Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Таажы вирусу талдоону талап кылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Адис Кыргызстандагы COVID-19дун жагдайы жана эртеңкиси тууралуу ой жүгүртөт.

COVID-19 дартынын ар кыл өлкөлөргө таралышын, оорунун өөрчүшү кандай өткөнүн, статистиканын негизинде Кыргызстанда эпидемияга каршы чара көрүлбөсө кандай абал түзүлөрүн болжолдоп көрөлү. Ошентип, биздин өлкөнүн калкы:

  • 6 млн. киши, анын 1 миллиону чет жерде жашайт;
  • калган 5 миллиондун 800 миңин алып коёлу (14 жашка чейинки балдар COVID-19 менен деги эле оорубайт, алар жугузушу мүмкүн, бирок чоңдордукундай клиникалык залакасы оор болбойт);
  • калган 4,2 млн. адамдын 80% жакыны же 3,36 млн. адам эч кандай белгиси жок вирусту алып жүрүүчүлөр;
  • 20% же 840 миң адам COVID-19 менен ооруйт. Алардын 50% же 420 миң адам үйүндө ооруйт, дагы 50% же 420 миңи ооруканага жаткырылат жана дарыгердин көзөмөлүндө болушат;
  • ооруканага жатчу 420 миң адамдын 10-20% же 42 миңден 84 миңге чейинки адамдар оорунун эң оор формасына кабылат. Аларды аман алып калыш үчүн өпкөгө жасалма дем алдыруу аппараты (ИВЛ) керек.

Ошол эле учурда эске ала кетчү жагдай - кийинки изилдөөлөрдө пневмония кычкылтекти эритроцитардык масса клетканын ичине келтирбей тосуп коюшунун натыйжасында пайда болору ырасталды. Ошондуктан ИВЛ аппараты дарылоодо кошумча инструмент гана болуп бере алат же анын натыйжасы анча деле болбойт.

Кыргызстандын статистикасына келсек, республикада 26 миң койка-орун (буга ооруканалардын баары кирет - төрөт үйлөрү, хирургиялык, балдар, жугуштуу оорулар бөлүмү ж.б.), анан да 550гө жакын ИВЛ аппараттары бар. Ошол себептүү бир учурда COVID-19 эпидемиясы ыкчам таралып кетсе саламаттык сактоо системасы оорулардын үйөр агымын дарылоого жетише албайт. Дүйнөлүк статистиканын жалпылама маалыматына ишенсек, өлкөдө 420 миң адам ооруканадан дарыланууга муктаж.

Кыргызстандын ооруканаларындагы болгон койка-орундардын баарын бошотсок дагы 26 миң орунубуз 14 күн дарылоону (карантиндин узактыгы) эсепке алганда, саламаттык сактоо системасы бир ай ичинде 52 миң адамды айыктырып чыгара алат. Дарылануучулардын 10-20% ИВЛ аппаратына муктаж, алардын саны 5 миңден 10 миңге чейинки санды түзөт. Республикада болгону 550 ИВЛ аппараты бар экенин эске алсак, керектөөнү толук камтуу мүмкүн эмес.

Күрөшүүнүн жолдору

Эпидемияга каршы күрөшүүнүн ар кыл жолдору бар. Алардын ичинен кыска мөөнөттөгүсүнө мына булар кирет:

  • активдүү карантин чаралары;
  • массалык тестирлөөнү уюштуруу;
  • дарылоонун эң натыйжалуу жолдорун табуу жана аныктоо;
  • бөлүп коюу жана эмдөөлөр.

Активдүү карантин чаралары

Айтмакчы, Саламаттык сактоо министрлиги менен өкмөткө кийинки айлардагы аракети үчүн жогору баа бериш керек. Өкмөт менен калктын милдети - вирустун таралышына жол бербөө экенин түшүнүү эң маанилүү милдеттерден. Калкты сыртка чыкпай, социалдык активдүүлүгүн азайтып, социалдык дистанцияны бекем сактоого такай үндөй бериш керек.

Экономикалык, каржылык жана инфраструктуралык чектөөлөрдү эске алуу менен бир нерсени ачык түшүнүп алуу зарыл: мындайда өкмөттүн жалгыз туура кадамы - карантин чараларын ыкчам пайдалануу. Мындан башка арга жок!

Саламаттык сактоо системасы мыкты, тестирлөө системасы жолго коюлган, акчасы жетиштүү ири өлкөлөр кеңири контекстте алганда, эпидемияга каршы чараларды уюштурууда олуттуу кемчиликтерди кетиришти. Чоң өлкөнүн проблемалары да өзүндөй чоң болот экен. Кыргызстан - майда проблемаларын артынып алып глобалдык перспективаны мелжеп жашап келаткан кичинекей өлкө, жеке адамдын турмушу жагынан алганда, бул өзү опсуз чоң проблема.

Карантин иш-чараларынын жүрүшүндө өлкө масштабында аңырайган боштуктар ачылып калды, аларды жабыш үчүн токтоосуз мына бул иштерди жүзөгө ашыруу зарыл:

- Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат базасы милиция кызматкерлеринин, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин Эпидемиологиялык кызматынын маалымат базасы менен байланышпаптыр;

- кишинин ким экенин мобилдик телефон номуру аркылуу аныктоо мүмкүндүгүнүн жоктугу. Соңку он жылдан бери бул тууралуу көп эле айтылат, бирок да бул багытта жөнөкөй бир кадам жасалган эмес. Өлкөнүн ар бир жараны өмүр бою көтөрүп жүрчү телефон номурун алышы керек, бул эпидемиологиялык көз караштан алганда, советтик мезгилдеги жашаган жерине катталууну алмаштырат.

Мындай чечимдер мурдараак ишке ашырылганда өлкөдө пайда болгон COVID-19 оорулууларды, алар менен байланышта болгондорду аныктоо кыйла натыйжалуу жүрмөк. Мобилдүү эпидемиологиялык медициналык топтордун ооруга чалдыгуу көрсөткүчтөрү төмөн болмок. Умралык милдетин аткарып учуп келгендер, алар менен учурашкандарды табуу боюнча талаш-тартыштар чыкмак эмес.

Узак мөөнөт көз карашынан алганда, карантин чараларынын дагы бир маанилүү өңүтү бар – ал кадрларды, тактап айтканда, санитардык дарыгерлер менен эпидемиологдорду даярдоо милдети. Советтик мезгилге караганда бул багытта студенттерди кабыл алуу эки эсе азайган.

Ошондой эле чумага каршы күрөшчү станциялардын мурдатан келаткан мыкты тажрыйбаларын изилдеп, аны колдонуу зарыл. Азыркы күнгө карата ушул адистер гана оор жугуштуу оорулар менен кантип күрөшүүнүн жолун, карантин менен эпидемияга каршы чараларды иштеп чыгуунун ыгын билишет.

Массалык тестирлөөнү уюштуруу

COVID-19ду жугузуп алганды тесттин үч түрү аркылуу аныктоого болот: экспресс-тесттер, бир топ каталарына карабай ИФАга реакциясын аныктоо аркылуу, ПЦР-усулу жугузулган оору күчөп кеткенин кыйла тактыкта аныктоо, ошондой эле ИФА-усулу IgM (өтүшүп кеткен) жана IgG (өнөкөткө айланган) антителолордун кыйла так санын аныктоочу жогорку деңгээлдеги ыкма.

COVID-19 оорусунун жайылышына каршы натыйжалуу күрөшүүнүн ыктуу жолу катары тесттерди төмөнкүдөй логика боюнча пайдалануу зарыл: IgM (өтүшүп кеткен) жана IgG (өнөкөткө айланган) антителолорду аныктоого жетиштүү ИФА, өтүшүп кеткенин кошумча ПЦР тести менен ырастоо.

Мындай мамиле вируска каршы күрөшүүдө стратегиялык чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошол тесттерди пайдалануу аркылуу IgG (өнөкөткө айланган) оорулардын маалымат базасын түзүүгө болот. Булар чын-чынына келгенде ооруп айыккандар, эми алар вариант катары жугуштуу ооруну кайра таркатышпайт. Дүйнөлүк тажрыйбадан мына ушул болжол ырасталып калса, өкмөттө болбоду дегенде өлкөдөгү вирус боюнча жагдай такталып, ачыкка чыгып калмак. Анан да бул дарылоо, тактап айтканда, суюктук менен дарылоо усулу жагынан маанилүү.

Жогоруда айтылгандардан улам Кыргызстанга алып келиш үчүн болжол менен канча тест керек экенин эсептеп чыгууга болот.

Күрөштү инфекциянын кайнаган жеринен баштап, эсепти мындай логикага таяп жүргүзгөн оң: эгер өлкөдө 840 миңге жакын оорулуу болсо, анда ИФАнын 1,68 миллион сандык тести жана ПЦРдин 1,69 миллион тести керек (1 тест ИФАнын өтүшкөнүн аныкташо үчүн, дагы 1 тест оору башталгандан 14 күндөн кийин).

IgG чалдыккан адамдардын маалымат базасын түзүш үчүн ИФАнын 6,72 миллион тестин пайдаланыш керек, мынчалык тест 3,36 миллион адамды тестирлөөгө жетет.

Биз эми мындан ары ушул вирус менен жашай турган болуп калдык, анын тестирлөө системасы деле ВИЧ/СПИД же гепатит сыяктуу милдеттүү болуп калары айдан ачык айгинеленүүдө.

Дарылоонун эң натыйжалуу жолдорун табуу жана аныктоо

Келечекте адамзат натыйжалуу вакцина тапкан күндө деле ушул вирус менен жашай турганыбыз айкын болуп калды окшойт. Ошол эле мезгилде аны дарылоонун натыйжалуу жолдорун табуу милдети турарын эстен чыгарбашыбыз керек. Бул маселени чечиш үчүн биздин дарыгерлердин дүйнөлүк адистер менен жакшы байланышы, алардын дарылоо протоколдорун практикалык изилдөөлөрүнөн кабардар болушу керек. Азыр онлайн режимде бүт дүйнө менен байланышып турууга болот. Тилекке каршы, англис тилин мыкты билген жогорку квалификациядагы дарыгерлер бизде аябай эле аз. Дарыгерлер арасында кызыккандардын англис, француз, немис, кытай тилдери боюнча топторун түзүү зарылдыгы бышып жетти.

Үйрөнгөн тажрыйбаны дарылоо протоколунун формалдык жөрөлгөлөрүнө карабай активдүү киргизе берүү керек. Азыр дүйнөдө эч кимде бекитилген дарылоо протоколу жок. Азыр аскердик-талаа медицинасынын мезгили, дарыгерлерге эркиндик берилсин, алардын интуициясына, акылы менен тажрыйбасына негизделген ишине жол ачылсын.

Маселен, азыр көп өлкөлөрдө ооруп айыккан адамдын плазмасын колдонуунун натыйжалуулугу тууралуу көп айтылууда, ошол ооруган адамдын плазмасы антителонун негизинде оорулуунун иммундук системасын жөнгө салуунун жакшы инструменти болуп бере алат. Бул мисал эмнени көрсөтөт? Ооруп айыккан адамдардын донордук канын чогултуп, аны плазмага айлантып, клиникалык тажрыйбага активдүү киргизиш керек. Күтүп отура берүүгө болбойт!

Узак мөөнөттүү стратегиянын көз карашынан алганда, жок дегенде медициналык факультеттин студенттеринин жарымын Батыш билим стандарттарынын негизинде окутуу зарыл. Бул жалпы дүйнө кабыл алган клиникалык протоколдордун стандарттарынын алкагында алдыга жылууга, Батыш медициналык борборлорунун опол тоодой интеллектуалдык тажрыйбасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле учурда студенттерди жалаң англис тилинде окутуу керек.

Бөлүп коюу жана эмдөө

Натыйжалуу вакцина же дарылоонун ишенимдүү протоколу табылмайынча адамдардын сыртка чыкпашы, социалдык дистанция – жеке адам коопсуздугун камсыз кылуунун сынаакы усулу бойдон кала берет. Бул идеяны такай кайталап, көпчүлүк арасына жайылта бериш керек.

Америкалыктардын оптимисттик божомолуна ишенсек, быйыл жылдын аягында же эмдиги жылдын башында вакцина чыгып, кийинки жылдын жазында же жайында аны Кыргызстан алып калышы ыктымал.

Азырынча бизде болгон нерселер булар: карантин чараларына негизденип Европа өлкөлөрүнүн жамааттык иммунитетти иштеп чыгып, инфекцияга каршы чогуу-чаран күрөшүүнүн тажрыйбасын үйрөнө бергенибиз оң. Бул эмне бериши мүмкүн? Кыргызстанда жайылып жаткан вирус штаммы адамдардын организминин активдүү каршылыгына кабылып, аз-аздан алдан тая берет. Башкача айтканда, кадимки сасык тумоого окшоп башында катуу чыгып, бир четтен жыга баштайт да, убакыттын өтүшу менен таралышы басаңдайт. Андайда бул вирус менен чогуу жашай баштайбыз, анын утурумдук күчөгөн учурунда келтирген зыяны көп болууда.

Илим Оморов

(Автордун пикири «Азаттыктын» позициясын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG