Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:25

Кумарканаларды ким калкалоодо?


Кумарканаларга каршы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00
Түз линк

Кумарканаларга каршы митинг. Бишкек, 4-январь.

Кыргызстанда 1-январдан тартып күчүнө кирген кумарканаларды жабуу боюнча мыйзам аткарылбай жатат.

4-январда айрым казинолорду кыдырып чыккан жарандык коом өкүлдөрү кумарканаларды жогору жактагылар калкалап жатат деген күмөн ойго келишти. Кыргызстанда мыйзам кандай жана кимдер тарабынан аткарылат?


Эс алуу күндөрү мыйзам да эс алабы?


Жакындары кумар оюндарынан жабыркагандардан түзүлгөн топ 4-январда Бишкектеги айрым кумарканалар менен оюн автоматтарын кыдырып чыккан. Анын жүрүшүндө борбор калаадагы айрым кумаркана, оюн автоматтары мурдагы күүсүндө эле иштеп жатканына күбө болушкан.

Алардын бири Айнура Айдаралиева мыйзамдын аткарылышын көзөмөл кылган органдар өтө салкын мамиле кылып жатат деп эсептейт:

- Биз “Вулкан” аттуу оюн автоматына кирдик. Киргенибизде ал жайдын кызматкерлери бизди тоготуп коюшкан жок. Анан биз УКМКга, Каржы полициясына телефон чалып кызматкерлерди чакырдык. Алар “ага баргыла, буга баргыла” деп бири-бирине түртүшүп, эч көңүл бурушкан жок. Алар өз кызматын аткарып жаткан соң жетип келиши керек эле. Эл аларга жардам берип, көмөктөшүп жаткан соң алар өз милдетин аткарыш керек. Мыйзамдын аткарылышын алар көзөмөлдөбөсө ким көзөмөлдөйт?

Анткен менен кумарканалар боюнча мыйзамдын толук кандуу иштебей жактанына бийлик өкүлдөрү башкача түшүндүрмө берүүдө. Өкмөттүн алдындагы каржылык рынокту тескөө жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын банктык эмес мекемелерди көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Рустам Жоробековдун билдиришинче, кумарканалардын ээлери өлкөдө жарыяланган 9-январга чейинки эс алууну бетке кармап, моюн толгоп жатышат:

- Азыр бизде 9-январга чейин эс алуу болуп жатпайбы. Биз 9-январга чейин эле өз иш-чараларыбызды баштасак, кумаркананын кожоюндары сотко беребиз деп чыгышууда. Себеби 9-январга чейин расмий эс алуу күндөрү, ошондуктан мамлекеттик органдар катуу чараларды көрө албайт экенбиз. Мына ушуга такап жатышат. Бирок биз да аларга ооз эки эскертүүлөрдү берип жатабыз.

Жоробековдун айтымында, жакында прокуратура, салык кызматынан турган атайын комиссия түзүлүп, мыйзамдын аткарылышына көз салууга киришет.

Оюн бизнеси ассоциациясынын өкүлдөрү болсо кумарканалар 1-январдан тарта жабылганын билдирүүдө. Алар мыйзамсыз ишин улантып жаткан кумарканалар тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты.

Кумарканалардын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу боюнча мыйзамдын демилегечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов мыйзамды аткарылышын көзөмөлдөй албай жаткан мамлекеттик органдарды сынга алып жатат:

- Мыйзам кабыл алынган соң бардык тиешелүү органдарга кат жөнөтүп сүйлөшкөнбүз. Азыр эми майрамды, эс алууну айтып жатышканы жөн гана шылтоо. Буга эчактан эле даярданыш керек болчу. 1-январдан баштап деп мыйзамда жазылган соң, аны эч кылчактабай аткарыш керек.


Мыйзамдагы мүчүлүштүкпү?


Кыргызстанда эмне үчүн мыйзамдар аткарылбай жатат? Бул суроо менен кыргыз Улуттук университетинин окутуучусу Кубатбек Кожоналиевге кайрылдык. Анын айтымында, өкмөт менен парламенттин пикири эки ача чыккан аталган мыйзамдын аткарылышы мурдатан эле күмөн болчу.

- Аткаруу бийлиги болгон өкмөт каржы булагынан айрылып жатабыз деп бул мыйзамга каршы болуп жатса, аны ким аткарат? Бул мыйзамдын аткарылышы үчүн ар бир органга милдеттендирип, өкмөт токтом чыгарыш керек болчу. Бул күнгө чейин аны чыгарган жок. Өкмөт аткарбаган соң, аны ким аткарат? Анын үстүндө өкмөт мүчөлөрүнүн да кызыкчылыгы бар экени билинип жатат.

Жаңы жыл алдында премьер-министр Өмүрбек Бабанов баш болгон өкмөттүн айрым мүчөлөрү кумарканаларды жабуу менен өлкө бюджети калың каражаттан кол жууй турганын айтып чыгышкан эле.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов бул мыйзамды иштеп чыгуудагы айрым алешемдиктер анын толук кандуу иштешине тоскоол болууда деген пикирде. Депутат ошентсе да мыйзам кабыл алынган соң аны аткаруу механизмин күчтөп болсо да ишке ашыруу керектигин белгилейт:

- Мыйзамды аткаруу боюнча прокуратура органы бар. Алардын тапшырмасы менен бардык укук коргоо органдары мыйзамды аткарууну талап кылууга укуктуу. Эгер мыйзамды аткарбай ачык түрдө моюн толгосо аларды жоопко тартуу керек. Мисалы, бул үчүн биздин айрым депутаттар кылмыш жана жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип жатышат.

Миллиондор айланган кумарканаларга бийлик бутактарында отурган айрым күркүлдөр ээлик кылаары тууралуу да аңыз кеп тароодо. Маселен, атын атагысы келбеген айым Жогорку Кеңештин депутаттары Нургазы Айдаровго, бир тууган Тумановдорго тийиштүү “ Фараон”, “Беркут” сыяктуу кумарканалар азыркы тапта иштеп жатканын билдирди. Бирок Токтогул Туманов мындай маалыматты четке какса, Кубанычбек Туманов маалымат берүүдөн баш тартты.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG