Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

"Улуттук сыймыкты айбандардан издебейли"


Жума 11-декабрь күнү чыккан кыргыз гезиттерине баяндама.

“Фабула” гезитиндеги бүгүнкү макаласын Баратбай Аракеев дин, ишеним, ашкере динчилдик маселелерине арнап, орус тилдүү “Дело №....” гезити өткөн бир санында Түркиянын чек арасын бузду деп түрктөр тарабынан атып түшүрүлгөн самолеттун окуясына беш бет макала арнап, Орусияга көңүл айтпайт деп президент Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариевди күнөөлөгөнүнө токтолуп: “Эмне үчүн көңүл айтышы керек? Факты али толук тактала элек. Экинчиден, Кыргызстан суверендүү мамлекет. Кимге көңүл айтышты өзү чечет. Аны “Дело№..” гезити менен кеңешип чечпейт. Кыргызстан Орусиянын автономиясы эмес. Албетте, бардык мамлекеттер менен тең ата мамиле керек” деп жазды.

“Де-факто” гезити Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун таланттуу акын, өмүрүнүн акырын айыкпаган оору менен алышып жүрүп бул жалгандан кете берген, Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыктын лауреаты Тургунбек Бекболотов тууралуу эскерүү баянын жарыялай баштады. Кыргыздын чапанына жаңы өң-түс кийирип атагы чыгып жаткан чебер уз Жумагүл Сариеванын чапан тигүүнүн сырын айтып бергени, жыл сайын анын тиккен чапандарын Германияда кийиз менен иштеген жети-сегиз дизайнер келип алып кетип турарын, ал тиккен чапанды азыр кыргыздар да сатып кие баштаганы тууралуу окуйсуз. Нургазы Айтмырзаев макаласы аркылуу Кыргызстанда коррупцияга каршы башталган күрөш алгачкы жемишин берип жатканын баяндады.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин бир катар жооптуу кызматкерлерин кабыл алып, тиешелүү маселелер боюнча тапшырмаларды бергенин, Адам укуктарын коргоо күнүнө карата кайрылуу жасаганын кабарлады.

Ушул эле гезите экс-президент Роза Отунбаеванын “Биз балдар үчүн жетиштүү кам көрүп жатабызбы?” аттуу сандан-санга жарыяланып келаткан макаласы жарыяланды. Белгилүү педагог, илимпоз жана коомдук ишмер Бектемир Мурзуибраимовдун 75 жылдыгына карата окумуштуунун коомдогу ишмердигин баяндаган профессор Балтагул Нурунбетовдун макаласы жарык көрдү.

“Вечерний Бишкек” гезити филология илимдеринин доктору Кубан Мамбеталиевдин Үркүн жөнүндө “1916-жыл: курман болгондор үчүн” деген макаласы жарык көрдү. Айтылуу публицист макаласында 16-жылдагы бул каргашалуу окуя жалгыз эле кыргыздын кайгысы эмес, падышалык Орусиянын да трагедиясы болгондугун айтты. Кубан Мамбеталиев бир катар далилдерге токтолду. Ал сөзүнүн акырында ар кандай күрөштө күчтүүлөр жеңет дегендердин ою менен макул эместигин, тарых жеңишке күч менен эмес, боорукердик менен жетерин далай ирет далилдегенин, андыктан “талаанын жапайы арстаныбыз”, “арстандын” тукумубуз дегенге кошула бербей тургандыгын, деги эле жырткыч айбандардын эле эмес үй айбандарынын да тукуму болгонго макул эместигин, улуттук сыймык дегенди жырткыч айбанаттардын тукумунан издей турган болсок, анда бул дүйнө “кемчонтойлукка” толуп чыкмагын, эгер кыргызды-арстан десек, орусту“аюу”, кытайды-“ажыдаар”, монголду-“кемчет” дейбизби,-деп суроо коюп, ушинтип көшөрө берсек, аягында “шакал” ким?, “шайтан” ким?, “чөө” ким?, “төө” ким? деп олтуруп, суур менен арс чычканга чейин жетип, аягында “Мауглиге” айланып тынарыбызды жүйө менен кеп кылды.

“Жаңы агым” гезити эгемендүү жылдардын башында кыргыз журналистикасына жаңычыл көз карашты алып келгендердин бири, чыгаан гезитчи, талантуу саясатчы Мелис Эшимкановдун өткөн 9-декабрь туулган күнү болгонун эскерип, буга карата редакциялык макаласын арнады. Аскат Сабыров “Билим берүү министрлигинин “майда-чүйдөсү” деген макаласы аркылуу министрликтеги кыргыз тилине жасалып келаткан мамилени сынга алды. “Армиядагы “дедовщина” 70% кыскардыбы?” деген ат менен өткөн тегерек үстөлдү журналист Назгүл Калмамбетова тегереткенин ушул “Жаңы агым” гезитинен окуп алсаңыздар болот. Журналисттер Келдибек Назировдун “Сомдун наркы көңүл сооротпойт”, Кудурет Тайчабаровдун “Кыргыз молдолорунун соодалашуусу качан токтойт?” деген макалалары да гезиттин бүгүнкү санына басылып чыкты.

Бүгүн ошондойле “Жаңылыктар” деген жаңы гезиттин 8-саны жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG