Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:05

БШК менен Саматовдун "күрөшү" уланууда


Жыргалбек Саматов
Жыргалбек Саматов

Бейшембиде чыккан кыргыз гезиттери бир катар коомдук-саясий жана маданий темаларды козгоду.

Бүгүн жарык көргөн “ПолитКлиника” гезити эмгек сиңирген артист Нурканбек Турсунбаевдин президент Алмазбек Атамбаевге жазган кайрылуу каты менен жаңы санын ачты.

“ПолитКлиника” басылмасы ошондой эле өкмөт башчы Темир Сариев Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда визасыз режим тууралуу сөз болбогонун, экономика министри Арзыбек Кожошев бул боюнча коомчулукка туура эмес маалымат бергенин, aкыйкатчыны шайлоо келаткан жылга калганын, эми саясый партиялар акыйкатчылык кызматка өз талапкерлерин кайрадан көрсөтө баштаганын, кечээ “Республика-Ата Журт” партиясы Рита Карасартованын талапкерлигин өлкөнүнүн aкыйкатчылыгына сунуш кылганын, Биринчи май райондук сотунун судьясы Жаныбек кызы Венера Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жыргалбек Саматовду тизмеден чыгарып салган Боршайкомдун чечимин жокко чыгарып салганын, бул чечимге байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча оюн билдире электигин жазып чыкты.

Мурдараак БШК Саматовду Орусия жараны деп негиздеп, экинчи ирет мандат берген эмес. Буга каршы болгон Саматов Биринчи май райондук сотуна кайрылган болчу.

Журналист Айгүл Бакееванын “Төө бастыда калган төө буурчак” деген макаласы басылды. Макалада төө буурчактын адамдын ден соолугуна пайдалуу жагын элибиз барган сайын түшүнүп баратканы жөнүндө кеп кылды. Бул санга “Аскар Акаев–генийби же шарлатанбы? Иликтөө. Биринчи бөлүк” деген макала басылды. Ушул эле санда "Мегакомдун" абоненттик базасы 5 пайызга өсүп, абоненттеринин саны 3 миллиондон ашканын, узап бараткан жылдын 10 айында "Мегаком" өлкө казынасына рекорддук сумманы же 2 млрд.125 млн. сом төккөнүн, бул тууралуу “Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун башкы директору Азат Базаркулов менен коммерциялык директору Нурбек Ишекеев жылды жыйынтыктап жатып коомчулукка билдиргенин баяндады.

“Асман плюс” гезити өз гезитиндеги мезгил мыктыларына татыктуу деген бир топ адамдардын атын атап, алар тууралуу кыскача түшүндүрмө берүү менен редакциялык жылуу сөзүн арнады. Жалаң мыкты адамдардын арасында жалгыз "Кумтөр" ишканасы бар.

“Лина тур” деп аталган фирманын директору, Түркиянын Ван шаарында туулуп-өскөн, азыр Кыргызстанда жашап, кыргыздарды ишке орноштуруучу фирма ачып иштеп жүргөн кыргыз жигити Халыкул Атлынын маеги жарык көрдү. Маегинде ал Түркияга иштеп келиш үчүн жаштарды, көбүнчө эркек балдарды аларын, балдар сезон учурунда биздин Ысык-Көлгө барып үч айга иштеп келген сыяктуу эле Анталия шаарына 6-8 айга барып иштеп келсе болорун, иштеп келгенге чейинки бүт коопсуздугун фирма өз мойнуна аларын, дагы башка жагдайлары тууралуу айтуу менен телефон номурун калтырган.

Лариса Асанбекованын Кытай мамлекетинин 1-даражадагы ырчы кызы, убагында айтылуу обончубуз Арзыбек Бедияровдун түшүнө кирген Арзыгүл Турган менен маеги “Обончунун түшүнө кирген кыз” деген ат менен жарык көрдү.

Арзыгүл маегинде залкар манасчы Жусуп Мамайга “Кыргыз эл баатыры” наамын бердирген, Кытай мамлекетинде Улуу Манасты сактап келген Жусуп Мамайдай адамды баалап, көзүнүн тирүүсүндө баркына жеткен кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевге ыраазы экендигин билдирген, ошондой эле манасчынын 8 томдук китебин жарыкка чыгарган журналист Чолпон Субакожоевага да алкышын айткан. Кытайлык ырчы кыз Арзыгүл Турган азыр КТРКнын режиссеру Сагын Ниязалиеванын чакыруусу менен келип “21-кылымдын жылдыздары" аттуу долбооруна ырдап чыгуу үчүн даярданып жатканын айтып берди.

Казакстандын калк артисти, белгилүү кино актер Досхан Жаксылыковдун маеги “Кыргыз залкарлары менен иштеп, өнөр жолунда чоң сабак алдым” деп аталды.

Аталган гезитте экстрасенс Асел Каракойчиеванын “2018-жылдан баштап элдин турмушу аябай жакшырат” деген аталыштагы берилген суроолорго жообу да жарыяланган.

XS
SM
MD
LG