Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Оторбаев: Мигранттардын балдары кароосуз калууда


Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев.
Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев.

Кыргызстанда балдардын укугун коргоо, аларга карата зомбулукту алдын алуу багытында негизги маселелер кайсылар? “Азаттыктын” суроолоруна өлкөнүн акыйкатчысы Кубат Оторбаев жооп берди.

“Азаттык”: Кечээ Сиз социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев менен жолугуп, быйылкы жылга карата иш-планды аныктадыңыз. Негизги көңүл балдардын укугун коргоо маселесине бурулмай болгону айтылды. Бул багытка артыкчылык берилишине эмне себеп болду?

Оторбаев: Кыргызстандын калкынын жалпы саны 6 миллион болсо, 2 миллион 260 миңи 18 жашка чейинкилер. Акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык абалга байланыштуу миграция күчөгөнү белгилүү.

Кечээ биз Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Бактыбек Адылов менен да жолугуп, ушул маселени талкууладык. 700 миңдей кыргызстандык расмий түрдө сыртта жүрөт, анын 500 миңи Орусияда, 70 миңи Казакстанда, 14 миңи Түштүк Кореяда, 10 миңи Түркияда. Мына ошол жарандарыбыздын балдары Кыргызстанда калып, кимдир бирөөлөрдүн колунда тарбияланууда.

Министр Кудайберген Базарбаев менен жолугушууда мен мына ушул маселени көтөрдүм. Себеби дал ошол балдар зордук-зомбулукка көбүрөөк кириптер боло турган катмар. Ал өкмөттүн министрлик аркылуу бул жаатта жүргүзүп жаткан иши тууралуу айтып берди. Министрдин айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге алар былтыр 317 миң үйдү кыдырып чыгышкан жана мигранттардын 56 462 баласы жакындарынын колунда тарбияланып жатканын аныкташкан. Бул багытта биз өзүбүздүн облустардагы өкүлчүлүктөрүбүз аркылуу да иш алып баруудабыз. Жогоруда айтылган балдардын 55 миңдейи чоң ата, чоң энесинин, ал эми калгандары ар кимдикинде экени белгилүү болгон.

“Азаттык”: Демек, укугу тебеленген, кордолгон балдар боюнча тобокел топто иш издеп сыртка чыгып кеткен мекендештерибиздин уул-кыздары экен. Аларды коргоо багытында кандай конкреттүү иш-чаралар каралууда?

Оторбаев: Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, соңку кезде балдарга карата зомбулук көп катталууда. Андыктан бул багытта ишти күчөтүшүбүз керек. Балдарга жасалган мындай кылмыштардын бетин ачуу да өзүнчө маселе. Биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу, ички иштер органдарынын жер-жерлердеги үй-бүлө, балдар менен иштеген бөлүмдөрү аркылуу зомбулукка кириптер катмарларды аныктап, ошолор менен иштейбиз. Албетте, Билим жана илим министрлиги менен бирге да аракет көрүлмөкчү.

“Азаттык”: Ошто ымыркайын 15 миң сомго сатып жиберген келиндин окуясы азыр социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып жатат. Аны айыптагандар менен катар “аргасыздан ушуга барды деп айткандар” да бар. Милицияда мындай иштер боюнча статистика жүргүзүлгөнү менен, көбү көмүскөдө калып калары айтылып келет эмеспи. Ушундай кадамга баргандарды актай турган себептер, аргументтер болушу мүмкүнбү?

Оторбаев: Өз канынан жаралган баласынан баш тартуу маселеси жалгыз гана Кыргызстанга таандык эмес, албетте. Бирок ошентсе да жашоо-турмуштун айынан деген маселе бар... Мындай окуяларды алдын алуу үчүн кыздар, жаш аялмет үй-бүлөлөр менен иштөө керек. Бул багытта биздин бир топ сунуштарыбыз бар. Атап айтсак, ЗАГС алдында атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзө турган курстарды ачса болот. Ошондой эле бул ишке мектептерди кеңири тартуу керек. Мурда, билесиздер, кыздарды келечектеги үй-бүлөлүк жашоого тарбиялоо боюнча атайын сабактар өтүлчү. Азыр да өспүрүм уул-кыздарыбыздын чоң турмуштун эшигин аттоо алдындагы даярдыгын мектеп программасына киргизүү керек деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG