Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Өкмөттүн элди чаташтырган электр тарифи


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитети өкмөттөн электр тарифин жөнгө салуучу токтомун кайра карап чыгууну талап кылды. Ал ортодо айрым тургундар электр энергиясы үчүн өкмөттү сотко берүүгө камынууда.

Журналист Жакшылык Матанов электр энергиясы үчүн ашыкча акча өндүрүп жатат деп өкмөттү сотко берүүгө камданууда. Көп кабат үйдө жашаган Матанов дарегине келген эсеп-дүмүрчөктүн негизинде электр үчүн кассага 10 миң сом төккөн. Бирок ал бул сумма реалдуу төлөмдөн 70-80 пайыз көп деп, өкмөт коңшулардан алынган импорттун чыгымдарын негизсиз кошуп жатат деп шектенүүдө:

- Мен былтыр октябрда миң сомдой ашык төккөм. Ошол бойдон квитанция келбегенинен жагып бүтө элекмин деп ойлоп жүргөм. Марттын башында 10 миң сомдук квитанция келди, 700 киловатт саатка чейинкисин 1,28 сомдон, андан ашканын 2,16 сомдон эсептешиптир. Эмне үчүн импорт болбосо 2,16 сомдон төлөшүбүз керек, эмне үчүн 1,28 сом эмес? Маселе ошондо.

Бийликтин эки башка пикири

2014-жылы өкмөт электр жана жылуулук энергиясы боюнча үч жылдык тариф саясатын кабыл алган. Ага ылайык ошол жылы электр алгач 10% кымбаттап, бир кВт саат 77 тыйын болгон. Былтыр кризиске байланыштуу электр энергиясын коңшулардан сатып алууга аргасыз болгон. Ошол импорттук чыгымдарды жабуу максатында 700 кВт сааттан ашык колдонгондорго 2,16 сомдук тариф коюлган.

Бул маселе боюнча азырынча кыргыз өкмөтүнө караштуу энергетика тармагынын адистеринде бирдиктүү пикир байкалбайт. Маселен, Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу агенттигинин директору Таалайбек Нурбашев импорт үзгүлтүксүз уланып жатат деп ишендирди:

- Импорт жок, албайбыз, кутулдук десек элдин баары сүйүнөт эле, ылдый түшүрөт элек. Бул жакта энергокомпаниялар “келаткан кыштан чыга албайбыз, суунун көлөмүн эсептеп көрдүк, метеорологдор анализ кылып жатат, кургакчылык болгону жатат, өзүбүздүн алыбыз жетпейт, импорт керек” деп келишим түзүп, баасын соодалашып отурушат азыр. Чукул арада алып келет, анан биз санай баштайбыз. Импорт бар деп энергокомпаниялар эсептерин берип жатпайбы. Кайра импорт алып жатса кантип жок дейм мен.

Таалайбек Нурбашевдин бул айткандарын “Электр станциялары” ачык акционердик коому төгүндөөдө. Мекеменин маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева жыл башынан бери Кыргызстан коңшулардан электр энергиясын сатып ала элек дейт:

- Январь, февраль айлары биз электр энергиясын импортко алган жокпуз. Эгер кыш суук жана узак болуп калса деп сырттан сатып алууга келишим түзгөнбүз. Бирок өзүбүз өндүргөн энергия жетиштүү болгондуктан андай зарылчылык чыккан жок. Суткасына пайдаланылган 50-53 миллион киловаттын баарын өзүбүздүн генерациядан камсыз кылдык.

Чаташкан тариф саясаты

Энергия пайдалануучулардын, көз каранды эмес адистердин ишениминде, өткөн жылдагыдан айырмаланып быйылкы кышта электрди импорттоо муктаждыгы болгон жок. Демек, ашыкча энергия короткондордон кошумча 2 сом 16 тыйындан акча өндүрүү зарылчылыгы да жок болуп чыкты. Бул маселе өткөн аптада парламентте да көтөрүлүп, өкмөт Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин 22-марттагы жыйынына чейин жообун даярдап келүүгө милдеттендирилди. Ошондой эле комитет бул кырдаалды чечмелеп берүүсүн сурап Эсеп палатасына да кайрылды.

Депутаттар мындай чаташуунун себебин өкмөт өзүнүн №660 токтомунда импорт үчүн эсептешүү мөөнөтүн так жазбаганынан көрүп жатышат. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Нургазы Нышанов мындай дейт:

- Токтомдо ошондой “коопсуздук жаздыкчасы” бар экен. Бирок мунун да чеги болушу керек да. Болуптур, андан бери алты ай өттү, жетинчи ай баратат, али күнчө кутула элексиңерби деп сурасак, жооп бере албай койду. Калк 700 киловатт сааттан ашырбай жатат, ошондуктан жаба албай жатабыз дейт.

- Январь, февраль айлары биз электр энергиясын импортко алган жокпуз. Эгер кыш суук жана узак болуп калса деп сырттан сатып алууга келишим түзгөнбүз. Бирок өзүбүз өндүргөн энергия жетиштүү болгондуктан андай зарылчылык чыккан жок.
Тагжана Айдаралиева

Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу агенттигинен билдиришкендей, былтыр Кыргызстан ички генерациянын жетишсиздигинен улам Казакстандан 884 млн, Тажикстандан 300 млн, жалпысынан 1 миллиард 119 миллион кВт саат электр энергиясын импорттоону пландап, 2,16 сомдук тариф ошого жараша эсептелип чыккан.

Бирок иш жүзүндө, “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына караганда, былтыр болгону 543 млн 300 миң киловатт сааттык электр энергиясы импорттолду.

Тариф маселеси учурда оппозициянын бийлик алдына койгон талаптарынын бири болууда.

“Электр станциялары” ишканасынын божомолуна караганда, Кыргызстан быйыл да коңшулардан электрди сатып алууга мажбур болот, себеби өндүрүү керектөөдөн 1 млрд, 24 млн кВт саат аз болору болжолдонууда.

Республиканын энергосистемасынын иштөө режими Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнөн көз каранды. Ал жакта топтолгон суу былтыр ушул маалда 6,6 миллиард куб метр болсо, азыр 9 миллиарддан ашып турат. Суунун көлөмү 7 миллиард куб метрден төмөндөсө кризистик деп саналат.

XS
SM
MD
LG