Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:37

Кумаркана мыйзамы: Бийликке сыноо, коомдо чочулоо


Казиного каршы нааразылык акция, Бишкек. 22-июнь, 2022-жыл.
Казиного каршы нааразылык акция, Бишкек. 22-июнь, 2022-жыл.

Кыргызстанда 10 жылдан соң кумарканалардын иштөөсүнө кайрадан уруксат берилди. Бул жолу өлкө аймагындагы казинолорго чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө гана уруксат берүү каралууда. Өкмөт мындай мыйзамды экономикага салым кошуу муктаждыгы менен түшүндүрүп, жылына 2 миллиард сомго чейин киреше табууну көздөп жатат.

Парламентте жана коомчулукта бул мыйзамдын кабыл алынышына каршы болгондор өз нааразылыгын билдирүүдө. Кумарканага уруксат берүүнүн кандай тобокелчиликтери болушу мүмкүн?

Бишкек жана Оштогу нааразылык акциялары

Казинону ачууга уруксат берген мыйзам долбоору парламентте колдоо тапкандан эртеси күнү, 24-июнда Бишкек шаарынын айрым тургундары акцияга чогулуп, президент Садыр Жапаровго кайрылды. Максим Горький атындагы гүлбакта ондон көп адам митинг өткөрүп, мамлекет башчыдан кумарканалар боюнча мыйзам долбооруна кол койбоону суранышты. Алар бул мыйзам кабыл алынса, ондогон кишилердин тагдыры бузуларын белгилеп жатышат.

"Урматтуу президент, сиздин бир кол тамгаңызда миллиондогон ата-энелердин көз жашы, үй-бүлөлөрдүн баалуулугу турат. Бул мыйзамга Кыргызтандын 90 пайыз эли каршы. Бул долбоор 22-июнда Жогорку Кеңеште одоно мыйзам бузуу менен кабыл алынды. Ал жерде 35 эле депутат болгон. Видеодон карасаңыздар, бири-биринин ордуна добуш берип жүрүшөт. Биз юристтер менен кеңешип, бул боюнча Конституциялык сотко арыз жазганга камынып жатабыз", - деди митингдин катышуучусу Акжолтой Тукунов.

Кумарканаларды чет өлкөлүктөр үчүн ачууга уруксат берген мыйзамга каршы болгондор Ош шаарында да митингге чогулуп, долбоорду артка кайтарууну талап кылды.

Бул маселе социалдык тармактарда да талкууланып, жарандык активисттер, блогерлер президентке кайрылууларды жолдоп жатышат.

"Мыйзамды кынтыксыз кабыл алуу зарыл болчу"

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Мыйзам кабыл алынганы менен коомчулукта талкуулар токтобой жатат.

Эң ириде аны кабыл алууда регламент шарты бузулду деген депутаттар президентке кайрылып, бул мыйзамга кол койбоого чакырышты. Алардын бири "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Исхак Масалиев 23-июндагы парламент жыйынында эреже бузуу менен кабыл алынган мыйзам иштеши кыйын болорун эскертти

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

"Биздин жетекчилерибиздин "юрист айтты" деп ага таянганы туура эмес. Бул жерде 90 депутат болсо анын жок дегенде 80инде ошол жигиттен кем эмес юридикалык билими бар. Анда келгиле, аны (Юридика бөлүмүн башчысы -ред) төргө отургузуп коелу, ошол жерден чечмелей берсин. Конституцияны чечмелөө үчүн Конституциялык сот жана Жогорку Кеңеш бар".

Чынында эле өлкөдө казинолорду кайрадан ачуу боюнча мыйзам Жогорку Кеңештеги эң талкуу жараткан демилгелерди бири болду. 22-июнда мыйзам долбооруна добуш берүү учурунда оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөлөрү демилгеге бөгөт коюп, жыйынтыгында ит жыгылыш абал жаралды.

Бул кырдаалды бир нече саат талкуулаган парламент депутаттары акырында Баш мыйзамдын нормаларын жүйө кылып жатып мыйзамды өткөрдү.


Коомчулукта талаш жараткан мыйзамдын мындай жагдайда кабыл алынышы көптөгөн суроолорду жаратты. Социалдык тармактардын колдонуучулары да мыйзамга кол койбоо өтүнүчү менен президентке кайрылып жатышат.

Бирок президенттин бул мыйзамды колдогон позициясы башынан эле белгилүү. 2021-жылы да чет өлкөлүктөр үчүн кумарканаларды ачуу демилгеси көтөрүлгөндө президент Садыр Жапаров ачык колдорун жарыялаган. Ал учурдагы саясий кырдаалдан улам долбоор артка чакырылса, бул жолу бийлик чечкиндүүлүк менен алга сүрөдү.

"Бийлик үчүн чоң сыноо"

Мындай кырдаал мыйзамды талкулоо учурунда деле байкалды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, анын орун басары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте депутаттарды көндүрүүгө дембе-дем аракет кылып, айрым учурда эмоция менен коштолгон билдирүүлөрдү да жасашты.

Депутат Дастан Бекешов бул мыйзамдын кабыл алынышына жогорку жетекчилик кызыкдар экенин буга чейин бир нече жолу билдирген. Ал телеграммдагы баракчасына өкмөт мыйзамды өткөрүү үчүн депутаттарга басым болуп жатканын жазып чыккан эле.

Парламенттеги булактардын айтымында, казино маселеси боюнча президент фракция лидерлери менен жолугуп, атүгүл Малайзиядагы тажрыйба менен таанышуу үчүн айрым депутаттарды жөнөткөн.

Ошондуктан, коомчулукта кумарканаларды иштетүү деген популярдуу эмес чечим үчүн бийлик өзүнө жоопкерчиликти алып, чоң сыноо алдында турганын талдоочулар белгилешет.

Эксперт Нурсултан Акылбек бул жаатта бийлик чоң тобокелчиликке барганын айтууда.

"Биринчиден, бул мыйзам бийлик менен калк ортосундагы ажырымды көбөйтүп жатат. Анткени казинону ачылышын ачык колдогон жарандар деле көп эмес. Экинчиден, айрым партиялар бул маселеге динди негиз кылып, каршылык көрсөтүштү. Бирок президент баш болуп мыйзамды сүрөп, парламент жыйынына Министрлер кабинетинин төрагасы, УКМКнын төрагасы келип отурду. Муну менен бийлик азыр өз оппоненттерине күчүн көрсөтүүгө далалат кылды. Бул аркылуу өзүнө чоң тобокелчиликти алып жатат".

Саясат талдоочулар эң ириде бул маселе президент Садыр Жапаров үчүн чакырык экенин белгилешет. Анткени Октябрь окуяларынан соң бийликке келген Садыр Жапаров коомчулуктун үнүнө көңүл бурарын билдирип келет.
Ал буга чейин талкуу жараткан маселелер боюнча түшүндүрмө таратып, өз пикирин өзгөрткөн учурлар болгон.

Арга жоктун чарасыбы?

Бул жолу амбициялуу пландарды убада кылган бийлик үчүн кошумча каражат табуу маанилүү болуп турат. Өкмөт жетекчилиги чет өлкөлүктөр үчүн казинону ачуу бюджеттин тартыштыгын жоюуга жардам болот деген үмүтүн билдирүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, бул мыйзам жылына 2 миллиарддан 5 миллиард сомго чейин киреше алып келет.

Буга кошумча 10 миңден ашык кыргызстандыктар жумуш менен камсыз болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Жапаров коомчулукка жакпаган мыйзамды алып чыгуу экономиканы көтөрүүнүн бир аргасы катары сыпаттады.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

"Кытайдын карызын төлөш керек. Өлкө боюнча 245 мектеп жараксыз абалда турат. Аны куруш керек. Жетпей жатпайбы. Депутаттардын эле кайрылууларын карай турган болсок, кеминде 80 миллиард сом акча керек. Ошондуктан депутаттардын тапшырмасы, президенттин тапшырмасы менен болгон булактарды издеп жатабыз. Контрабанда менен күрөшүп жатабыз. Жакшы көрүнөбүз десек, мен деле отура бермекмин".

Мыйзам боюнча өлкө аймагында ачыла турган казинолорго чет өлкөлүктөр гана ойноого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кыргызстандын жарандарына көзөмөл күчтүү болуп, бул эрежени бузгандарга катуу жаза болору айтылууда. Коомчулукта мыйзамдын бул талабы аткарылбай калат деген чочулоо күч.

Мындан башка Орусия баштаган бир нече өлкөнүн жарандыгын алган 600 миңден ашык кыргызстандык бар. Чет өлкөлүк деген макамга ээ бул жарандар эс алууга мекенине келгенде казиного каалагандай кирип, жакындарын түйшүккө салбайбы деген пикирлер айтылды.

Парламенттеги жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул жаатта жоопкерчилик аларын билдирди.

"Казиного жергиликтүүлөр кирбейт деп ким гарантия берет деп айтып жатпайсыңарбы... Буга мыйзам кепилдик берет. Адам кепилдик бере албайт. Сиздер кабыл алган мыйзам кепилдик берет. Ошол мыйзамды биз иштеткенге аракет кылабыз".

Казино ачуу кимдин кызыкчылыгында?

Ошол эле учурда коомчулукта кумарканага уруксат берүүнү кайсы бир күчтөрдүн лоббиси катары карагандар бар. Алар бул маселеде акча адалдоо, криминалдын таасирин күчөтөт деп чочулашат.

Кыргызстанда казино жабылган 2012-жылга чейин бул тармак эң кирешелүү тармактардын бири болчу.

Маселен, саясат талдоочу Нурсултан Акылбек ушул тобокелчиликтер мыйзамды кабыл алууда каралышы керек эле деген пикирде.

"Бийлик бюджетти толтурабыз деп жатат. Бирок Кыргызстан арам акчаны адалдоочу ландроматка айланып кетпейби деген коркунуч турат. Казино ойноочу чет элдик эмес, акчаны адалдоочу адамдар келиши мүмкүн деген жүйөлөргө да көңүл буруу керек".

Бийлик өкүлдөрү мындай чочулоолорду четке кагууда. Алар казинолорду чет элдиктер үчүн ачуу мамлекеттин кызыкчылыгындагы чечим экенин жана мыйзамды кынтыксыз аткарыларын белгилейт.

Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайы, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгон. Дал ушул кайрылууларды жүйө кылган ал кездеги парламент депутаттары мыйзам иштеп чыгып, 2012-жылдан тарта казино, 2015-жылдан тарта букмекердик контора жана тотализаторлорго тыюу салынган.

Эми 10 жылдан кийин өкмөт казинолорду иштетүүгө уруксат берип, чоң тобокелчиликке барды. Мындан ары кумарканага байланыштуу ар бир нааразылык боюнча жоопкерчилик бийликтин мойнунда болот.

Муну бийликтин суранычы же талабы менен мыйзамды колдогон депутаттар деле түшүнүп тургандай. 22-июнда талкуу учурунда айрым депутаттар кумаркана жергиликтүү жарандарга түйшүк жаратса, казинолорго кайрадан тыюу салуу маселесин көтөрүүдөн качпай турганын каңкуулашты. Бирок ал учурда бийликтин кадыр-баркына кандай таасир этери башка маселе.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG