Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Эки кочкордун башы "Мегакомдо" кайнайт


"Мегаком" компаниясынын тоо үстүндөгү жабдуулары. Кыргызстан.
"Мегаком" компаниясынын тоо үстүндөгү жабдуулары. Кыргызстан.

Шейшемби күнү MegaCom ("Мегаком") уюлдук операторуна ээлик кылган “Альфа Телеком” компаниясынын мурдагы жана жаңы жетекчилиги Бишкектеги баш кеңседе тирешип, компанияда бири-бирине баш ийбеген кош бийлик орногондой абал түзүлдү.


Шейшембиде (15-мартта) кечке маал “Альфа Телеком” компаниясынын Бишкектеги баш кеңсесинде болгон “Азаттыктын” кабарчылары маалымдагандай, бир тарапта Кыргызстандын каржы полициясы январ айында кылмыш ишин козгогон мурдагы башкы директор Андрей Силич (ал январда орун басары Александр Бороздин менен Орусияга шашылыш кетип калганы кабарланган), экинчи тарапта башкы директордун милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиевдин куралчан сакчылары топ-топ болуп жүрүштү.

Түнкү саат 11ден өткөндө гана А.Силич белгисиз жакка жол тартып, сүйлөшүү өткөргөнү кеткенин маалымдады.

Айрым булактар ал Улуттук коопсуздук комитетине сурак бергени кеткенин кабарлашкан, бул маалыматты тастыктоо мүмкүн болбой жатат.

Силич шейшембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип, Башкы прокуратура ага жана орун басары Александр Бороздинге каршы 2011-жылы январ айында козголгон кылмыш ишин токтоткону тууралуу кагазды колуна алганын, андыктан эми кайра мурдагыдай эле башкы директор катары өз милдетин аткара берээрин, компаниядан 28 миллион доллар чыгарып кеткен деген маалымат жалган экенин билдирди.

Ал арада кыргыз өкмөтү тарабынан дайындалып, “Альфа Телеком” компаниясынын башкы директорунун милдетин аткарып аткан Азамат Мурзалиев Андрей Силич баштаган адамдарды айыптап, Каржы полициясына толук маалыматтарды беришкенин, алар былтыр апрел айынан бери өлкөдөн 28 миллион долларды чыгарып кетишкени анык экенин кайталады.

Каржы полициясы да А.Силич баштаган адамдарга козголгон кылмыш иши туура экенин, компанияда чындап эле шектүү каржылык операциялар болгонун ырастады.

Дүйшөмбүдө (14-мартта) Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Каржы полициясы козгогон кылмыш ишти “аталган иште кылмыштын негиздери жок” деген жүйөө менен токтотуп койгон.

Ошонун эртеси эле ал токтомду көтөрүп алып компаниянын мурдагы башкы директору А.Силич көптөгөн куралчан жан сакчылары менен келип, компанияны башкара берерин айтып чыкты.

"Азаттык" үналгысы учурдагы кыргыз коалициялык өкмөтүндө биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов менен Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ортосунда MegaCom боюнча тирешүү кандай кыртышка ээ экендигин жана бул аракеттердин артында кандай ички-сырткы кызыкчылыктар турушу ыктымалдыгын иликтөөнү улантууда.

XS
SM
MD
LG