Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

АКШдагы журтташтар тасмада чагылдырылат


Руслан Аманов, алыскы Нью-Йоркто жеке менчик дүкөн ачкан кыргыз журтташыбыз. "Кыргыз клубу" жиберген сүрөт. 25.5.2011.
Руслан Аманов, алыскы Нью-Йоркто жеке менчик дүкөн ачкан кыргыз журтташыбыз. "Кыргыз клубу" жиберген сүрөт. 25.5.2011.

АКШдагы журтташтар негиздеген "Кыргыз клубу" жиберген катта алдыдагы айларда тартыла башталчу даректүү тасмалар тууралуу айтылат.



22-майда АКШдагы кыргызстандыктардын «Kyrgyz Club» бирикмесинин расмий өкүчүлүгү АКШда жашап, ийгиликтүү эмгектенип жаткан теги кыргызстандыктар тууралуу кыска метраждуу даректүү фильмдердин сериясын тартууну баштады.

Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн биздин жарандарыбыздын басымдуу көпчүлүгү төмөнкү квалификацияны талап кылуучу жана төмөнкү акы төлөнүүчү эмгек менен алектенишет. Реалдуу каармандарыбыздын ийгиликтеринин таржымалы биздин эмигранттарды өздөрүнүн мансаптык өсүшүнө жаңыча көз карашта кароого шыктандырууга чакырылган.

«Kyrgyz Club» кыргыз мигранттарына ишенимдүүлүккө жана шыктанууга түрткү берип, чет өлкөдө жашоо-турмушту куруунун башка жолдорун, «ак жакалардын» деңгээлине чейин өсүп жетүүгө болорун жана өсүп жетүү керек экенин, ал эми өзүнүн бизнеси – колдон келе турган нерсе экенин көрсөтүүнү каалайт.
Кыргыз режиссеру Нурбек Эген "Манастын төрөлүшүн утурлап" тасмасын тартуу маалында. 2008-жылдын июл (теке) айы.


Уюштуруучуларга бул идея белгилүү кыргыз режиссёру Нурбек Эгендин «Манастын төрөлүшүн утурлап» («Возрождение Манаса как предчувствие») деген публицистикалык фильмин көргөндөн кийин келди.


Тасмаларда дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчтарында жашаган кыргыздардын жашоосу, алардын Кыргызстандын келечеги жөнүндөгү ой жүгүртүүлөрү ачып берилет.

«Kyrgyz Club» бирикмесинин башчысы, бул даректүү фильмдер сериясын тартуунун продюсери Айбек Хакимовдун ою боюнча кыргыз режиссеру баштаган иштин уландысы болуп калууга тийиш. План боюнча циклдин кезектеги сериясы ар бир үч айда чыгып турат.

Айбек Хакимовдун айтуусу боюнча кино тартуу жумуштарын каржылоо толугу менен «Kyrgyz Club» бирикмесинин активисттерине жүктөлдү, алар каражат жыйнашты жана профессионал кино тартуучу аппарат сатып алышты, ал эми кино тартуучу топ кино жаатында тажрыйбасы бар «америкалык» кыргыз-волонтерлордон турат.

Биринчи фильм үчүн каарман тандалып алынды, ал 27 жаштагы Руслан Аманов – азырынча Нью-Йоркто өзүнүн менчик дүкөнү бар, жалгыз кыргызстандык.

Кийинки серияларды тартууну Нью-Йорктон кийин Чикагодо, Филадельфияда, Цинциннатиде, Вашингтондо жана Лас-Вегаста жүргүзүү пландаштырылууда.

Даректүү фильмдерди «Kyrgyz Club» бирикмесинин, ошондой эле youtube.com и bulbul.kg. сайттарынан көрүүгө болот.

«Kyrgyz Club» бирикмесинин башчысы Айбек Хакимовдун айтканына караганда, эгер бул даректүү циклди Кыргызстандын каналдарында көрсөтүүгө кызыкчылык бар болсо, бирикме бүт материалды кубануу менен сунуш кылат.

"Кыргыз клубу".

XS
SM
MD
LG