Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Түркхан: Жүрөгүм Ысык-Көлдө калды...


Ибрахим Түркхан
Ибрахим Түркхан

Алыкул Осмоновдун 35 ырдан турган китеби “Мен кыргыздын акыны” деген аталышта түрк тилинде жарык көрдү. “Азаттык” акындын ырларын которгон авторлордун бири Ибрахим Түркхан менен байланышты.

“Азаттык”: Кыргыздын чыгаан акыны Алыкул Осмоновдун ырларын которгонуңуз тууралуу кабарды угуп, биз абдан сүйүндүк. Кыргыз поэзиясынын көч башында турган акындын ырлары сизди кантип арбап алды?

Ибрахим Түркхан: Алыкулдун ырлары менен Кыргызстанда окуп жүргөндө таанышкам. “Отуз жаш”, “Ата Журт” деген ырлары аябай жакчу. Ошондо эле буларды түрк тилине которсомбу деген ой келген. “Отуз жаш" ошол дем менен которулду. Жакында эле Кыргызстанга барганда Алыкул Осмонов атындагы фондду түзгөндөр менен таанышып, башка ырларын да которуу укугун алдым. Памирбек Казыбаев экөөбүз да талкууладык бул маселени.

“Азаттык”: Алыкулдун сиз которгон ырлары Түркияда китеп болуп чыкты. Мындан ары түрк окурмандары Алыкулга кызыгып окуйт деп ойлойсузбу?

Ибрахим Түркхан: Алыкул Осмонов 35 жашында көз жумгандыктан, бул китепке 35 эле ыры кирди. 13-15-октябрда Алыкулдун 100 жылдык мааракеси Түркиянын бир катар шаарларында белгиленди. Китеп түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун демилгеси менен чыкты, бет ачары Анкарада өттү.

ТҮРКСОЙдун китептери китепканаларга, окуу жайларга, фестивалдарда акысыз таркатылат, сатылбайт. Мурда “Отуз жаш” деген ырын которгондо биздин сынчылар оң баасын беришкен. Эми калган ырларын эл жакшы кабыл алат деп үмүттөнүп жатам.

“Азаттык”: Тар чөйрөдө сизди кыргыз поэзиясына кызыккан адам катары таанышат. Алыкулдун поэзиясын түшүнүү үчүн кыргыз тилин эле эмес, кыргыздын дүйнө таанымын да билүү керек го. Сиз өзүңүздү ушул деңгээлге кантип алып чыктыңыз?

Ибрахим Түркхан: Кыргызстанга алгач барганда эле кыргыз тилиндеги китептерди окуй баштадым. Көркөм адабиятка кызыктым. Эл менен баарлаштым. Караколдо, Ысык-Көлдө көп болдук. Түшүнбөсөм деле окуй берчүмүн. Билбеген, түшүнбөгөн сөз болсо досторуман сурачумун. Ошентип жүрүп кыргыз тилин өздөштүрүп алдым. Азыр ошол аракетим бекер кетпесин деп иштеп жатам. Маселен кыргыз акындарынын чыгармачылыгы боюнча 25 акындын ырларынан турган жыйнак чыгардым. Жыйырма жазуучунун аңгемесин котордум, ал да китеп болуп чыкты. “Кыргыз адабиятынын тарыхы” деген түрк тилиндеги китепти редакциялап бердим. Айдарбек Сарманбеттин китебин чыгардым. Дагы бир жакшы жаңылыкты сиздерге сүйүнчүлөгүм келип жатат. Омор Султановдун 80 жылдыгына карата китеп басылганы турат. Колдон келишинче аракет кылып жатам эми.

Түркхан: Жүрөгүм Кыргызстанда калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:11 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Сиз кыргыз тилинде да ырларды жазат экенсиз. Белгилүү түрк акын-жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон учуруңуз болдубу?

Ибрахим Түркхан: Негизи түрк тилинен кыргызчага которгондор көп эле. Бирок кыргыз тилинен түркчөгө көркөм адабиятты которгондор аз. Мен өзүмө ушуну багыт кылып алдым. Кээде сурап калышат, түркчөгө которуп бербейсизби деп. Ошондо гана колго албасам...

“Азаттык”: Сизди кыргыз тилинде да мыкты ырларды жазат деп уктук, жазган ырларыңыздан окуп бербейсизби?

Ибрахим Түркхан: Соңку кезде жазган “Сыр төгүлөт баракка” деген ырымдан үзүндү окуп берейин:

Сыр төгүлөт баракка шүүдүрүмдөй жалтырап,

Сырымды тең бөлүшөт үлбүлдөгөн шам чырак.

Толкунданат калем сап ыр жазам деп ойлосом,

Чачырайт го шурудай, атын коюп койбосом.

Бөлмөм турат тунжурап, сырт караңгы түн жарым,

Ымыркайдай көз жарат, таң атарда ырларым.

“Азаттык”: Сиз ушунчалык Кыргызстанды, кыргыз элин жакшы көрөт экенсиз. Кыргызстанга келип иштегенди каалайсызбы?

Ибрахим Түркхан: Мени тааныгандар бул жакта “кыргыз Ибрахим” деп коюшат. Менин жүрөгүм, ойлорумдун баары Кыргызстанда, Ысык-Көлдө. Кыргызстанга барып, жогорку окуу жайда сабак бергим келет. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, бул жакта жүрөм. Жүрөгүм согуп турганда Кыргызстанды унуталбайм го.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG