Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

«Жаш өткөн сайын өжөрлөнө иштей баштайсың»


Кожогелди Култегин.
Кожогелди Култегин.

18-февралда Анкарада Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин Түркиядан жети тилде чыккан сегиз китебинин бет ачары жана 60 жаш мааракелик адабий-музыкалык кечеси өттү.

Башка тилдерге которулган китептер менен бирге акындын беш томдугу да басмадан чыкты.

- Кожогелди мырза, Түркияда китептериңиз чыгыптыр, куттуктайбыз!

- Ырахмат! Бул китептер акын катары 60 жаш мааракемдин урматына чыгарылды. «Бурса чынары» («Bursa Çınarı») аттуу түрк тилиндеги экинчи китебимди Евразия жазуучулар бирикмеси басты. Бул менин түрк тилинде жарык көргөн экинчи китебим.

Ал эми түрк дүйнөсүнүн жети тилиндеги – азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, түрк, башкырт, саха (якут) тилдериндеги «Дүйнө алаканда» («Avuçtaki Dünya») аттуу китебим менен өзүнчө казак тилиндеги «Жүрөк конуш» (Жүрек – коныс») ырлар жыйнагымды мен эмгектенген ТҮРКСОЙ эл аралык уюму бастырды.

- Башка тилде жарык көргөн китептериңизди кимдер которду? Котормочуларды атай кетсеңиз.

- Менин мурдатан келаткан адабий байланыштарым көп. Мисалы казак тилине акындар Даулетбек Байтурсун уулу, Саят Камшыгер, Кадырбек Кунапия уулу, Аскар Турганбаев которду. Өзбек тилине Ескабыл Шүкүр, Тахир Кахор которгон. Ушинтип бир нече котормочулар таржымалдаган ырларым топтолду.

- Кыргыз тилинде чыккан беш томдугуңуздун мазмуну кандай? Жалаң поэзиябы же башка жанрда да чыгармалар барбы?

Акын Кожогелди Култегиндин китептери.
Акын Кожогелди Култегиндин китептери.

- Чыгармаларымдын беш томдугун Анкара шаарындагы Этумесгут райондук өзүн-өзү башкаруусу колго алып, кыргыз окурмандарына белек катары сунду. Китепте Этумесгут райондук өзүн-өзү башкаруусунун башчысы Енвер Демирел мырзанын кыргызстандыктарга кыскача кайрылуусу басылган. Ошондой эле 5 томдугума айтылуу кыргыз адабиятчысы, филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева алгы сөз жазып, менин чыгармачылык изденүүлөрүмдү кенен талдап тааныштырган.

Китептин 1-2 томдугуна ырларым кирди. 3-томго поэмаларым жана «Курманбек» деген дастаным басылды. 4-том менин көркөм котормолорумдан турат. Анда орустун дүйнөлүк акындарынан баштап, түрк, испан, болгар ж.б. поэзиялары чогулуп өзүнчө бир китеп болду. Булар иргелип алынгандан кийинки дурус деген котормолор. Дегеле китепке кирген чыгармалардын баары иргөөдөн өттү. 5-томго болсо менин эсселерим, заманга керектүү деп эсептеген ой-пикирлерим, маектерим кирди. Мен тууралуу жазылган атактуу кишилердин макалаларын, мага арналган ырларды өзүнчө бөлүм кылып койдум.

Мен турмуш шартка жараша жети жарым жыл Ош шаарында жашап калдым эле. Ошол кезде өндүрүмсүз иштептирмин. Убактымды ойноп-күлгөнгө, ресторандарга көп жумшап алыптырмын да.


- Китептерди түзүп атып байкалды да, кайсы куракта өндүрүмдүү иштеген экенсиз?

- Абдан эле байкалат экен. Мен турмуш шартка жараша жети жарым жыл Ош шаарында жашап калдым эле. Ошол кезде өндүрүмсүз иштептирмин. Убактымды ойноп-күлгөнгө, ресторандарга көп жумшап алыптырмын да. Оштон Бишкек шаарына келгенде ал жакта жети жылда иштеген ишти эки жылга жетпеген убакытта жасадым. Жаш өткөн сайын ого бетер намыстанып, өжөрлөнүп иштей баштайт экенсиң. Түркияга келген кезим чыгармачылык менен күжүрмөн иштеген мезгилим болду. Ал аралыкта түрк тилин үйрөндүм. Адабиятын, маданиятын окуп чыктым. Ошол эле убакта чыгармачылыкта да жемиштүү иштей алдым десем болот. Мына, өзүң деле ойлоп көр, Кыргызстанда тойлорго же болбосо бильярдга кеткен убакытта биякта үңкүйүп иштеп атам да.

- Беш томдугуңуз кыргыз окурмандарына качан келет?

- Аны Кыргызстанга жеткирүү - менин милдетим. Буюрса китептер жакында Бишкекке жеткирилет.

«Жаш өткөн сайын өжөрлөнө иштей баштайсың»
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:53 0:00
Түз линк


Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG