Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Бийлик коррупцияга да, кылмыш дүйнөсүнө да утулдубу?


Ири коррупциялык иштерге шектелген депутат Ахматбек Келдибековду сот үй камагына чыгарып, ал тургай Германияда дарыланууга уруксат берди. Коомчулукка криминалдык лидер катары таанылган “каралардын” баары азыр эркиндикте жүрүшөт. Президент Алмазбек Атамбаевдин да, парламенттеги башкаруучу КСДП, “Ата-Мекен” партияларынын да шайлоо алдындагы убадаларынын өзөгү дал ушул коррупция менен кылмыш дүйнөсүн жоготуу болбоду беле? Убадалар кайда калды?

Жол тоскондордун “жеңиши”

Депутат Ахматбек Келдибеков камалганда маалымат каражаттары анын миллиондогон байлыгын, катар-катар үйлөрүн, кымбат машинелерин тизмектеп санап, коомчулук да өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген адам кантип ушунча байлыкка туйтунду деп нес болгон эле. Башкы прокурор да парламентте сүйлөгөн сөзүндө Келдибеков мамлекетке баш-аягы 30 миллион сомдон ашуун зыян келтиргенин айткан. Аида Салянованын сөзүн өзгөртпөй берели:

- Бир эле “Ротак-Бишкек” деген ишкана боюнча Соцфондго 21 миллион сом зыян келтирилгенин айтып жатабыз. Келдибековдун өзүнө караштуу түзүлгөн “Ротак-Бишкек” компаниясы бул Соцфонддун каражатын пайдалануунун өтө чоң жана татаал коррупциялык схемасы болгон. Буга бир нече фирма жана көптөгөн мамлекеттик кызмат адамдары менен ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү тартылган. Анын башында Келдибеков өзү жана анын жубайы Аида Токтоматова турган. Мына ушундай бири-бири менен байланышкан чынжырча аркылуу Соцфонддун акчасы тегеренип турган. Буга биз "коррупция" деген берене менен иш козгодук. Ал эми Салык кызматында турганда “Бизнес партнер” деген компания аркылуу “Аламүдүн базары" жана “Дордой плаза” ишканаларынын 1 миллион 300 миң сомдук салыгы түшпөй калган.

Ушул эле Башкы прокуратура Келдибеков парламенттин спикери кезинде Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачып, ага бюджеттин он миллион сомун мыйзамсыз жумшаганын таап чыккан. Албетте, Келдибеков өзү бул айыптардын баарын четке кагып келген.

Кудай эч кимге оор илдет бербесин, бирок Келдибеков камалгандан кийин эле саламаттыгы начарлап, тергөө абагында дээрлик жаткан жок, ал убактысынын көпчүлүк бөлүгүн ооруканада, атайын палатада өткөрдү. Керек болсо интернеттеги социалдык түйүндөргө да баш багып, жакындары, журналисттер менен кадыресе сүйлөшүп, өзүн өзү актоого күндүр-түндүр жан үрөп жатты. Ошол эле убакта абалы өтө начар экени айтылып, сотко баруудан, тергөөнүн жыйынтыгына кол коюудан баш тартып турду.

Жогорудагыдай ири коррупциялык иштери толук далилденип же жокко чыга электе аны үй камагына чыгарып, керек болсо Германияга дарыланууга уруксат бериши азыркы бийликтин, соттун коррупцияга багынышы, утулушу десек болчудай. Саясий эксперттер бул Алайдагы жол тосуу басымынын “жеңиши” дешүүдө. Демек, кыргыз саясатында миллиондорду кымыргандардын туугандары, жердештери көчөгө чыкса, жол тоссо, аттар менен милицияны демитсе аны сот бошотобу? Бул келечекте өнөкөткө айланып, камалган ар бир коррупционердин туугандары көчөгө чыгып, жол тосмойго өтөбү? Келдибековдун бошотулушу “биздин балага тийбе, бирок башкаларды камай бер” дегендерге дем-шык бергендей болду. Мындан ары саясатка баш баккандар, чоң кызматтагылардын баары эгерде камалсам бошотуп алчулар ушулар деп уурдаган акчадан айылдаштарына да бөлүшүп турабы? Бул көрүнүш адатка айланып, азабын кийин тартпасак болгону.

Кыргыздын "боорукердиги"

Президент Атамбаев эл алдына чыккан сайын “ууруларды колго чабыш керек, тыйыш керек” деп көп кайталайт. Ыңкылаптан кийин көп коррупционерлер жазага тарылганын айтат. Кана ошолор, кимдер? Алардын баары камалгандан бошогону бат болуп турат. Президенттен да, КСДП менен “Ата-Мекенден” да сурагыбыз келет, Бишкектин экс-мэри Түлеев, минералдык ресурстар агенттигинин экс-жетекчиси Учкун Ташбаевден башка дагы ким камалды?

Коррупцияга шектелген чиновниктердин бошогону аз келгенсип, кылмыш дүйнөсүнүн эң таасирдүү өкүлдөрү да дал азыркы бийликтин тушунда эркиндикке чыгышты. Азиз Батукаевди качыруу операциясын мамлекеттик органдар уюштуруп бергени парламент тарабынан толук аныкталган, ага күнөөлүүлөр жоопко тартылмак түгүл кызматтан да алынган жок. Көп өтпөй мыйзамдагы ууру атыккан Камчы Көлбаев да эркиндикке чыкты. Кыргыз бийлиги, кыргыз соттору ушунчалык да боорукер, гумандуубу? Келерки шайлоодо эл алдына чыкканда кайсыл жетишкендиктер, ийгиликтер, реформалар тууралуу айтасыңар? Апрель ыңкылабынан кийин “Манас” антын бердиңер эле, ал унутулуп баратабы?

Ыңкылап курмандыктарын аягандан башка арга жок...

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG