Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Акын Тоголок  Молдо – жаңычыл агартуучу


Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу; 1860–1942).
Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу; 1860–1942).

Кыргызстанда залкар акын, агартуучу Тоголок Молдонун (Байымбет Абдыракман уулунун) 160 жылдыгына арналган мааракелик чаралар өттү. Ошол мааракелик жыйындардын биринде сүйлөгөн тарыхчы Аида Кубатованын сереби.

Ар бир эле инсандын калыптанышына тарыхый кырдаалдын зор таасири бар экендиги маалым. Анын жашоо-турмушу, эмгеги, чыгармачылыгы коомчулук менен тыгыз байланышта өнүгөрү белгилүү. Ошондуктан, улуу акын, манасчы, ойчул, кыргыздын тамсилдик өнөрүнө чыйыр салган, агартуучу Тоголок Молдонун (Байымбет Абдыракман уулу; 1860–1942) өмүр жолуна кайрылуудан мурда ошол мезгилдеги аймактын коомдук-саясий түзүшүнө сереп салуу зарылчылыгы жаралат.

Аймактын тарыхына кайрылсак, Орто Азия XIX кылымдын орто ченинен Орусия империясынын курамына кошулган. Падышалык Орусия Орто Азияда саясий жана экономикалык абалын чындоо максатында аймакта жалпы администрациялык башкаруу системасын киргизген. Анын оң-терс жактары учурда көпчүлүккө белгилүү. Аймакта бир кыйла өсүштөр болгону менен дагы деле болсо өлкө артта калган жана оторчулук (колониялык) эзүүнүн залдары тийген.

Ошол эле мезгилде калк арасында экономикалык карым-катнаштардан тышкары, маданий байланыштар да күч алган. Ушундай шартта алдыңкы мусулман калкынын алдыңкы катмары колониялык эзүүнүн негизги себеби катары элдин сабатсыздыгын жана түшүнбөстүгүн эсептешкен.

XIX кылымдын аягында – ХХ кылымдын башында алгач Волга боюнда, Крымда, кийин Түркстанда (ал учурда Борбордук Азия аймагы Түркстан деп аталган) билим берүүнү реформалоого багытталган жадидчилик кыймылы (“жаңы агым” агартуу кыймылы) пайда болуп, тарай баштаган.

Жадидчилер калыптанып калган эски ыкмада билим берген схоластикалык мусулман мектеп-медреселердин ишин сынга алышып, окутууну мезгил талабына ылайык өзгөртүүгө аракеттенишкен.

Жадидчилик кыймылынын негиздөөчүсү улуу педагог, агартуучу Исмаил Гаспыралы (Gaspıralı); Гаспринский; 1851–1914) жана аны колдогондор Орусия империясынын түрк тилинде сүйлөгөн мусулмандар арасында, ошондой эле Индия, Кытай ж.б. жерлерде айрым маалыматтар боюнча жаңы ыкмада окута турган (диний сабактардан тышкары, эсеп, геометрия, география, тарых, музыка, ал турсун, дене тарбия сабактарын да араб ариби менен өз эне тилинде окуткан) 25 миңден ашуун мектептерди ачышкан.

Жаңы усулда окуткан жадид мектеби алгач Крымда ачылып (1884), кийин Түркстанга тараган.

Мындай жаңы усулдагы мектеп-медреселер Кыргызстандын да аймагында да ачылган. Албетте, мындай саамалыкка эски мектептердин окутуучу – молдолору (“эскичилдер” – “кадимчилер”), падышалык бийлик өкүлдөрү сыяктуулар каршы чыгышкан.

Бул тууралуу ошол мезгилде жазылган, учурда теңдешсиз баалуу тарыхый эмгек катары эсептелген, кыргыздын алгачкы тарыхчысы Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыковдун 1914-жылы Уфа шаарынын “Шарк” басмасынан чыккан “Тарых-и кыргыз Шадмания” аттуу эмгегинде айтылып кетет.

Ал Кокон хандыгы учурундагы башкаруучу-хандардын эл үчүн эч кандай пайда кылбагандыгын, наадандыгын айтып келип:

...Көрүнгөндү тергеди.

“Кафир экен бу” деди.

“Башында жок селдеси”,

“Узун чапан кийбеди”,

“Көзүн жерге сүзбөдү”,

“Аса алып колуна”

“Мазар кыдырып жүрбөдү.

“Усул жадид окуган”,

“Кафир иши, бу” деди...” –

деп, көпчүлүк башкаруучулардын усули жадид окуусуна каршы чыккандарын көрсөтө кеткен [Сыдыков О. Тарых-и кыргыз Шадмания. – Бишкек, 1990. – 57-бет.].

Молдо Кылыч Шамыркан уулу (1866–1917), Молдо Нияз (1823–1896) жана Байымбет Абдрахман уулу (Тоголок Молдо), Алдаш Молдо ылакап аты менен таанылган Алдаяр Жээнике уулу (1874–1930) ошол мезгилде өз чыгармаларын кагазга түшүрүп, кол жазмаларын эл арасына тараткан жазма акындардын катарына киришет. Алар доордун билимдүүлөрүнүн катарына кошулушуп, ысымына кошумча “молдо” эпитети кошуп айтылып, эл ичинде чоң абройго ээ болушкан.

Кыргыз архивиндеги Тоголок Молдонун сүрөттөрү.

Алардын бири – келечектеги жамы кыргыз калкынын атактуу акыны Тоголок Молдо ылакап аттуу Байымбет Абдыракман уулу.

Ал 1860-жылы Нарын өрөөнүнүн Ак-Талаа аймагындагы Куртка деген жеринде жарык дүйнөгө келген. Анын өз эскерүүсүндө: атасы Абдыракмандын аталашы Музооке ырчы көптү көргөн, сергек киши боло турган. Токтогул Музоокени “Музооке булбул” деп бекеринен атаган эмес. [Тоголок Молдо. Тандалган чыгармалар. – Фрунзе, 1960. – 4-бет.]

Ал Байымбетти бооруна тартып, “ушул уулумдан бирдеме чыгат”, деп кээде айыл-апага ээрчите барып, жанына отургузуп, үйдө болгондо ыр, комуз үйрөтүп, мындай дечү экен:

“Кана, тогологум, ырдап койчу, мен черт дегенде черте бер, айылга барганда да уялба, жашык болбо, сени мен молдо кылам, анан сен китеп сөзүн айтасың. “Өнөр алды кызыл тил” дейт. Китеп сөзүн билсең, сен чечен да болосуң, акылдуу да болосуң... – [деп айтчу эле].

Музооке менин периштем болгон экен, мени зордоп окутпаса, балким мен мындай атакка ээ болбос элем, “жетим улакка айыры шыбак” болуп, мен ошентип төрт жыл окуп калдым. Музоокенин акысынан мен эч убакта кутула албайм”, – деп эскерген экен улуу акын.

Байымбет 14 жашар кезинде жетим калып, энеси Коңур чиедей алты баласы менен адегенде Жумгалга, кийин Чүйгө келишип, Токмокко жакын жердеги Жаңы-Чек айылында жашап калышат.

Ары дилгир, ары иштерман, ары билимдүү Байымбет тез арада эле сөзгө алынып, эл арасында кадыр-баркка ээ боло баштаган. Токмокто ошол учурда, башкача айтканда, XIX кылымдын аяк ченинде соода иши абдан өнүгүп, ал жерде татарлар, орустар, өзбектер көп болуп, бери жагы Бишкек, ары жагы Ысык-Көлгө бара турган жолдун боюнда болгондуктан, бул шаарда ошол мезгилде абдан зарыл болгон билим берүүчү мектептердин ачылышына да өбөлгө түзүлгөн.

Албетте, буга чейин эле калаада эски диний мектептер болгондугу белгилүү. Жадидчилердин кыймылы күч ала баштаган мезгилде бул жерде да алардын демилгеси менен Кыргызстандын аймагында алгачкылардан болуп, жаңы усулдагы мектеп ачылат.

Бул мектеп “Экбалия” (“Прогресс”) деп аталып, анда түрдүү улуттардын өкүлдөрү билим алышкан. Мисалы, 1908-жыл бул мектепте 36 татар, 30 өзбек, 9 дунган, 5 кашкар, 200 кыргыз бала окушуп, 8 мугалим иштеген. [Семиреченские областные ведомости. 1908. №15–15. Новые течения в школьной жизни русских мусульман.]

Кийинчерээк мектептин бүтүрүүчүлөрү мугалим болуп иштешкени – анын ошол мезгилде мугалимдерди даярдоо борборуна айлангандыгынан кабар берет. Жаңы усулдагы мектептерден билим алган балдар мурдагы эски эжелеп жаттама (схоластикалык) мектептерди аяктагандарга салыштырмалуу алда канча сабаттуу болушкандыктан, эл балдарын жаңы усулдагы мектептерге бере башташкан. Бара-бара мындай мектептер көбөйүп, айыл-кыштактарда да ачыла баштаган.

Адегенде Бишкек, Токмок, Каракол шаарларында, кийин айыл-кыштактарда да – 1909-жылы Чоң-Кеминде Шабдан Жантай уулу тарабынан “Шабдан медресеси”, 1914-жылы Калпа ажы – Курткада, Канаат Ыбыке уулу менен манап Өтөмбай Төрөгелди – Кочкор өрөөнүндө, Сагаалы Мали уулу – Тоң болуштугундагы Туура-Сууда (ал мектепте Уфадан билим алып келген Эшеналы Арабаев мугалимдик кылган), 1911-жылы Байзак Тооке уулу менен манап Курман Жумгалда – “Курмандын мектебин”, ошондой эле дагы бир мектеп Сооронбай Дүр уулунун демилгеси менен Чүйдөгү Сайлык айылында ачылган. Эл арасында дин маданиятынын негизинде кат-сабаттуу адамдардын пайда болушу кыргызча жазма адабияттын андан аркы дүрт өнүгүшүнө түрткү бербей койгон эмес.

Буга чейин эле сабаты жоюлган Тоголок Молдо, албетте, мындай саамалыкты куру кетирбестен, калаадагы жаңы усулдагы мектептин окутуучулары менен жолугушуп, китептерди алып окуп турган.

XIX кылымдын 90-жылдарында Токмокто жашаган татар, өзбектерге тиешелүү китеп саткан он чакты майда китеп дүкөндөрү болгондугу белгилүү. [Айтмамбетов Д. Культура киргизского народа во второй половине ХIХ и начале ХХ века. – Фрунзе, 1967. – 265-бет.]

Замандаштары Тоголок Молдонун “татарча көп ырларды билгендигин жана татар тилинде дурус эле сүйлөгөндүгүн эскеришет”.

Ал Фирдоуси, Низами, Навои, Хафиз, Абай жана Тукайдын чыгармалары менен жакшы тааныш болуп, казак жана татар тилдеринде “Бозжигит”, “Кыз Жибек”, “Жусуп менен Зулайка” ж.б. чыгармаларды жатка айта билген. Ошол мезгилде чыгып турган “Юлдуз”, “Нур”, “Вакыт”, “Таржиман”, “Таракки”, “Айкап” ж.б. сыяктуу татар, өзбек, казак тилиндеги гезит-журналдар менен да жазма акын Тоголок Молдо таанышып турган.

Тоголок Молдо басма сөз беттеринен жалаң эле жогоруда аталган калктардын чыгармаларын гана окубастан, ошондой эле орус тилинен (А.Пушкин, И.А.Крылов, Л.Н.Толстой ж.б.) мусулман түрк тилдерине которулган да чыгармаларын да окугандыгын тартынбастан эле белгилей кетсек болот.

Буга мисал катары, анын чыгармачылыгындагы жаңы көрүнүш – тамсилдердин жаралышын айта алабыз. Тоголок Молдонун “Карышкыр жана түлкү”, “Түлкү менен турна” ж.б. тамсилдери элдик оозеки чыгармалардын натыйжасында жаралса, “Эшек жана булбул” тамсили И.А.Крыловдун ошондой эле аталыштагы тамсилинин таасиринде, бирок улуттук колоритте жазылгандыгы буга далил.

Анын саясий окуялар тууралуу да кабардар болуп турганын төмөндөгү саптардан баамдасак болот:

Бешинчи жылдан бер жакка,

Сактанып жүрдүм аярлап…

же:

“300 жыл Романов минди такка,

Боштондук бергени жок эч бир жанга”.

Курткадагы Калпа ажы тарабынан ачылган мектепте Тоголок Молдонун агартуучу катары түздөн түз катышы болгондугун айта кетсек болот. Анткени, ал 22 жашында үйлөнүп, 27 жашка чыкканда, тактап айтканда 1887-жылы туулган жери – Курткага кайтып барган.

Мындай сабаттуу, билимдүү адамдын келиши, албетте айылдаштары үчүн чоң табылга болгон. Анын балдарга арналган “Чынчыл бала”, “Каркыра менен түлкү”, “Жер жана анын балдары”, “Турумтай, “Талым кыз менен Көбөктүн айтышы”, “Торпогум” ж.б. ырлары бекер жеринен жазылбаса керек. Анткени, мындай ырларды, албетте, балдар менен тыгыз иштеген агартуучу адис гана жарата ала тургандыгы түшүнүктүү.

Маркум Салижан Жигитовдун: “Тоголок Молдонун чыгармаларынын кайсынысы Октябрь революциясына чейин жазылгандыгын аныктоого кыйын”,деп жазганы бар.

Бирок, биздин пикирибизде, “Телибай тентек” чыгармасы революцияга чейин эле жазылгандыгын төмөндөгү саптары аныктап турат:

“Бул баланы окутуп,

Тентектигин тыйып бер.

Айткан тилиң албаса,

Аябай мыктап уруп бер...” –

деп, баласын молдого алып барганы,

“Молдо айтса, терс айтып,

Молдонун жанын күйдүрдү,

Айрып-жыртып бир канча,

Дептерин да бүлдүрдү”, –

деген саптарында мугалимди “молдо” деп атагандыгы албетте, советтик бийликке чейинки учурдан таасын кабар берип турат.

[Тоголок Молдо. Тандалган чыгармалар. – Фрунзе, 1960. – 139-бет.]

Ыбырайым Абдыракманов, Тоголок Молдо, Саякбай Каралаев (оңдо). 1930-жж.
Ыбырайым Абдыракманов, Тоголок Молдо, Саякбай Каралаев (оңдо). 1930-жж.

Ошону менен бирге эле бул чыгармада мектеп, андагы билим берген молдолор жана ата-энелердин байланышы да ачык көрсөтүлгөн. Анын үстүнө молдонун баланы уруп-согуп тарбиялаганы ошол учурга таандык.

Кыргыздар баласын молдого окууга бергенде “эти сеники, сөөгү меники”, деп беришээр эле. Мунун да себеби бардай, анткени бул макал да кыргыздардын көпчүлүгү сабатсыз болгондуктан, билим алууга кызыкдар экендигинен, баласынын кандай гана жол менен болбосун билим алуусун каалагандыгынан кабар берет.

Бул тууралуу Токмок шаарында 37 жыл агартуу тармагында иштеген, кыргыздар да сүйгүнчүк менен “мугалим Василий” деп аташкан Василий Ровнягиндин 1908-ж. “Семиреченские ведомости” гезитинин № 15–17 сандарына жарыялаган макаласында: “...кыргыздардын окууга умтулуусу эзелтен эле белгилүү. Жети-Сууга орустар келгенден тартып бүгүнкү күнгө чейин алар билим алууга каражатын эч качан аяган эмес жана аяшпайт да”, – деген саптар кездешет.

Тоголок Молдо Октябрь революциясына чейин эле татар акын-агартуучулары – Г.Исхаки, М.Гафури, Г.Ибрагимов ж.б. сыяктуу эле аялдар теңдиги жөнүндө сөз козгоп, “Кыз Кенжекенин арманы”, “Чалга берген кыздын арманы” сындуу чыгармаларын жараткан.

Ал ошондой эле К.Маликовдун эскерүүсүндө айтылгандай, “манасчылардын ичинен “Манасты” өзү жазып жүргөн жалгыз гана Тоголок Молдо” болгон. Бул анын урпактарга калтырып кеткен өтө баалуу эмгегинин дагы бир үзүмү.

Аида Кубатова, тарыхчы.
Аида Кубатова, тарыхчы.

Жыйынтыктап айтканда, Тоголок Молдо XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында Орусиянын курамындагы мусулмандардын эркиндиги үчүн күрөшкөн, маданиятын көтөрүүгө умтулган, сабаттуулукка жол ачкан өз доорунун алдыңкы адамдары, бүгүнкү күндө улуттук интеллигенциянын алгачкы өкүлдөрү, деп сыймыктануу менен атаган мусулман агартуучулары И.Гаспыралы, Г.Тукай, К.Насыри, А.Кунанбаев, А.Даниш (Дониш), И.Арабаев, Х.Сарсекеев ж.б. сыяктуу эле өз салымын кошкон деп ишенимдүү белгилеп кетсек болот.

Аида Кубатова,

КР УИАсынын Тарых, археология жана этнология институтунун бөлүм башчысы, т.и.к.

P.S.

Бул серептин урунттуу учурлары Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган “Тоголок Молдо–160: Манасчы, акын, агартуучу жана ойчул” аттуу жумурияттык илимий-тажрыйбалык онлайн жыйында илимий чөйрөгө тааныштырылды. Жыйын 2020-жылы ноябрдын (жетинин айынын) 27синде Бишкектеги «"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын» башкеңсесинде өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG