Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:26

Мигранттын бир күнү, же “койко место..."


Москвадагы кыргыз мигранттары.
Москвадагы кыргыз мигранттары.

Москвада жашаган эмгек мигрантынын күнүмдүк жашоосу кандай өтөт, ал кайсы жумушта иштейт, аны кайсы маалымат кызыктырат, кандай кыйынчылыктар жүрөгүн өйкөйт?

Бул суроолорго жооп алуунун кызыктуу жолу – жарнамалар.
Орусиянын борбор калаасында кыргызстандыктар үчүн бир канча гезит чыгарылып, интернет сайттар иштейт.

Биз бүгүн ал жактагы “Жарыя” деген рубрикаларды талдап көрдүк. Сүйлөмдөрдөгү “автордук” стиль, пунктуация толугу менен сакталды.

"сдайтся койка место, квартирррррраааа, кроватта орун бар"



“семейная пара комната снимать этет метро пролетаскийден”, “Бир семияга комната керек”, “сдаейся койко место! метро щелковская! 5-7 минут пешком!”, “квартирррррраааа желательно печатники или текстилшиктен”, “м. Киевскийден бир места керек жашаганга”, “шерик болуп квартира снимать этебиз агенствонун акчасын бардыгын по полам кылып толойбуз”, "Срочно издается квартира для киргизов РФ метро Речной вокзал", “Семейный болсо эки адамга орун бар кроватта 3000р дан м.ул1905”

Керебеттен түгөйлөргө орун саткан адам кызыктуу көрүнүп, аны менен байланыштык.

- Алло, керебет чоңбу?

- Ооба, семейныйлар батат.

- Бөлмөдө башка адамдар жашабайбы?

- Жашайт да! Силер менен чогуу бир бөлмөдө ошондо 8 адам болот.

- Канчадан?

- Бир орунга үч миңден.


Жарнамалардын 90 пайызы үй жана жумуш издөө маселесине арналган. Ошентип Москвага келген кыргыздардын жашоо-шарты түп тамырынан бери өзгөрөт. Бир үйдө бир үй-бүлө жашайт деген түшүнүк жок, Москванын шарты ошондой. Керебеттеги бир орунга, аны Москвада “койко место” деп коюшат, айына 3000 рублдан төлөп жашагандар көп. Адатта бир бөлмөлүү үйдө 8-10 адам болуп жашоого туура келет.

Кээ бир “кыйындар” москвалыктардан 3-4 бөлмөлүү квартираларды ижарага алып, үйдөгү ар бир орунду кайра өз жердештерине сатып, ушул жол менен акча табышат. Москвалык кыргыздардын кийинки мууну сөзсүз “метронун жанында” ижарада турушат. Жарыялардын дагы бир тобун окуп көрөлү.

"Гранцага кирди-чыкты машна кыргыз, водила керек"


“туугандар 4же 5ноябры укранага барабыз барчулар болсо чалгыла машина пассат в 4", "литвадан машина алып чыгыш керек акчасын толойм чалгыла”, "Украинага кирди чыктыга бара тургандар болсо чалгыла", “бугун 6-ноябрь бишкекке кетчу машина барбы машина менен кетип баратып жолдо бузулуп калды 3 клиентим бар электростальда турам кетчулор болсо ала кеткиле”, “айдап жеткизип беремин. литвадан масквадан 400 доллар”, “Такси4.Такси кыргыздар учун!!!Минивен Одиссей.Украина дешевле кирди чыкты”, “озумун уйумо пропискага койом Тулага Москадан эки жарым сааттык жол газельде,ИИН,пенсионный, страхавой полес алып берем СБЕРБАНК ктан айына лекарствееный 360 рубль аласынар”...

Москвадагы эмгек мигранттары “кирди-чыкты” деген кызматты жакшы билишет. Себеби жумушка уруксат алуу кээ бирөөлөрдүн колунан келбейт. Үч айга берилчү каттоонун мөөнөтү бүтөйүн дегенде Орусиянын чек арасынан чыгып, анан киргенде кайрадан 3 айга каттоого турасың. Кээ бир адамдар бул жол менен он жылдап Россияда жашап жүрүшөт. Бишкекке учуу кымбат, ошондуктан жакынкы Украинага барып келе калышат.

"Жигит керек, звандагыла, уялбагыла"


Москвадагы форумдардын, гезиттердин бир топ барактарын жалаң таанышуу ээлейт. Акыркы учурда Москвага келген улан-кыздардын жүрүм-турумуна байланышкан көйгөйлөр өтө көп кездешет. Эми ошондой таанышуу жарыяларын окуйлу.


“жкшы жигит менен таанышам жашым 26 да”, “мен кыргыздын кызы жакшынакай балдар менен таанышам акылы менен сулуу жигиттер менен убактылуу болсо да боло берерт номерим чалгыла кутом”, “кыз-келиндер москвага жакшы жигит келди звандагыла уялбагыла любой тема любой проблемаларды чечет”...

"мерчендайзер, медсестра уборшица"



“Ар куну иштоочу, аркуну расет жасай турган разное жумуш издеп журом, кечинде болсо да болот! Билгендер кабрдп койсонуздар вознаграждение за помошь обешаю1”, “Мытищи шаарынан жумуш издейм, продавец, мерчандайзер, фасовщитса, башка иштер болсо дагы карап кором. Жумуш болсо чалып койунуздарчы!!!”, “мен жумуш издеп журом кесип боюнча мерчендайзер, мед.сестра уборшица”, “Торговый центрге мини бутикке сатуучу кыз керек,орто чырайлуу же чырайлуу орус тилин билген», “Срочно требуется суши-повар в кафе "Маленькая Япония" с опытом, можно без опыта.График работы 2/2 есть подработки.Требования гражданство рф.медицинская книжка»...

Акыркы жарыя да кызык. Москвада Жапониянын суши деген тамагы өтө популярдуу. Суши-барлардагы ашпозчулардын дээрлик бардыгы кыргыздар, себеби кыргыздар жапондорго окшош келет. Эч качан суши жасабасаңыз деле жумушка ала беришет.

Акыл-насаат айткандар



“озгон куручу сатылат!баасы 150руб.10кг жогору»

“Туугандар жаш балдарды эмдеген адамды билсениздер сураныч кабарлап коюнуздар аябай керек”

“Туугандар башка элдер АКЧА АКЧА дегенде, колдорун оозуна тыкса, Биз бутубуздуда оозубузга тыгып алыптырбыз, бул сайтка киргенде,тобо чачын тик турат экен “

“намаз окугула, тозоко тушуп каласынар»

“Максаты жок магдыраган карындаштар Кара чачту кымча белду айылдаштар Карангыда кочо бойлоп басбагыла Жарашбаган чылымдарды таштагыла Эсти жыйып эне сутун актагыла Ырысын кыргызымдын чачпагыла”

“куш боон бек болсун досум аяш менен бактулу бол досум”

“Кыргызча китептер сканворддор кинолор”

“свадебный койнок прокатка берем.37мин рубльга сатып алгам бир эле жолу тоюбузда гана кийгем.баары таза бутун аябай татына”

Эмнегедир жарнамалардын арасына акыл-насаат айтуу, кыздарды сындоолор да кошулуп кетет. Өз жеринен алыс жүргөн мекендештердин көбү аябай чыгармачыл: гезит беттеринде, сайттарда, интернет-форумдарда байма-бай аңгемелер, ырлар жарыяланып турат. Жакында бир чоң дүкөндөн тамак-аш сатып алып жүрсөм, ал жерде иштеген бала келип, "мен сизди тааныйм, сиз алып баруучусуз", - деп калды.

Өзүн Союз деп тааныштырган жигит көрсө журналистика факультетинин 4-курсун таштап, эми Москвадагы дүкөндөрдүн биринде жүк ташуучу болуп иштеп атыптыр. Убактылуу...

  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG