тышкары, инвесторго алып келген акчаң бир нерсе болсо мамлекет кайра төлөп берет деген мамлекеттик кепилдик берүү принциби киргизилди. Эгерде инвестор өзүнүн коопсуздугу камсыздала тургандыгына ишенсе, сөзсүз келет.

- Бирок арты таза эмес, акча адалдоо менен байланышкан акчалардын Кыргызстанга кереги барбы?

- Мен андай инвесторлорду билбейт экенмин.

- Экономиканы тез арада өнүктүрүүгө алып келүүчү ири долбоор катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жөнүндө көптөн бери айтып келе жатпайбызбы. Эгемендиктин тарыхында бул жөнүндө өтө көп сөз болуп келди, бирок анын долбоору бул күнгө чейин ишке аша элек болчу. Айтсаңыз, аталган долбоор учурда башталып жатабы?

- Ырас, бул долбоор көп жылдардан бери оюбузда болчу, мына эми гана президент Садыр Нургожоевичтин жеке демилгеси менен, ал түздөн-түз Си Цзиньпин жана башка тийиштүү мамлекеттер менен сүйлөшкөндөн кийин долбоор даяр болуп, учурда ишке ашуу алдында турат. Макамы тууралуу айта турган болсок, азыр анын техникалык экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн үч мамлекеттин биргелешкен ишканасы ачылып, жумушчу топ түзүлдү. Мунун алкагында ар бир мамлекет аталган ТЭН үчүн каражатын төктү.

- Кыргызстан тарап да төлөдүбү?

- Ооба, Кыргызстан тарап да өз милдеттенмесин аткарды. Учурда ТЭН иштелип чыкты. Эми ал актуалдаштырылып, буюрса, долбоор ишке аша баштайт.

- Анык мөөнөтү белгилендиби?

- Эмки жылдын башында иш башталып калат деген ишеничтебиз. Бул ишти Садыр Нургожоевич өзү да кылдат көзөмөл кылып турат. Мамлекет башчыларга телефон чалып, аталган долбоорду баштаганга өзү кызыкдар болууда.

"Азыркы шартта казино ачам дегендер аз болууда"

- Азыркы өкмөт бюджетти толтуруу үчүн ар кыл жолдорго барып жатат. Жаңыча мамиле кылып жатканы да көрүнүүдө. Өткөн жылдан бери коомчулукта казинолордун, ар кандай букмекерлик жайлардын ачылышы талкуу жаратты. Буларды ачууга 2023-жылдын 1-январынан тарта жол берилбеди беле. Жакында коомчулукта казинолордон алынчу салык жеңилдетилди, а эмне үчүн башка тармактарга андай жеңилдиктер берилбейт деген темада талкуу жүрдү. Ушул боюнча сиздин пикириңизди билейин дедим эле.

- Туура, ал мыйзамды Экономика министрлиги өзү демилгелеп, аны Жогорку Кеңеште өзүбүз жактаганбыз. Анткени бул туризм жаатындагы кандайдыр бир кошумча сектор, аны да өнүктүрбөсөк болбойт. Эң биринчи талап – Кыргызстандын жарандарынын ойногонун чектөө. Жана биз инвесторлорду алып келгенге жагымдуу шаттарды түзүшүбүз керек деп айтпадымбы. Ири инвесторлор менен сүйлөшкөнүбүздө салык чениңер өтө эле чоң деп айтышты. Алар тараптан эгерде баардык жарандар жарандыгына карабай ойносо жана Кыргызстандын жарандарына да, чет мамлекеттерден келген жарандарга да бирдей шарт боло турган болсо, анда бул салык чендери жагымдуу болмок. Бирок чектөө кирип жаткандан кийин чектөөнү баскыч-баскычы менен киргизсеңер деген сунуштар болгон.

Биз аталган сунушту өкмөткө киргизип, колдоо таптык. Салыктын ченин шартка жараша өкмөт өзү бекитип туруш керек. Жаңы салык кодексинде салыктын ченин бекитип берүү мүмкүнчүлүгү өкмөттүн өзүнө берилген. Азыр аталган чендерди азайтуу коомдук талкууга коюлган. Алгач ушул чен менен биринчи инвесторду алып келип иштетип көрөлү. Эгер анын бизнеси жакшы жүрүшүп, ашыкча салык төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү пайда болсо, анда өкмөттүн өзүнүн бир тараптуу өзгөртүү киргизгенге акысы бар.

- Демек, буга чейинки салык чени боюнча казино ачууну каалаган инвесторлор азыраак болуп жатабы?

- Ооба. Башында бул мыйзамды Жогорку Кеңешке алып келгенде көп сын пикирлер айтылган. Силер атайын бир инвестор үчүн гана муну жасап жатасыңар, мыйзамды да ошол инвестор үчүн эле даярдап жатасыңар деген каршы пикирлерди көп укканбыз. Бирок бир киши үчүн эле жазылган мыйзам эмес экендигин убакыт өзү далилдеди.

- Бүгүнкү күндө казинолордун же ошолор сыяктуу компаниялардын так саны барбы?

- Менин билишимче учурда букмекердик компанияларга 4 гана тастыктама алынган. Ал эми казино ачуу боюнча эч бир өтүнмө түшө элек. Балким, чендер азайгандан кийин эми келип калышат. Бирок шарттарын да күчөттүк. Мурда базарларда, аялдамалардын жанында (эл көп топтолгон жерлерде) ойноочу автоматтарды коюп алышып, кишилерди кызыктырушчу. Азыр андай автоматтар беш жылдыздуу мейманканаларда гана коюлат. Чет элден келген адам ошол жерде ойной берет. Ал эми биздин жарандар андай мейманканаларга барып ойношпойт, эгер ойной турган болсо, андай жайларды көзөмөлдөө да жешил болот.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG