Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:18

Көкбөрү: Камсыздандыруу полисин албаган улакчылар ойнобойт


Кыргызстанда өткөн көк бөрү оюндарынын бири. Архивдик сүрөт.
Кыргызстанда өткөн көк бөрү оюндарынын бири. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү ден соолугун оюн маалындагы ар кандай кырсыктардан милдеттүү түрдө камсыздандыра баштады. Чүй облусунун "Сары-Өзөн" командасынын оюнчулары алгачкылардан болуп Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынан полис сатып алышты.

Көк бөрү федерациясы полис албаган оюнчулар алдыдагы расмий мелдештерге катыша албайт деп эскертүүдө. Буга чейин улакчылар көк бөрү оюнунда катуу жаракат алып, айрымдары майып болуп калган учурлар катталган, бул тууралуу талкуулар жүрүп келген.

"200 миң сомго чейин төлөп берет"

Көк бөрү федерациясынын 1-вице-президенти Нурлан Максүтов оюнчулардын камсыздандыруу полисин алуусу учурда заман талабы болуп турганын билдирди:

Нурлан Максүтов.
Нурлан Максүтов.

“Көк бөрү негизи эле жаракат алуу коркунучу жогору оюн экени белгилүү. Ошондуктан бул биздин федерациянын негизги көйгөйү болуп, жүрөгүбүздү өйүп келген. Эми мына Мамлекеттик камсыздандыруу мекемеси менен келишим түзүп, оюнчуларыбызды камсыздандыруудан өткөрө баштадык. 1-мартта “Сары-Өзөн” командасынын оюнчулары баары камсыздандыруу полисин алышты. Буга чейин тарыхыбызда мындай болгон эмес. Биздин оюнчулар оюн учурунда жабыркап калганда камсыздандыруусу жок болгондуктан, жардам бере алган эмеспиз. Албетте, кырсыктан алыс бололу, бирок эгер көкбөрүчү алдыда оюндан жаракат алып калса, мамлекеттик камсыздандыруу мекемеси 200 миң сомго чейин жардам берет. Ал эми ар бир оюнчу бир жылга полис үчүн болгону 2800 сом төлөйт”.

Алдыда Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча Жогорку, Биринчи жана Экинчи лигалардын оюндары өтөт. Максүтовдун айтымында, ага чейин оюнга катышуучу бардык оюнчулар камсыздандыруудан өтүшү керек.

Кыргызстанда өткөн көк бөрү оюндарынын бири. Архивдик сүрөт.
Кыргызстанда өткөн көк бөрү оюндарынын бири. Архивдик сүрөт.

Көк бөрү - Кыргызстанда күйөрманы көп улуттук оюндардын бири. Ал ар жылы түркүн майрамдарда, мааракелерде республикалык масштабда да, аймактарда да жеке жактардын уюштуруусу менен өткөрүлүп келет. Тилекке каршы, улакчылар көк бөрү тартып жүрүп катуу жаракат алып ооруканага түшүп, айрымдары майып болуп калган учурлар да катталган.

5-февралда Ысык-Көлдүн Каракол шаарында көк бөрү боюнча облустук мелдештин жүрүшүндө 24 жаштагы улакчы башынан катуу жаракат алып, комага түшкөн. Ага Ысык-Көл облустук бириккен клиникалык ооруканасында дароо операция жасалып, абалы "өтө оор" деп бааланган болчу. Кыргызстанда соңку кездери көк бөрүнүн коопсуздугу боюнча маселе байма-бай көтөрүлүп келет.

"Сары-Өзөн" командасы камсыздандыруу полисин алып жаткан учур.
"Сары-Өзөн" командасы камсыздандыруу полисин алып жаткан учур.

"Федерациянын талаптарын так аткарсак, улуттук оюн өнүгөт"

1-мартта Көкбөрү федерациясы менен Камсыздандыруу компаниясынын келишиминин негизинде “Сары-Өзөн” командасынын бардык оюнчулары алгачкылардан болуп камсыздандыруудан өтүштү. Команданын жетекчиси Манас Дөөлөталиев буларды билдирди:

Манас Дөөлөталиев.
Манас Дөөлөталиев.

“Көк бөрү федерациясынын “полис албагандар расмий оюндарга катышпайт” деген чечимин туура эле көрүп жатабыз. Себеби ат үстүндөгү оюнда ар кандай кырсык болушу мүмкүн. Мурда ар бир оюнга камсыздандыруу тариздеген учурлар болуптур. Мисалы, Нооруз майрамында оюн болсо, бир айлык полис алышчу экен. А бул жерде пилоттук кадам болгондуктан, бир жылдык камсыздандыруудан өтүп жатабыз. Демек, полис алган оюнчу расмий оюндан жаракат алса да, аймактардагы жөнөкөй беттештен жаракат алса да, мамлекеттик мекеме дарылануу чыгымын төлөп беребиз деп жатышат. Биз федерациянын талаптарын так аткара берсек эле улуттук оюн өнүгөт деген ойдомун. Мисалы, кайсы бир команда Нооруздагы же 9-май майрамындагы оюндарга чыкпай калса, кийинки беттешке киргизбей коюш керек. Ошол эле маалда коопсуздук үчүн футболдогу эле айрым эрежелерди көк бөрүгө ылайыктап иштеп чыкса да болот”.

"Сары-Өзөн" командасы камсыздандыруу полисин алып жаткан учур.
"Сары-Өзөн" командасы камсыздандыруу полисин алып жаткан учур.

Өнүккөн өлкөлөрдө колдонулган тажрыйба

Мамлекеттик камсыздандыруу мекемесинин Чүй-Бишкек филиалдарынын жетекчиси Майрамбек Касиевдин айтуусунда, көкбөрүчүлөр менен биринчи жолу ушундай документке кол коюлуп жатат:

Майрамбек Касиев.
Майрамбек Касиев.

“Бул камсыздандыруунун ичине ар кандай кырсыктын түрлөрү жана жаракаттар кирет. Ага ылайык, оюнчулар турнирдин жүрүшүндө кандайдыр бир жаракат алса, Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы 200 миң сомго чейин медициналык чыгымды төлөп бермекчи. Муну келишимде да көрсөттүк. Көкбөрүчүлөр менен алгачкы ирет ушундай келишимге кол коюп, полистерин тапшырып жатабыз. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай камсыздандыруунун түрлөрү кенен жайылган. Бизде камсыздандыруунун эки түрү бар: милдеттүү жана ыктыярдуу. Ыктыярдуу камсыздандыруунун ар тармактагы түрү көп. Жарандар ден соолугунан баштап буюм-тайымынан бери камсыздандырса болот. Буга азыр уруксат да, шарт да бар. Биз мамлекеттик мекеме катары биринчи көкбөрүчү жигиттерибизге кол сундук. Бүгүн да эки командага камсыздандыруу полисин жазып берип жатабыз”.

“Азаттык” февраль айында көк бөрүнүн коопсуздугу тууралуу макала жарыялап, анда 29 жаштагы Анур Жээнбек уулунун тагдыры тууралуу да учкай кеп кылган. Ал 2022-жылдын октябрында Токтогул районунун Совет айылында өткөн көк бөрү оюнунда аттан жыгылып, моюн омурткалары сынып, жүлүнүнө доо кеткен.

Улакчынын жубайы Канышай Жакыпбек кызынын айтымында, жолдошу Түркияда узак дарылануудан өткөн, бирок баса элек.

Коопсуз баш кийим жана тайказан

Буга чейин Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев оюнчулардын ден соолугун, өмүрүн сактоо максатында атайын баш кийимдер сунушталганын жана коопсуз тайказандарды көбөйтүү аракеттери жүрүп жатканын билдирген.

Рамис Жунусалиев.
Рамис Жунусалиев.

“Албетте, бир эле көк бөрүдө эмес, жалпы спорт дүйнөсүндө жаракат алган учурлар болот. Биздин федерация да коопсуздукту ойлоп, колдон келишинче иш алып барып жатабыз. Маселен, азыр тийиштүү адистер менен сүйлөшүп, көк бөрүдө кийиле турган коопсуз баш кийим чыгара баштадык. Аны сыноодон өткөргөндөн кийин, бардык командаларга беребиз. Бул баш кийим хоккейчилердикине окшоп кетет, бирок көк бөрүгө ылайыкталган шлем болот. Андан сырткары биз эрежелер боюнча да иштеп жатабыз. Мисалы, оюн учурунда ат менен катуу сокку урдурган көк бөрүчүлөр катаал жазаланат. Эгерде кимде ким бул эрежени бузса, бир жылга чейин оюндан четтетилиши да мүмкүн. Буюрса март айында расмий оюндар башталганда ушул эрежелер иштей баштайт”, - дейт федерация президенти.

Рамис Жунусалиев өлкөдө өткөн жылдын август айынан бери оюндарда жаңыдан иштелип чыккан жумшак, коопсуз тайказандар колдонула баштаганын айтууда. Анын сөзүнө караганда, баасы бир миллион сомду чапчыган тайказандар эми ар бир облус борборлоруна коюлат:

“Бүгүнкү күндөгү бул тайказандар эң коопсуз. Ал көп жылдар аралыгында иштелип чыкты. Бир топ оюн өттү, бирок ага барып урунуп бир да бала жаракат алган эмес. Жогорку лигада, биринчи лигада ойногон көкбөрүчүлөрдүн пикирин уктук, алардын да купулуна толуптур. Бул тайказандар айнек-була менен тургузулат. Ага ат урунганда сынып кетпейт, жумшак тосулат. Анын үстүнөн он сантиметрлик добуш басаңдатуучу материал чапталат. Кайра анын үстүнөн калың желим капталат".

Астанада быйыл өтө турган Көчмөндөр оюнуна көк бөрү киргизилген эмес. Көк бөрү федерациясынын маалыматына караганда учурда казак тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Боордош элдин көк бөрү жана көкпар оюндарынын эреже, элементтери дээрлик бирдей эле болгону менен, казак тарап тайказандан баш тарткан. Быйылкы өтүүчү Көчмөндөр оюндарына көк бөрүнүн кирбей калышына да дал ушул тайказан себеп болуп келет.

Көк бөрү оюнунун азыркы эрежесин 1996-жылы режиссер Болот Шамшиев менен жазуучу Темир Дүйшекеев иштеп чыккан. Оюндагы негизги эреже катары бир командада 12 чабандес 12 ат менен 20 мүнөттөн үч айлампа ойноп, оюн талаасында бир учурда ар командадан төрттөн оюнчу чыгары жана улак тайказанга салынары белгиленген.

Ал эреже 2001-жылы түзүлгөн Эл аралык Көк бөрү федерациясы тарабынан да колдоо таап, уюмга мүчө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын өкүлдөрүнүн арасында өлкө аралык мелдештер уюштурула баштаган.

Бул тартип 2013-жылга чейин сакталган. Ошол жылы Астана шаарында көк бөрү боюнча алгачкы Азия чемпионаты ошол эреже менен өткөн.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG