Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Назарбаевден кечирим сураган аткаминерлер


Мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев сотто.
Мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев сотто.

Коррупция жана мамлекеттик мүлктү уурдоо боюнча соттолуп жаткан Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев президент Нурсултан Назарбаевден жана элден кечирим сурады. Мурда Казакстанда сотто айыпталган аткаминерлер "элбашыдан" кечирим сурап, эркиндикке чыккан учурлар болгон.

37 жаштагы Куандык Бишимбаевди былтыр январда Коррупцияга каршы кызмат камакка алган. Ал “министрликтен мурда “Байтерек” холдингин жетектеп турганда Кызыл-Ордо шаарындагы айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн миллиарддаган теңгени уурдаган жана коррупциялык схема түзгөн” деп айыпталууда. Аны менен кошо дагы “Байтеректеги” жетекчи кызматтарда иштеген Бахыт Жаксыбаев, Аслан Жакупов баштаган 22 киши соттолуп жатат.

8-январда Астанадагы сот жараянында Куандык Бишимбаев көрсөтмө берүүдөн баш тартып, өзүнө тагылган айыптарды мойнуна алган жок. Ал ишенимди актабаганы үчүн Назарбаевден кечирим сурап, аны чогуу иштегендер алдап кеткенин айткан:

- Мен тааныган, мен ишке чакырган адамдар - Жаксыбаев, Жакупов жана башкалар мени уят кылышты. Бул үчүн өлкө башчысынын алдында жооптуумун. Президенттин ишеничин актабаганым үчүн уялып турган кезим. Кадр тандоодо жаңылып, мени жана ишеничимди колдонуп кеткен адамдарды жакындатып алыпмын. Мамлекет башчысынан жана бардык элибизден бул үчүн кечирим сурайм.

Казакстанда сотто айыпталган аткаминерлер "элбашыдан" кечирим сурап, эркиндикке чыккан учурлар болгон.
Казакстанда сотто айыпталган аткаминерлер "элбашыдан" кечирим сурап, эркиндикке чыккан учурлар болгон.

Куандык Бишимбаев казак өкмөтүндөгү жаш жетекчилерден болгон. Ал «Болашак» деп аталган президенттик программа боюнча АКШда билим алган. Кийин «Самрук-Казына» улуттук бакубаттуулук фондунун жетекчилигинде жана президенттин жардамчысы болуп чоң кызматтарда турган. Экономика министрлигинин башчылыгына 2016-жылдын 6-майында келип, жети ай жетектеген.

Бишимбаев кээ бир сурактар анын адвокаты жок өткөнүн, айыпты моюнга алдыруу үчүн кысым көрсөтүлгөнүн айтып, тергөө башынан эле аны бир тараптуу айыптоого өткөнүн белгиледи.

- Айыпталуучулардын айрымдары мени менен бетме-бет кездешкенде, видеону карап көргүлө, ыйлап жиберишти. Бул тергөөнүн кысымынан жана аргасыздыктан, мени тааныбагандар дагы мага каршы көрсөтмө берип жатышты. Мындай кысымды мен өзүм дагы сездим.

Анткен менен аны менен кошо айыпталып жаткандардын айрымдары өз күнөөлөрүн мойнуна алышып, прокурорлор менен кызматташууга макул болушкан.

Казакстанда соңку жылдары бир нече жогорку даражадагы аткаминерлер коррупцияга айыпталып эркинен ажыратылышкан. Былтыр январда Мамлекеттик пенсия фондунун башчысы Руслан Эрденаев жана каржы бөлүм башчысы Муса Бахтов абакка кесилген.

Казакстанда паракорчулукка айыпталган аткаминерлер сотто күнөөсүн моюнга алып, президент Нурсултан Назарбаевден кечирим суроо менен эркиндикке чыгышы кадимки көрүнүш болуп калды.

2015-жылы декабрда мурдагы премьер-министр Серик Ахметов соттогу акыркы сөзүндө Назарбаевден кечирим сураган. Анда Ахметовго 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Бирок апелляцилык сот өкүмдү 8 жылга кыскарткан. Кийин амнистия каралып, 2017-жылы сентябрда экс-премьер эркиндикке айрым чектөөлөр менен чыккан.

Серик Ахметов.
Серик Ахметов.

2014-жылы Павлодар облусунун мурунку акими Ерлан Арын сотто “президентти уят кылганы” үчүн комчулук алдында кечирим сураган. Анда алдамчылык, паракорчулук жана кылмыштуу жол менен табылган акча каражаттарын мыйзамдаштыруу боюнча күнөөлүү деп табылган Арын үч жылга абакка шарттуу кесилген. Ал мамлекеттик казынадан 1,6 миллион теңгени кыянаттык менен уурдап алганы айтылып келген.

2011-жылы коррупцияга айыпталып, жети жылга кесилген саламаттык сактоо министри Жаксылык Доскалиев дагы сотто эл башчысынан кечирим сурап, бир жылдан кийин эркиндикке чыккан.

2013-жылы Бажы көзөмөлү боюнча комитеттин мурунку жетекчиси, паракорчулукка айыпталып, он жылга абакка кесилген Серик Баймаганбетов Назарбаевдин кечирими менен эки жылдан кийин шарттуу бошотулган.

2015-жылы Караганды облусунун мурунку акими Бауржан Абдишев коррупцияга айыпталып, беш жылга кесилген. Сотто ал “президент менен элге ак ниеттик менен кызмат өтөгөнүн” айтып, эркиндикке шарттуу бошотулган.

Монополияларды көзөмөлдөө боюнча агенттиктин мурдагы башчысы Мурат Оспанов дагы убагында паракорчулук үчүн соттолуп, Назарбаевге кечирим сурап жазган катынан кийин сот аны айып пул менен бошоткон.

Казакстанда президенттен кечирим сураган аткаминерлер. Инфографика казак тилинде.
Казакстанда президенттен кечирим сураган аткаминерлер. Инфографика казак тилинде.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG