Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Карагандыдагы каргаша: Кенде каза тапкандар 40тан ашты


Казакстандын Караганды облусундагы Костенко атындагы шахтада болгон кырсыктын курмандыктары 43кө жетти.

Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги таркаткан маалыматка ылайык, 43 кишинин денеси табылган. Дагы үч кенчи изделип жатат. Каргашадан улам 29-октябрь Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды.

«Же тирүүсү, же өлүүсү белгисиз»

Кенчилердин ондогон туугандары шахтанын кирүү пунктунда жакынын күтүп турат. Кендин оозунда "Тез жардам" жана полициянын машинелери, журналисттер жүрөт. Костенко атындагы шахтадагы ишемби ушинтип өттү.

— Бул жерде менин жээним иштечү. Тирүүлөрдүн да, өлгөндөрдүн да арасында жок. Маркумдардын көбүн тааныша элек, - деди ал жерде турган эркек журналисттерге.

Түшкө жакын шахтерлордун туугандарын кендин аймагына киргизишти.

- Мен бул жерге кесиптештерим тууралуу билгени келдим, - деди үнү каргылданган дагы бир кенчи. Мен дагы ушул жерде иштейм, кырсык болгон кезде эмгек өргүүсүндө элем.

- Ушундай болорун билгенбиз, - деп күрсүндү анын жанында турган эркек.

Күндүн экинчи жарымында казак президенти Касым-Жомарт Токаев кырсык болгон жерге - "Арселор Миттал Темиртау" компаниясына таандык Костенко атындагы шахтага барып, маркум кенчилердин жакындары менен жолугушту. Аларга көңүл айтып, кырсыктын себептери иликтенип, куткаруу операциясы уланып жатканын билдирди.

Шахтадагы кырсык: казак президенти көңүл айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевге Караганды облусундагы шахтада болгон трагедияга байланыштуу жеке өзүнүн жана жалпы кыргыз элинин атынан көңүл айтты.

Садыр Жапаров көңүл айтуу телеграммасын жолдоп, оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.

"Каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүн жана жакындарын кайраттуу болууга чакырып, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм”, - деп жазылган президенттин телеграммасында.

Адам өлүмүнө алып келген бул кырсыктан кийин Казакстандын бийлиги кенди иштеткен "АрселорМиттал Темиртау" компаниясы менен кызматташтыкты токтото турганы белгилүү болду. Компания Карагандыдагы бул көмүр бассейни менен ири металлургиялык комбинатты 1990-жылдары менчиктештирүү кампаниясы жүрүп жатканда сатып алган.

Саат сайын көбөйгөн өлүм...

Ишембинин таңында Казакстанды кайгылуу кабар аралады. Костенко шахтасында өрт чыгып, адамдар каза болду. Кенди иштеткен компаниянын маалымдашынча, өрт метан газы жарылгандан улам тутанган.

Караганды облусунун акими Ермаганбет Булекбаев Фейсбукка кырсык болгон учурда жер астында 252 кенчи иштеп жатканын жазды. Кенчилердин айрымдарын куткарышкан. Тышка чыкчу жол бөгөттөлгөндүктөн ондогон адамдар жер астында кала берүүдө.

Иске ууланган 15 адам токсикология бөлүмүндө жатат. Бирөө бир канча сынык менен жандандыруу бөлүмүнө, бирөө травматологияга жеткирилгенин облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бибигүл Түлегенова билдирди.

Башкы прокуратура кырсыкка байланыштуу "Тоо-кен жана курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын бузуу" беренеси менен иш козгогонун маалымдады.

Кырсыктын чыгуу себебин изилдөө жана кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, аны премьер-министр Алихан Смаилов жетектей турганы маалым болду.

Карагандыга өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шарипханов келди, ал кырсыктын кесепетин жоюу штабын да жетектей турганы айтылды.

Караганды, Казакстан.
Караганды, Казакстан.

Кайталанган кырсык

Каргаша "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык "Казакстан" шахтасында болгон кырсыктан эки ай өткөндөн кийин кайталанууда.

Августтун ортосунда ал жерде болгон кырсыкта беш кенчи каза тапкан. Өткөн жылы ноябрь айында Ленин атындагы шахтада болгон кырсык беш өмүрдү алса, андан жарым жыл мурда Темиртау металлургиялык комбинатында конструкция кыйрап, төрт киши өлгөн.

Мурдагы жылдары болгон кырсыктарды бийликтер "күтүлбөгөн кырсык" деп атап келген. Ардагер шахтерлор жана карагандылык коомчулук мындай түшүндүрмөнү сындашкан. Алар шахтада коопсуздук маселесине келгенде акча үнөмдөлүп, компания кенчилерге кам көрүү ордуна көбүрөөк пайда табууга ыктап калганын айтышкан эле.

Бул жылы казак бийлигинин риторикасы өзгөрдү. Жогору кызматтагы аткаминерлер августтагы кырсыктан кийин күн тартибинде шахта менен комбинаттын "кожоюнун алмаштыруу" маселеси турганын айта башташкан. Буга алар "АрселорМиттал Темиртау" модернизация жана инвестиция боюнча милдеттерин аткарбай жатканын жүйө келтиришкен. Бирок андан бери чечкиндүү аракеттер байкалган эмес. 19-сентябрда өнөр жай жана курулуш министри Канат Шарлапаев журналисттерге жолукканда кенди улутташтыруу жөнүндө сөздү четке кагып, мындай кадам "инвестициялык климатка" сокку урарын айткан.

Бирок 28-октябрда баары өзгөрдү көрүнөт. Ак ордо адегенде Касым-Жомарт Токаев "АрселорМитталТемиртау" компаниясы менен инвестициялык кызматташтыкты токтотууга тапшырма бергенин кабарлады.

Көп өтпөй президенттин басма сөз кызматы Токаев Караганды облусуна "кырдаалдын чоо-жайын билүү жана тиешелүү чара көрүү үчүн" барганын билдирди.

Касым-Жомарт Токаев каза болгон кенчилердин жакындары менен жолугушууда. 28-октябрь, 2023-жыл.
Касым-Жомарт Токаев каза болгон кенчилердин жакындары менен жолугушууда. 28-октябрь, 2023-жыл.

Казак өкмөтү ишкананы "Казакстан Республикасынын пайдасына" кайтаруу аракети жүрүп жатканын билдирип, активдерди башка чет элдик инвесторлорго берүү маселеси каралбай турганын кошумчалады.

Теги индиялык британ миллиардери Лакшми Митталга таандык "АрселорМиттал Темиртау" компаниясы өкмөттүк чиновниктердин сөзүнө комментарий берген жок. Компания "Азаттыктын" казак кызматынын суроолоруна жооп берүүдөн да баш тартты. Астананын аны менен кызматташууну токтотуу билдирүүсүнө да реакция кылган жок.

Финансы жааты боюнча эксперт Расул Рысмамбетов "АрселорМиттал Темиртау" акыркы жылдары айлана-чөйрөгө байланыштуу жана коопсуздук маселесинде көбүрөөк сынга кабылып келгени менен узак убакыт бою "өкмөттүн сүйүүсүн колдонуп" келгенин айтууда. Ал азыркы кырдаал Астана үчүн келечекте чоң көйгөй болушу мүмкүн деп эсептейт.

"Бүгүн президент "Арселор" мындан ары иштебей турганын айтты. Азыр эң башкысы Анатол Стати ( Казакстанды мунай бизнесин тартып алганы үчүн эл аралык сотко берген молдовалык бизнесмен-ред.) менен болгон кырдаалдай балчыкты басып албоо. Бул жерде актив Статиникинен көбүрөөк, эгер өкмөт жаңылса, доонун суммасы 20-30 ирет чоң болот. Эң алгач инвестор өз милдеттерин, мыйзамды бузганбы же жокпу, ага ким жардам бергенин аныктап алуу керек. Андан кийин коопсуздук техникасын текшерип, мурдагы кырсыктарды анализдеп, өндүрүшкө аудит жүргүзүү абзел. Мамлекеттик аппарат аны кыла алабы же жокпу белгисиз. Баары татаал. Канча киши өлүп аткан учурда "Кет, болду иштебейсиң" деп айтуу оңой эмес. Бирок президенттин айтканын иш жүрмөйүнчө тапшырма катары кабыл алууга болбойт. Бул канчага созулат ким билет. Менимче өкмөттүк аппараттан эч ким тоскоол болбосо, жарым же бир айда иш бүтөт", - деди эксперт.

Костенко атындагы шахта. Караганды.
Костенко атындагы шахта. Караганды.

"АрселорМиттал Темиртау" компаниясы ири активге - Карагандыдагы сегиз көмүр шахтасына, союз маалында курулган меткомбинатка, тоо-кен байытуу фабрикасына жана Темиртаудагы инфраструктуралык объекттерге ээ. Булардын баары анын колуна 1990-жылы өткөн. Келишимдин суммасы ачык айтылган эмес.

Расмий маалыматтарда "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын объекттеринде акыркы 15 жылда 100дөн ашуун адам каза тапкан. Ишемби күнү болгон кырсык тизмеге дагы отуздан ашуун кишинин атын кошту.

"Азаттыктын" казак кызматынын макаласы

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG